ДЕН СООЛУККА ЗЫЯН КЕЛТИРБЕЙ СЕМИРИП- АРЫКТАЙБЫЗ!

№641 13-февраль-19-февраль, 2015-ж

Айрымдар өзүн толукмун деп эсептесе, кээ бирлери, тескерисинче, арык келбетинен уялышат. Бул кемчиликтерди жоюуну көздөгөндөрдүн саны да арбын. Эмесе, ден соолукка зыян келтирбей толуунун жана арыктоонун жолдорун билип алыӊыз.

УГУТ – АРЫКТООНУН ГАНА ЭМЕС, ЖАШАРУУНУН ДА ЭЛИКСИРИ
Буудайды өндүрүү ыкмасы менен арыктайт деп уктуӊуз беле? Буудайды сууга өндүргөндө анын курамындагы В витамини 6 эсе, ал эми Е витамини 100 эсеге көбөйөт. Ал эми андагы крахмал угут кантына айланып, ашказанда сиӊирүү процессин күчөтөт. Баса, өнгөн буудайдын даамы сизге анча жага бербеши мүмкүн. Эӊ башкысы, өнгөн буудайды пайдаланууда организмдеги зат алмашуу процесси жакшырып, адам ашыкча салмактан арылат.
Эскертүү: Бул ыкма менен айымдар да, мырзалар да арыктаса болот.

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ
1. 80-100 грамм буудайды алып, сууга жууйбуз. Үстүнө чыгып калган буудайларды калпып алып салабыз. Тарелкага 2-3 сантиметр кылып текши жаябыз. Үстүнө таза сууну буудай жабылгыча куюп, бетин даки менен жаап коёбуз. Бөлмө температурасында 24-30 саат турган буудай ак соё болуп өнө баштайт. Өнгөн өсүндү 1-2 миллиметр гана болуусу шарт! Мындан ашып кетсе ал пайдалуулугун жоготуп, арыктоого натыйжа бербей калат.
2. Мындан соӊ өнгөн буудайды кайра сууга жууйбуз. Эми эртеӊ менен, түштө, кечинде 1 чай кашыктан жеп коюу керек. 1 чай кашыкты 1,5 мүнөт чайноо кажет. Бул 55-60 ирет чайнаганга барабар болот. Натыйжа бир айдан кийин билинет.
3. Же болбосо 1 чай кашык буудайды эт туурагычтан өткөрүп, 1 стакан сууга аралаштырып алыӊыз. Масса толугу менен агаргыча аралаштырсаӊыз, буудай сүтүнө айланат. Бул дагы өтө пайдалуу суусундук.
4. Буудайды өндүрүп алгандан кийин анын даамына дароо көнүп кете албайсыз. Андыктан аны түрдүү жемиштер, мейиз жана капустаны майда туурап, аралаштырып жесеӊиз да болот.
5. Мындан сырткары спорт түрлөрү: чуркоо, футбол ойноо, үй шартындагы физикалык көнүгүүлөр менен өнгөн буудайды комбинациялап алсаӊыз, анда аз эле убакыттын ичинде максатыӊызга жеттим дей бериӊиз.
6. Аталган рецепт канды кислород менен байытат. Түрдүү инфекциялардын вирустарын өлтүрүп, иммунитетти көтөрөт. Клеткалардагы уулуу заттарды, холестеринди, ашыкча майларды чыгарат. Көздүн көрүүсүн жакшыртат. Чачтын өсүшүн жөнгө салат. Жүрөк – кан тамыр системин бекемдейт. Теринин жакшырышын шарттап, жашарууга багыттайт. Мындан сырткары, адам күч-кубатка ээ болуп, шайдоот жүрө алат.

ЭРКЕКТЕР ҮЧҮН САЛМАК КОШУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ

  • Өзүӊүздү психологиялык жактан «семирем» деп даярдаӊыз.
  • Бат-бат тамактаныӊыз. Күнүнө 5-6 жолу азыктануу көптүк кылбайт. Бирок семириш керек деп эле болушунча тоюп алуу болбойт.
  • Эртеӊ менен сүткө бышырылган манна боткосу. Бир саат өткөндөн кийин мөмө-жемиш. Түштө салат, күрүч, гречка, макарон. Кечкисин жашылчадан жасалган даам, жемиш ширеси.
  • Көп эс алыӊыз. Уктоо убактыӊыз 8-9 сааттан кем болбошу керек.
  • Спорт менен машыгуу салмак кошууга натыйжа берет. Бирок салмак кошуу боюнча атайын көнүгүүлөрдү машыктыруучудан сурап алганыӊыз оӊ. Сиздин машыгууӊуз 1 сааттан ашпашы керек.
  • Машыгуу алдында 100 грамм кургатылган жемиш, анан сөзсүз суюктук ичүүнү унутпаӊыз.
  • Машыгуудан чыккандан 10 мүнөттөн кийин 1 банан, ал эми 40 мүнөттөн кийин таттуу кошуп 100 грамм быштак жеӊиз.
  • Жан кыйнаган кара жумушка көп жакындабаӊыз.

КЫЗДАР ҮЧҮН ТОЛУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ

  • Эртеӊ менен колдон келсе кургатылган мөмө-жемиш, сүт, бал кошулган чай жана манна боткосун жесеӊиз болот. Эртеӊ мененки тамактанууну эки бөлүккө бөлүп алыӊыз.
  • Биринчи банан, сүт, мейиз же болбосо алма, өрүк кактарын жеӊиз.
  • Экинчи бөлүгүндө 30 грамм жаӊгак, 150-200 грамм жүзүм, бир эки даана алма, май токоч же каймак, сары май сүйкөп нан жесеӊиз жетиштүү.
  • Түшкү тамактанууда салат жеӊиз. Картошкадан жасалган пюре, макарон, 200 грамм эт, балык. Андан кийин табитиӊиздин тартышына карап таттуу пирожное жеп коюӊуз. Суюктук катары сүт кошулган кофе ичүүнү унутпаӊыз.
  • Түштөнүүдөн 2-3 саат өткөн соӊ бир кесим нан менен жашылча-жемиштерден жасалган салат жеп туруу кажет.
  • Кечки тамак жашылча-жемиштер кошулган болгону жакшы. Андай мүмкүнчүлүк болбосо демделген күрүч, гречка жесеӊиз болот. Суюктук катары бал же сүт кошулган чай. Камыр тамактарды семиртет деп кечкисин жеп, тоюп жатып алсаӊыз ашказаныӊыз аш кыла албай кыйналып калат. Камыр тамактарды жегенге түшкү учур ылайыктуу.
  • Эртеӊ менен арпа шагынан же сулудан жасалган 200 грамм ботко. «Ой, бул кантип семиртет?» деп ойлошуӊуз мүмкүн. Булардан жасалган ботко сиӊимдүү, калорияга бай азык катары эсептелет. Даярдоодо сууга эмес, сүткө бышырып жеш керек. 2 кесим нанга сыр, колбаса коюп жеп, 200 грамм шекер кошулган чай ичип алыӊыз.
  • Эки саат өткөн соӊ мөмө-жемиш жеп туруӊуз.
  • Түштөнүү маалында 200 грамм борщ, 150 грамм картошка менен жасалган пюре, 200 грамм чай же шире, бир-эки кесим нан. Табитиӊизге жараша 200 грамм таттуу пирожное жеп коюӊуз. Эгерде таттууну жактырбасаӊыз, 50 грамм нанга каймак май сүйкөп жесеӊиз болот.
  • Түштөнүүдөн эки саат өткөн соӊ алма, банан, шабдалы, алмурут, курма, коон же жемиш кактарын жесеӊиз да болот.
  • Ар бир эки саатта тамактанууну уланта бериӊиз. Помидор же бадыраӊ, капустадан жасалган салат, чай наны менен.
  • Кечки тамактанууда эт, быштак же куурулган жемиш пайдалуу.
  • Кечки тамактан эки саат өткөндөн кийин айран же сүт кошулган чай ичиӊиз. Бул учурда нанды жебегениӊиз дурус.
  • «Тамактандым, эми Кудай берет» деп чалкалап жатып алуудан майнап чыкпайт. Спорт менен машыгуу зарыл. Анын натыйжасын айрымдар бир айдан кийин көрсө, кээ бирлер эки жумадан соӊ сезе баштайт.
  • Оор кыймылдарды жасоодон, тер чыкканча бийлөөдөн алыс болуӊуз. Машыгуу залына жумасына 3 жолу барып, булчуӊдарды чыӊдоочу көнүгүүлөрдү жасап туруӊуз.

Гүлжан Асанкожоева,
Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(44)
16.02.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда 3 4кило семириш керекмин
16.02.2015. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Семирип эле жатып калат экенбиз жакшы кенешти окуп.
16.02.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен тажадым ай качан семиресин деген создордон
16.02.2015. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meli12,кыздарга тескерисинче арык болгону жакшы жарашатго э
16.02.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат супер инфо арыктоо туралуу маалыматтарды дагында башка усулдарынан берип турунуздар
16.02.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентип королу семирсек элек болду.
16.02.2015. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кунумдук тамактануумдун тартиби ушундай эле,бирок мен семире албай жатам((
15.04.2015. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayildik_kiz,семириш учун кулак да тынч болуш керек
16.02.2015. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мырзалардын салмак кошуусуна дагы бир себеп бар,ал тамеки жана насвай ушу зыян нерселерди таштаса дагы адам салмак кошот
16.02.2015. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат.даагы кененирек жазуунузду кутобуз.гречка тууралу да жазыныздарчы.
17.02.2015. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy maalymat boldu....
17.02.2015. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу суперинфо тороттон кийин ичти кантип кетирсе болот.же диета бала эмизгендерге ошол темада жазгылачы сураныч.
17.02.2015. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул тема абдан жакты мага.Эми диетаны баштайын....
17.02.2015. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен арыктай албай айлам кетти сексен жетти клограмм болуп кеттим!Бир айдан бери суу ичип арыктамаш болуп атам!го буну да колдонуп коруш керек экен !
18.02.2015. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Leili,боюнардын узуну канча
17.02.2015. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
а мен буттарымды семирте албай айлам кетти. Ичип жегенимдин баары эле курсагыма кеткендей.
17.02.2015. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asiet,спорт менен машыгыныз,приседание,выпады деген конугуулорду жасасаныз бут эле эмес ягодицы да чыгат.
17.02.2015. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вааууу семирип эле жатып калат экенминда эми буйруса.
17.02.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торогондон кийин ич чыгЫп калганды кантип кетирсе болот калган жагым семиргенжок,Маликова деле норма,ичим чыгып кетти.Ичти тарттырыш керек болуп атат
17.02.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aku, aika0906, саламатсыздарбы!
http://www.super.kg/article/?article=30047
17.02.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahmat kenewinerge emi semiret ekenbizda buyrusa
17.02.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркектердин салмак кошуусу боюча дагы материалдарды жазгылачы кененирээк.
17.02.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арыктоо жонундо кобурок жазгылачы?
18.02.2015. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayka0696, саламатсызбы!
Маалыматтар төмөнкү шилтемеде:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=арыктоо+үчүн&x=0&y=0&media_search=1
17.02.2015. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектер кыздар кундо майенез жеп турсанар жана тооктун тошун жесененер семиресинер
18.02.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aku ич кире турган конугуулорду жасаш керек прес жаса жаны торогондо ичти катуурак байлоо керек эле ошондо ич чыкпайт эле бирок азыр коп чулук байлашпайт анан ич чыгып калат.мен 3баланы тородум ичим чыккан жок .
18.02.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер-инфо,а бул буудай диетасы боюнда барлар учун болобу?боюнда барлар учун кененирээк пайдалуу тамактануу жолдору жонундо макалаларды кутом!
18.02.2015. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
семириштин оноюраак вариянтын жазыныздарчы бул жумуштагы адамга бир аз оор экен
18.02.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат сиздерге супер инфо мен эми буудай жеп ерекет кылып кором мен дагы он беш кг арыкташым керек он беш кг арыкташ учун канча убакыт керектелет
20.02.2015. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
oo Kudaiym semirbegender da kop ele eken ee? Jalgyz ele men okshoim dep juro beripmin. Super Info dagy chygargylachy kantip semiruunun joldorun. Aryktoo uchun daiym jazasynar. Semirish kerek erkek kishi semire albai kyinaldyk go.
20.02.2015. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жазылыптыр,бирок форовердин алое гель,чайын эле ичсенер арыктайсынар семиралбай жургондоргода пайдасы чоон!
23.02.2015. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жакта кобу эле арык,стройный окурмандар окшойт,негизи убакыт келгенде кобу эле семирет экен,мен 20-жашка чейин кантип семирем дечумун,азыр 30-га келип,2-баланы торогондон кийин,кантип арыкташ керек деген проблема болуп калды:-)
25.02.2015. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Тамактандым эми кудай берет" деген созунор эле укмуш ко силердин
02.03.2015. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир ай тынбай жеп туруш керекби
18.12.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер, попробуем го
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо