№641 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
Мыйзамсыз жол менен 2 миӊден ашуун паспорт берилген коррупциялык схеманын бети ачылды. Ага катыштыгы бар деп Социалдык фонд жана Мамлекеттик каттоо кызматынын Кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинин тез арада документтештирүү бөлүмүнүн кызматкерлери аныкталган. Мындай маалыматты 11-февраль күнү ИИМден билдиришти. Кабарлангандай, 2012-жылдан 2013-жылга чейин республикада мыйзамсыз жол менен идентификациялык номерин, өздүк маалыматын, аты-жөнүн өзгөртүп паспорт алгандардын саны 2 миӊ 200гө жеткен. Алардын арасында буга чейин соттолгон, издөөдө жүргөн жана чет өлкөдөн депортация болгон кыргызстандык жарандар бар. ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын кызматкерлери иликтөөнүн жүрүшүндө ортомчулук кылып жүргөн Токмоктун тургунунун үйүн тинтүүгө алышкан. Анын үйүнөн 18 паспорт, бланк жана башка Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү жашыруун отчёттор табылган. Органдар тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен 2015-жылдын январь айында эле мыйзамсыз жол менен паспорт берүү боюнча 5 кылмыш иши козголду.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |