ООРУБАЙЫН ЖАНА КАРТАЙБАЙЫН ДЕСЕӉИЗ, ЧУРКАӉЫЗ!

№643 27-февраль-5-март, 2015-ж

Чуркоо денедеги кандын жана заттын алмашуусун жакшыртып, оорулардын жана картаюунун алдын алары, ашыкча салмактан арылта тургандыгы илгертен маалым. Эгерде сиз чуркоону тандасаӊыз, анда туура жолдосуз. Бирок мунун эрежелери бар, аны билип алуу кажет.

ЭСИӉИЗДЕ БОЛСУН!

  • Алгач чуркай турган жерди тандаӊыз. Андай жер машиналар өтпөгөн жана таза болушу шарт. Мисалы, сейил бак, стадион. Эгер булар жок болсо, токойду тандаганыӊыз туура.
  • Мүмкүн болушунча асфальттын үстүндө чуркабоого аракет кылыӊыз. Андай жерден муундарга жана омурткаларга күч келет.
  • Башталышында алгач 200 метрге чуркап, анан улам 50-100 метрден кошуп туруу сунушталат.
  • Чуркоого эртеӊ мененки жана кечки убак ылайыктуу. Эртеӊ менен чуркоону тандагандарга жана жумушка барчуларга таӊкы саат 6 сунушталат. Чуркоо алдында 100-150 грамм бөлмө температурасындагы суу же шире ичүү керек. Болбосо жашылча-жемиштен жеп алсаӊыз да болот (бирок тоюп албаӊыз). Кечки убакта чуркайм дегендер жеӊил тамактангандан 1 саат өткөн соӊ чуркай беришсе болот (саат 8ден 10го чейинки убакыт ылайыктуу).
  • Чуркаардын алдында 3-5 мүнөт кыймылдап, дене-бойду бир аз жибитип алуу зарыл. Айталы, отуруп-туруӊуз, бир орунда жайдан чуркаӊыз. Колдорду айландыра кыймылдатыӊыз, буттарды чоюӊуз. Алдыга-артка ийилиӊиз.
  • Чуркаганда алгач жай чуркап баштап, анан ылдамдыкты акырындап жогорулатуу кажет.
  • Талап боюнча чуркоо кезинде ооз менен эмес, мурун менен дем алуу керек.
  • Жетер жерге 50 метрдей калганда темпти жайлатуу зарыл.
  • Токтогондон кийин дароо отуруп калбай, жүрөктүн согушу бир калыпка түшкүчө аздан кыймылдаӊыз. Мисалы, жайдан басыӊыз, бутту-колду силкиӊиз. Эки колду өйдө көтөрүп, тереӊ дем алып, демди кайра чыгаруу менен эӊкейип колду түшүрүӊүз.
  • Канчалык чаӊкасаӊыз да дароо суу ичпеӊиз. Талап боюнча 15 мүнөттөн кийин ичилет. Тамактанууга эс алгандан соӊ 30-40 мүнөттөн кийин киришиӊиз. Бул организмге көп күч түшүүнүн алдын алат.

ЧУРКООНУН 10 ПАЙДАСЫ

Эскертүү: Өнөкөт оорусу барлар чуркаардан мурун врач менен кеӊешүүсү зарыл.

ТУУРА ЧУРКОО ЭРЕЖЕЛЕРИ

  • Бут алдыӊызга эмес, алдыга карап чуркаӊыз.
  • Тулку-боюӊузду түз (вертикалдуу) абалда кармаӊыз. Эгер чуркап баратып бүкүрөйө баштаганыӊызды сезсеӊиз, дароо тереӊ дем алыӊыз. Ошондо боюӊуз түздөлө түшөт.
  • Бутуӊуз денеӊиздин алдында эмес, денеӊиз менен бир катарда жүрүшү керек.
  • Ийиндериӊизди бош жана эркин кармап, моюн тарапка көтөрүлүп кетүүсүнө жол бербеӊиз.
  • Колдоруӊуз алга-артка алмашып кыймылдап тургудай болсун.
  • Муштумду бекем түйбөӊүз.
  • Чыканагыӊызды 90 градуста бүгүп, көкүрөк тушка чейин көтөрүп, кайра бел тушка түшүрүп, алмаштырып кыймылдатыӊыз.
  • Бутту жерге койгондо жана алдыга түртүлгөндө бутка күч келбеши үчүн тизеӊизди бир аз бүгүлгөн абалда кармап чуркаӊыз.
  • Алдыга түртүлүүдө бутуӊуздун учун колдонуӊуз.

Эскертүү: Чуркап баштаган алгачкы күндөрү буттун булчуӊдары ооруганы менен акырындап көнүп кетет. Кокус бут түнкүсүн түйүлсө, анда дары май же гель (аналгос, апизартрон, быструмгель, кетонал) сүйкөп койсо болот. Чуркап көнгүчө аптасына 2-3 ирет чуркоо талапка ылайык.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
02.03.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чуркагым келип кетти
02.03.2015. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да чуркап баштасам окшойт
02.03.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперсиниз
02.03.2015. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фитнес клубтагы чуркоочу жайдаачы?
03.03.2015. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен автобуска гана чуркабасам..жон чуркабай калдым.Москвада
03.03.2015. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бир жыл бою, ар куну чуркап 7,5 км'ге жеткирдим.
06.03.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой рахмат.
07.03.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алтыда туруп багымдат намазын окусан сегизде куфтан намазын окусан ошол сага тренировка
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо