БИР БҮРКҮМ

№641 13-февраль-19-февраль, 2015-ж

  • Ош шаарындагы мектептерде 14-февралды СҮЙҮҮ КҮНҮ катары белгилөөгө тыюу салынды. Маалыматты 9-февралда билим берүү башкармалыктын жетекчиси Куштарбек Кимсанов айтты.
  • Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы тарабынан тергөө изоляторлоруна жана жаза өтөө мекемелерине онлайн режиминде каралып жана жазыла турган ВИДЕОКӨЗӨМӨЛ орнотулду.
  • Өлкөдө аскерге чакырылгандардын 90 пайызынын ден соолугу чыӊ эмес. Муну 8-февраль күнү премьер министр ЖООМАРТ ОТОРБАЕВ билдирди.
  • 2014-жылы Кыргызстанга келген ТУРИСТТЕРДИН саны 4 миллиондон ашкан. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 1 миллионго көптүк кылат.
  • 2014-жылы 106 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Ошондой эле өткөн жылы 66 өспүрүмдү ЗОРДУКТОО фактылары катталып, анын ичинен 6 иш тараптардын элдешүүсү менен токтотулган. Ал эми 41 өспүрүм дайынсыз жоголуп, алар бүгүнкү күнгө чейин изделүүдө. Муну 9-февралда ИИМдин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев билдирди.
  • 9-февралда мурунку маданият жана маалымат министри НУРЛАН ШАКИЕВГЕ Шанхай кызматташтык уюмунун өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн юбилейлик медаль тапшырылды.
  • Ички иштер министри МЕЛИС ТУРГАНБАЕВДИН айтымында, бүгүнкү күнгө чейин бир да адамды соттук тартипте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары таанууга мүмкүн болгон эмес.
  • Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин Жогорку Кеӊешке киргизди. Ал буга чейин аталган министрликтин башчысынын орун басары болуп иштеп келген.
  • КТРКнын башкы директорлугунан СУЛТАН ЖУМАГУЛОВ 6-февраль күнү өз арызы менен бошоп, анын ордуна жетекчилик кызматтын милдетин Байкоочу кеӊештин экс-төрагасы ИЛИМ КАРЫПБЕКОВ убактылуу аткармай болду. Ал эми Байкоочу кеӊештин төрагалыгына анын мүчөсү АБДЫ САТАРОВ дайындалды.
  • 2014-жылы 13 милиция кызматкери баӊгизат колдонгону үчүн жумуштан айдалган. Дагы төртөө БАӉГИЗАТ сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Мындай маалыматты ИИМден кабарлашты.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
18.02.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош шаарындагы мектептерде 14-февралды СҮЙҮҮ КҮНҮ катары белгилөөгө тыюу салынды. Маалыматты 9-февралда билим берүү башкармалыктын жетекчиси Куштарбек Кимсанов айтты. ;fusvlee ;fysksr!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо