Жанар Акаев, президенттин басма сөз катчысы: «БАЯГЫ ЭЛЕ ЖАНАР БОЙДОН КАЛГЫМ КЕЛЕТ»

№640 6-январь-12-февраль, 2015-ж

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчылыгына Жанар Акаевди дайындоосу бийликке аброй алып келчү кадам болду. Карапайым калктын ичинен өз жөндөмдүүлүгү, аракети менен эл оозуна алынып, эч бир кланга кошулбаган, батышчыл да, орусиячыл да эмес, нукура кыргыз үчүн күйгөн жаш жигит, кыска убакыттын ичинде башы көрүнүп калган журналист жоопкерчиликтүү кызматка келди. "Жаӊы муунду бийликке алып келүү керек" деген сөздү иш жүзүнө ашыра баштаган президент мөөнөтү аяктаганга чейин жаӊы саясий элитанын түптөлүшү керектигине дайым басым жасап келет. Жооптуу кызматтарга келген жаш кадрлар катары билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны, башкы прокурор Индира Жолдубаеваны, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков менен маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмазбек Усеновду, премьер Жоомарт Оторбаев кызматка алып келген өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Гүлнура Төралиеваны үлгү катары көрсөтсөк болот.

– Жанар, президенттин басма сөз катчысы болуу сунушу түшкөндө сизди ойлонткон биринчи маселе эмне болду?
– Сунуш түшкөндө мен ойлонууга уруксат сурап, бирок көп өтпөй макулдук бердим. Биринчи кезекте өзүм менен өзүм кеӊештим, президент ишеним көргөзүп жаткан соӊ тазалануу жолундагы мамлекетибиздин алдыга жылышына колумдан келишинче салым кошоюн дедим. Жакынкы күндөрү «Азаттыктын» башкы кеӊсеси жайгашкан Прага шаарына узак мөөнөттөгү келишим менен жумушка бармакмын. Андан да баш тартып, мамлекеттик кызматты тандаганга туура келди.
– Кызматтык дайындоодон кийин буга чейинки президенттин басма сөз катчылары болуп иштешкен Султан Каназаров, Кадыр Токтогуловго сизди салыштыруу күч алды. Жаӊы кызматка киришүү алдында өзүӊүз үчүн кандайдыр бир тартип иштеп чыктыӊызбы?
– Биз, жаӊы муун, эски саясатчылардын жолун тандабашыбыз керек. Алар эмне дейт? "Менин ордумда мурда баланча иштечү, ал муну жасаган эмес, начар иштеген, анан мен кантип тез убакытта өзгөртөм?" деп догурунуп отурушат. Кадыр Токтогуловдун ишине оӊ баа берем, ал иштеп турганда деле өлкө башчысынын иштерин жаап-жашырган учур болгон жок. Экинчиден, Кадыр Токтогуловду жакындан тааныган киши катары айтсам, ал дагы абдан мамлекетчил адам. Тартип боюнча сурап жатасыз, менин түбөлүк тартибим бар, бул ачыктык, тазалык, уурулукка каршы күрөш жана өлкөгө жардам берүү. Мындан ары да жабык болбойм, кандай ачык жана жөнөкөй болсом ошол калыбымдан жазбайм.
Жаӊы кызматка дайындалган күнү интернетте билдирүү жасап, "чындыкты айтуум уланат" деп сөз бердим. Президенттин талабы, тапшырмасы да ушул болду, "чындыктан тайба, таза иште" деди. Мен элдин үнүн бийликке кандай жеткирип келсем, эми аны эки эсе күчөтөм деп турам. Мен баягы эле Жанар бойдон калгым келет.
– Буга чейинки президенттик басма сөз катчылар тууралуу маалыматтарды карап чыктыӊызбы? Сиз үчүн кимиси үлгү боло алат жана кандай сапаттары менен?
– Сиз менин журналисттик ишмердигимди жакшы билесиз, ал кесипте да эч кимди туурабаганга жана өзгөчөлүк киргизгенге дайыма аракет кылчумун, натыйжа чыгарчумун. Ошон үчүн башкалардын ишин карап түздөнгөн учур менде такыр болбойт, маалымат катчылардын таржымалына да кызыккан жокмун. Анткени мен өз табиятым, өзүм көрүп турган чындык менен иштешим керек. Менин позициям ушул – Кыргызстандын бийлиги эмне жасап жатканын бүтүндөй коом билип турушу зарыл жана коомдогу бардык чындык өлкө башчысына бурмаланбай жетиши кажет.
– Журналисттик ишмердүүлүгүӊүздө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чоӊ иликтөөлөрдү алып чыктыӊыз. Эми өзүӊүз мамлекеттик кызматты аркалаганы жатасыз. Коррупциялык системге иммунитетиӊиз туруштук бере алабы?
– Дал ошол коррупцияга, криминалдык чөйрөгө сокку урган олуттуу телекөрсөтүүлөрдөн кийин коомчулук дагы, бийлик дагы жакшы реакция кылды. Президент менен жолугушууда ал киши мөөнөтүнүн аягына чейин коррупцияны азайтып, өлкөнү коррупционерлерден арылтууга жетишүү башкы максаттарынын бири экенин айтты. Буга мен дагы, сиз дагы, экөөбүздүн маекти окуп жаткан окурман дагы салым кошушу керек деп эсептейм.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(19)
09.02.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик Кудай колдосун. Ийгилик.
09.02.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанар мырза таза иштеген адам. Бул ишти алып кетери анык. Ийгилик сизге.
10.02.2015. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bikusim, Чындыкты айта турган болсо, коп иштебейт го... Атамбаевдин айтканын айтат да.
09.02.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын убакыт корсотот,алдын ала бир нерсе деп айтуу кыйын.
09.02.2015. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанар сага ийгилик азамтсын !!!!
09.02.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунуз айткандай таза иштениз ишинизге ийгилик.
09.02.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Жанар, ишине ийгилик. Озун айткандай Кыргызстандын бийлиги эмне жасап жатканын бүтүндөй коом билип туруусуна жана коомдогу бардык чындык өлкө башчысына бурмаланбай жетишине ишенебиз.Кыргызстаныбыздын келечеги жаштарда.
09.02.2015. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Азаматсыз
09.02.2015. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын
09.02.2015. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик.
09.02.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барганча таза иштейм деп барат депутаттын баарысы.сен деле алардан кем калбайсын .ак уйго жеткенче таза жеткенден кийин озун билесин да калганын.
10.02.2015. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janar azamat, dagy onugup os, oido jakka kotorul!!!
10.02.2015. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ийгилик сага.
10.02.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акаев Атамбаевдин пресс катчысы болуптур деп угуп чочуп кетиптирмин андан кийин билип суйундум.
11.02.2015. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен билгенден Кичине бийлике каршы суйлойт еле буну да оздору жака тартып алыптырда.Эх чиркин дуйнонун тардыгын кор.
12.02.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
потенциалы кучтуу,ишине ийгилик.Жанар Акаев
12.02.2015. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм,Алла билет эми!биздин Кыргызсдар баары эле ошентип барышат башында
14.02.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Дал ошол коррупцияга, криминалдык чөйрөгө сокку урган олуттуу телекөрсөтүүлөрдөн кийин коомчулук дагы, бийлик дагы жакшы реакция кылды" деп жатат. Дагы бир нерсени баштабасын бул бала деп койгондур АША. Убакыт корсотот...
15.02.2015. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик,убадасын аткарат деп ишенип туралы.Баарын убакыт көрсөтөт..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо