КАНТКЕНДЕ ЭКИНЧИ ЭЭКТЕН КУТУЛУУГА БОЛОТ?

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж

Ээктин алдына май ткандарынын ашыкча өлчөмдө чогулушу экинчи ээктүү болууга жеткирет. Экинчи ээк көбүнчө толук адамдарда кездешет, бирок арык адамдардын арасында да бул кемчиликтен корунгандар бар. Ал эмнеден улам пайда болот, андан арылуунун жолдору тууралуу маалыматты төмөнкү макаладан билип алыӊыз.

КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ

1. Генетика. Мурунку сүрөттөрдү барактап чыгыӊыз, ата-эне, чоӊ ата-чоӊ эне, таята-таенеӊиздин биринде экинчи ээк болсо, анда сиздеги экинчи ээк тукум куучулуктун белгиси.
2. Май кабаттары. Моюндун жана ээктин айланасы «май тузагы» болуп саналат. Анткени адам семиргенде бул аймактарга май биринчилерден болуп чогулуп, ал эми арыктаганда «жылуу үйүн» акыркылардан болуп таштайт.
3. Жаш курак. Адамдын жашы өткөн сайын организмдеги эластин жана коллаген заттары азайып, серпилгичтүүлүгүн жоготот. Натыйжада моюн териси да ылдый тартыла баштайт.
4. Гормоналдык бузулуу. Айымдар кош бойлуу кезинде, климакс учурунда жана башка гормоналдык алмашуу, бузулуу жүргөндө ээк алдына ашыкча май катмары топтолот.
5. Калкан бези гипотиреоз дартына чалдыкканда экинчи ээк пайда болот.
6. Бүкүрөйүү. Дайыма бүкүрөйүп, башты ылдый салып жүрүү адаты моюндун айланасында кан жүгүртүүнү начарлатып, ээктин алдына май катмарын топтоого өбөлгө болот.

ЭКИНЧИ ЭЭКТЕН АРЫЛУУНУН ЖОЛДОРУ

  • 3 аш кашык сүт, 3 аш кашык бал, 1 чай кашык майдаланган лавр жалбырагы жана майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүлгөн 1 даана пиязды аралаштырабыз. Аралашманы дакиге салып, экинчи ээктин үстүнө 15 мүнөт жаап, анан моюнду жылуу сууга жууп салуу керек.
  • Кечинде жатарда моюнга жана экинчи ээкке айланта йод торчосун чийип чыгыӊыз.
  • Күнүгө эртеӊ менен муздаткычтан атайын калыпка салынган чакан муз бөлүгүн алып, экинчи ээктин үстүнө муз эрип кеткиче сүртүп туруу керек.
  • 1 стакан сууга 1 аш кашык туз, 1 аш кашык арак, 1 чай кашык лимон ширесин же уксус кошуп аралаштырабыз. Эртеӊ менен бетти жуугандан кийин жогорудагы аралашмага жүз аарчыны салып суулап алабыз. Жүз аарчынын эки учунан кармап экинчи ээктин айланасын чапкылап чыгабыз. Бул процедура 10-15 мүнөт уланат.

КӨНҮГҮҮЛӨР:

1. Түз отуруп, башты артка таштап, оозду чоӊ ачып, кайра жабыӊыз. Бул учурда моюндун булчуӊдарына күч келип, тери тартылат.
2. Столго чыканагыӊызды коюп, муштумуӊузду түйүп, экинчи ээкти таянып отуруӊуз. Экинчи ээкке күч келгидей таянып, кайра бошотуп туруӊуз.
3. Түз туруп, эки колду ийинге коюп, моюнду өйдөнү көздөй болушунча созуӊуз. Анан тереӊ дем алып, 10го чейин санап, кайра демди чыгарыӊыз.
4. Түз туруп, башты моюн талыганча оӊ жакка 5 мүнөт, сол жакка 5 мүнөт кыйшайтып туруу керек.
5. Экинчи ээкти алаканыӊыздын сырты менен 3 мүнөттөн кем эмес убакыт чапкылап туруӊуз.
6. Дагы бир натыйжалуу көнүгүү: алманын көлөмүндөй топту алаканга салып, экинчи ээктин үстүнө басыӊыз.
Эскертүү! Жогорудагы көнүгүүлөрдү канчалык көп жасасаӊыз, ошончолук жакшы натыйжа берет.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(13)
23.02.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кеңеш экен рахмат супер
24.02.2015. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
То что надо)
24.02.2015. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат. Аябай жакшы кенеш.
24.02.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо сиздерден сураныч эки каштын ортосундагы тырышты (кабак салынгандан пайда болот)кантип жок кылса болот?,ушул боюнча адистердин кенешин билип бересиздерби?Алдын ала рахмат айтам.
24.02.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mersedes2013, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот. Рахмат!
24.02.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даки деген эмнеси экен?
24.02.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
danilka, чыпка.
24.02.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
danilka, аппаак жууука материал. Кийим утуктогондо да кийимдин устуно аппак материал коюп утуктогонун коргондурсуз ошол тор жуука ак материал даки же дака деп коюшат
25.02.2015. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
danilka,Марли
24.02.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээкти тартабыз деп тиштин тамырларына суук тийгизип албайбызбы?
24.02.2015. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
конугуулору жакшы натыйжа берээрине ишенимдуумун рахмааат Супер инфо
25.02.2015. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уаууу мага аябай керек эле . Супер инфо выы Суперрр
01.03.2015. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат сонун кенеш.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо