ГАСТРИТТИ ДАРЫЛАБАСА АШКАЗАН РАГЫ ЖАРАЛАТ

№643 27-февраль-5-март, 2015-ж

Ашказан рагы – баштапкы стадиясында билип ажыратууга кыйын, коркунучтуу дарт. Учурда Кыргызстанда бул дарт рак ооруларынын ичинен 1-орунду ээлейт. Андыктан аталган дарттын келип чыгышы жана алдын алуу боюнча Бишкектеги Улуттук онкологиялык борбордун абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн онкохирургу Сүйүтбек Дөөлөтбековдун кеӊештерине көӊүл буралы.

СТАТИСТИКА
Өлкө боюнча рак оорусу менен катталгандардын саны 2012-жылы 5011 адамды (670и ашказан рагы менен),
2013-жылы 5207 адамды (711и ашказан рагы менен) түзгөн.

АШКАЗАН РАГЫ АШКАЗАНДЫН БЫЛЖЫР КАТМАРЫНЫН ӨЗГӨРҮҮСҮНӨН КЕЛИП ЧЫГАТ
Рак оорулары зыяндуу жана зыянсыз болуп 2 түргө бөлүнөт. Ашказан рагы залалдуу түрүнө кирет. Келип чыгуу себептери бир топ:
1. Хеликобактер пилори (helicobacter pylori) бактериясы.
Бул бактерия түрү ашказандын былжырын жабыркатып, акырындап жүрүп гастритке жана жарага алып келет. Гастриттин түрлөрү бар, анын ичинде коркунучтуусу – атрофиялык гастрит (ашказан былжыр катмарынын жоюла башташы). Дал ушул гастрит түрүн жана ашказан жарасын дарылабаса, акыры түбү ракка жеткириши мүмкүн.
2. Куурулган, туздалган азыктарды өтө көп колдонуу.
Кээ бир азык түрлөрүн өтө көп колдонуудан ашказандын эӊ ички катмары жабыркайт. Натыйжада гастрит жана ашказан жарасы пайда болуп, убагында врачтарга кайрылбаса, жыйынтыгы ракка жеткириши ыктымал. Андай азыктарга маринаддалган, туздалган жашылчалар, майлуу колбаса түрлөрү, малдын майы, грилде бышкан тоок эти, хот-дог, ышталган азыктар (балык, койдун куйругу, чочко эти жана майы), куурулган, майлуу жана өтө ачуу тамактар кирет.
Андан сырткары узакка ачка жүрүп, анан бир отурганда өтө тоюп алуудан ашказандын иштөөсү начарлай баштайт. Демек, тамактануу режиминин бузулушу да ракка карай жол экенин эске алыӊыз.
3. Химиялык заттар. Химиялык жер семирткичтер (өзгөчө нитраттар, нитриттер) ашыкча колдонулуп өстүрүлгөн жана дары менен сакталган жашылча-жемиштер да дарттын жаралышын шарттайт.
4. Ичкиликти көп ичүү. Ичкиликтин курамындагы этил спирти да ашказандын былжыр катмарын өзгөртүп, кийин рактын өсүшүнө өбөлгө түзөт.
5. Радиациянын таасири.
6. Тукум куучулук.



БАШКЫ БЕЛГИСИ – АДАМ ЭТТИ КӨРГҮСҮ КЕЛБЕЙ КАЛАТ, КАНЫ АЗАЯТ
Ашказан рагынын алгачкы белгилерине адамдын тамакка болгон табитинин жоголушу, этти, балыкты көргүсү келбей калуусу кирет. Арыктап, каны азайып, өӊү кумсарат (анемия). Айлана-чөйрөгө көӊүл кош карап, көӊүлү эч нерсеге чаппай калат.
Ашказандын рагы өтүшүп баштаганда адам тамак ичкенден кийин ашказаны дүпүйүп, жүрөгү айланат. Кан аралаш кусат, заӊына кан аралашып чыгат.
Эгер айтылган оорунун белгилери сезилсе, адам дароо врачка кайрылуусу зарыл. Керектүү анализдерди тапшырып, ашказанын рентгенге тарттырып гастроскопиядан өтүүсү керек.

1-2-СТАДИЯСЫНДА ТОЛУК АЙЫГЫП КЕТҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР
Ашказандын рагы 4 стадиядан турат. Анын 1-2-стадиясы баштапкы болуп эсептелет. Эгер ушул учурларда кайрылышса, толук дарылап айыктырууга болот. Үчүнчүсүндө дарылап, сакайтууга болгон аракет жасалат. 100 адамдын отузу 5 жыл же андан ашыгыраак жашашы мүмкүн. Калгандары 5 жылга жетпей калышат.
Акыркы стадиясында дарт өтүшүп, коӊшу органдарга чейин таркап кеткендиктен дарылоого өтө кеч болуп калат.

ДАРЫЛАП АЙЫКТЫРУУНУН ЖОЛДОРУ
1. Операциялык жол
2. Химиялык терапия
3. Нур менен дарылоо
Ашказандын рагында биринчи кезекте операциялык ыкма колдонулат. Алгач бейтаптын операцияны көтөрө алабы же жокпу, рактын таркап кеткени же таркай электиги аныкталат. Дарт өтүшүп кетпесе, анда операция жасалат. Операциядан тышкары химиялык терапия (дары-дармек) алат. Себеби көзгө көрүнбөгөн рак клеткалары калып калса, кийин кайрадан өсүп чыгышы мүмкүн. Андыктан анын алдын алып химиялык дарылар берилет. Булар менен эле чектелбей, иммунитетти көтөрүүчү каражаттар кошо берилет. Акырында бейтап организмди калыбына келтирүүчү дарыланууга (реабилитация) өтөт.
Кыргызстанда ашказан рагын нур менен дарылоо ыкмасы колдонулбайт. Чет өлкөлөрдө колдонулат, бирок өтө жайылган эмес.
Операцияны көтөрө албагандарды шишиктин өзүнө гана таасир этүүчү дары-дармектер (химиялык терапия) менен дарылайбыз.
Операцияда дарттын өөрчүшүнө карап ашказандын жарымынан көбү же толугу менен алынып салынышы мүмкүн. Ашказан алынып салынганда кызыл өӊгөчтү ичке ичеги менен
туташтырып коёбуз.
Аталган дарт менен ооругандардын баарына режимди сактап, мүнөздөп тамак ичүү сунушталат. Ооруканадан дарыланып чыккандан кийин убак-убагы менен келип текшерилип турушат.

ИЛДЕТТИН АЛДЫН АЛУУ ӨЗ КОЛУӉУЗДА!
Ракка кабылбоо үчүн тамактануу режимин сактап, туура тамактанып, ичкиликти таштоо керек. Өнөкөт гастрит менен ашказан жарасы барлар убагында дарыланып, 1 жылда врачка 2-3 ирет текшерилип туруулары кажет. Мүмкүн болушунча экологиялык жактан таза өстүрүлгөн жашылча-жемишти колдонуу зарыл. Броколли капустасы, сарымсак, шалгам, ашкабак, болгар калемпири, петрушка, имбирь, курма, карагат, помидор рактын алдын алат. Ошондой эле акталган буудай, чычырканак ашы, зайтун майы, жаӊгак да рактан сактанууга жардамчы.
Куурулган, туздалган, ышталган жана тез даярдалуучу азыктарды азайтып, сүт азыктарына басым жасоо оӊ.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Кыргызстанда ашказан рагы 1-орунда турат"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(16)
SUPER.KG видео
28.02.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарын эле чыш пыш этип курруп жесек анан биринчи орунда болот да качан кайнатып витаминдуу тамактардан жегенге конобуз?
SUPER.KG видео
28.02.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии коркуп калдым, менин да коптон бери ашказаным ооруйт.Кыргызстанга барсам текшерилем насип кылса...
SUPER.KG видео
01.03.2015. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу биз казанга баарын салып, болушунча куруп анан калса тузду салып витаминтерин олтуруп жейбиз. Мал кок чопту жейт кашекти эмес, биз куруп тамак жейбиз бирок кашек эле жегендейбиз. Ошону учунда ашказан рак орулары пайда болот.
02.03.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahmat super
02.03.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Врачка корунуш керек экеен,КРга барганда буйруса.
02.03.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да КРга барганда созсуз корсотом.Рахмат супер
02.03.2015. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гастрит жонундо да жазып коюнуздар
02.03.2015. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Метастазды операция кылса болобу
Ашказан менен кызыл онгочтун ортосундагы жараны айыктыруунун жолдору барбы
Жооп алып берсениздер. Атамды дарылатыш керек болуп жатат
Айыкса эле болду алпар деген жерге алпарабыз
Сураныч
03.03.2015. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurka_85, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат!
02.03.2015. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
1. АЛЛАХ
Аллахтын бул ысымы- Анын чыныгы Затын билдирип турган эн улуу ысымы.
Кимде ким ушул ысымды 1000 жолудан кун сайын кайталаса,анын журогундо (Аллахга) ширк кошуунун жана шектенуулордун бардык турлору ыйманга жана чындыкка созсуз алмаштырылат. Ошондой эле айыкбас оорудан айыгуу учун ушул эле ысымды дуа катары коп кайталоо зарыл.
02.03.2015. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6.Йа-Салааму.
Аманчылык,бейпилчилик тартуулоочу.
Ким Аллахтын ушул кереметтуу ысымын коп жолудан окуп журсо,аны Аллах кедейлик-жакырчылыктан сактайт. А эгерде ушул ысымды 115(же160) жолу окуп,оорулуу адамга дем салса андан Аллах Таала ал адамдын ден-соолугун кайтарып берет,ин шаа Аллах.
03.03.2015. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
((( kapa bolup bawtadym
03.03.2015. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салатсыздарбы. Жакшы кенеш экен мен азыр чет жактамын кудай буйурса эки үч айдан кийин барам крга.
Менин ашказаным ооруйт тамак ичсем жүрөгүм айланат, каным аз, тамака анча табитим жок, кеде жакшы эле жейм, убактысында тамак жебейм качан курсагым ачканда жейм ошого көнүп калгам, анан зарина кооп болом. Суромо кантип жооп алсам болот сураныч айтып койуңуздарчы?
05.03.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
убагында тамактанбайм
08.03.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамак синирууну кантип жакшыртса болот.Супер инфо ушул суроого жооп алып бере аласыздарбы.Аябай ыраазы болот элек.Болок элде жургондуктон шарт жок болуп атат дарыланууга...
09.03.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hakker, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/article/?article=30523
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо