БИР БҮРКҮМ

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж

  • Вице-премьер Дамира Ниязалиеванын айтымында, мектеп ОКУУЧУЛАРЫНЫН 65 пайызы окуган тексттин же өткөн сабактын маанисин түшүнүшпөйт. Мындай жыйынтык атайын жүргүзүлгөн изилдөөдөн кийин белгилүү болгон. 
  • 2014-жылы жаш балдардын катышуусу менен 1455 жол кырсыгы катталып, 112 НАРИСТЕ кайтыш болгон. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын башчысы С.Дьяченко билдирди.
  • 2015-жылдын 20-февралынан тартып «Манас» аэропортунан БИШКЕК-ДЕЛИ-БИШКЕК авиакаттамы аптасына эки ирет уча баштайт.
  • «КАНТ» АВИАБАЗАСЫНДАГЫ орусиялык аскердик контингент кеңейет. Кыргызстандын бийлик жетекчилери менен бул боюнча макулдаштык»,- деп билдирди Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько.
  • Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, МИГРАНТТАРДЫ каттоо мөөнөтү Орусияга барган Кыргызстан жарандары үчүн 7 күндөн 30 күнгө чейин, ал эми Казакстанга барган кыргызстандыктарга 5 күндөн 30 күнгө чейин узартылат. Бул боюнча Кыргызстан жана Орусия, Кыргызстан жана Казакстан өкмөттөрүнүн арасындагы макулдашуулардын долбоорлору Жогорку Кеңеште каралып жатат.
  • ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Р.Мамбеталиевдин айтымында, милиция кызматкерлери СИРИЯДАГЫ согуштан кайтып келгендердин баарын «жалданмачылык» беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартмакчы болуп жатат. Учурда өлкөдө 71 диний уюм бар, анын 17сине тыюу салынган.  
  • Президенттик аппараттын эксперти З.Эргешовдун айтымында, Кыргызстан калкынын 1 пайызы гана АНГЛИС ТИЛИН билет. «Бала бакчага барган 85 миңдей наристенин 60 пайызына орус тилинде тарбия берилет, ал эми өлкө ичиндеги мектептердин 64 пайызы кыргыз тилдүү болуп саналат»,- дейт эксперт.  
  • Акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин айтымында, 2010-2013-жылдар аралыгында 26 АСКЕР КЫЗМАТКЕРИ өз өмүрүнө кол салган. 
  • «Кыргызстандагы коррупция: масштабы, себептери жана ылдыйлатуу мүмкүнчүлүктөрүнүн» изилдөөсү боюнча сурамжылоого катышкан мамлекеттик кызматкерлердин 7 пайызы гана түрдүү белекти алуу ПАРА АЛУУГА барабар деп жооп беришти.
  • 2014-жылы 3 миңдей ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР Кыргызстандын жарандыгын алышты.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо