АЖОНУН ПАРЛАМЕНТТЕГИ ӨКҮЛҮНӨ СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАНДЫ

№643 27-февраль-5-март, 2015-ж

Ушул жылдын 19-февралында парламенттик жыйында президенттин Жогорку Кеӊештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев окуучу кыздарга хиджаб кийгенге тыюу салганы үчүн Ак-Талаа районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигин жумушунан четтетүү керек деген маанайда сүйлөгөн. Ал «Коргоо кеӊешинде президенттин хиджаб кыргыздардын салттуу кийими эмес деп айтканын туура эмес кабыл алып жатышат» деген болчу.
Эртеси ажонун сөзүн Молдакун Абдылдаев өзү туура эмес түшүнүп алгандыгы тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирүү таратты. Ал билдирүүдө "Алмазбек Атамбаев "мусулмандардын кийими" деген терминди таптакыр кабыл албайт, ар дайым дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди колдоп келген, айрыкча балдар жана мектеп окуучулары тууралуу кеп болгондо. Бул позиция кыргыз мамлекетинин дин аралашпаган мүнөзү жөнүндө конституциялык жободон улам келип чыгат. Демек, кызмат адамдарынын, тактап айтканда, Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын ата-энелерден "мектеп окуучуларына хиджаб кийип жүрүүнү таӊуулабагыла" деп талап кылган аракеттерин толук негиздүү деп эсептейбиз» деп жазылат.
Эске салсак, президент былтыр Коргоо кеӊешинин жыйынында "мусулман наамын кийим аркылуу эмес, жасаган иши, таза ниети, үлгүлүү жүрүм-туруму менен далилдеш керек" деп баса белгилеген. «Айталык, мусулмандын кийими деп хиджабды, шалбыраган боз дамбалды эсептеп алсак, анда эмне кыргыздын улуттук кийимин кийгендерди же болбосо күнүмдүк жашоо-тиричиликке ылайыктуу кийингендерди мусулман дебей, каапыр дейбизби?! Деги эле "мусулман кийими", "мусулман эместин кийими" дегендей чектөө жок ыйык Куранда! Исламда жарашыктуу жана таза кийинүү талап кылынат» деп билдирген болчу.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
02.03.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кылган. Эми эсине келип,ката кылбашка аракет жасап калаар.
02.03.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Денгээли томонуроок эле адам окшойт. Торага Жээнбеков президенттин окулу телефонунду очуруп ойнобой отур, таризинде эскертуу берди эле окмоттун кумтор тууралуу отчетунда.
03.03.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ажообуз ажыга деле барды бирок хиджаб парз экенин дагы деле тушунбой койду го.
03.03.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Din mamlekettin ishine aralashpayt. Demokratiyaluu mamlekette jashaybyz, birok biz musulman elbiz. Kyrgyzstanda 90%ten kop musulman jashayt. Demek, salyktyn kopchulugun musulmandar toloyt. A emne uchun ajo bash bolup tyiuu salyp jatat?
03.03.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Президентибиз туура айткан мусулман экенибизди кийим менен эмес журум-турумубуз менен далилдешибиз керек.Мектепте бирдей форма болгону жакшы хиджаб бул кыргыздын кийими эмес биздин озубуздун эле жакшынакай кийимдерибиз бар.
Модератор Саби түзөттү 2015-03-03 17:30:40
04.03.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саби,(Хиджаб) жоолук кыргыздыкы болбосо анан кимдики? Жумурткадан кыр издебегиле да.
03.03.2015. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Президент анын ордуна болгондо ар бир суйлогон созу учун согу угуп турмак экен. Хиджапка тыйуу салган туура эмес! Баш мыйзамга туура эмес! Ар бир адамдын ишеними жана эркин кийинуу укугу бар. Мына ошол ишеними жана кийинуучу коомчулукка зыян келтирбеген болсо,анда тыйуу салуунун кереги барбы? Мамлекет андан коро Исламды каралап жаткан ар кандай уюмдардан коргоо керек! Мисалы хизбуттар жана башка.
04.03.2015. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info otkon sandarda Google jana Microsoft kompaniyalarynda ishtegen kyrgyzdar jonundo bar ele. Mumkun bolso shilteme berip koisonor. Rahmat
04.03.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
04.03.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шортачандарга тыю салсын биринчи жоолукка эмес! Элибиздин баалулугуна жоолук кирбесе джинса шорта киреби?
04.03.2015. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба ыйык Куранда мусулман эместин кийими жазылбаган а бирок кандай кийинуу буйрулган.анан да мусулман адамдын журум-туруму озгорсо,аягында кийими да озгорот.пайгамбарыбыз (сав) кыямат жакындаганда адамдар жакшыны жаман,жаманды жакшы кабыл алышат деген экен... Жараткандын буйругуна каршы чыккандан кудай сактасын!!!
04.03.2015. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айалдарды негизги коорго бул хиджап мусулманчылыкта айтаткоо айалдарын корбогон мамлекетинда кооргой албайт
05.03.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыр кыздар ачык-чачык кийиип оздорун жогору сезишет. кыйын болсо денелеринин ачык мучолору менен эмес акыл-эси журум туруму жонокойлугу менен далилдесин.хиджап бул биздин кыздарды жаман коздон сактоочу кийим.хиджап кийген кыздардын саны кобойсур деп дуба кылалы себеби кыздар-келечектеги энелер улутубуздун келечеги
05.03.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын бирок АША быз ошол созун мен бааладым кийим эмес иш жузундо корсотуш керек деп, А бирок озунун ишин да билиши керек.
06.03.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооа Хиджап бул Араптардын кийими бирок Исламда Куранда Шариятта жазылган аялдын кийими тууралу демек ошолорду алып чечмелеп корсонор бул хиджап окшош болгон. Ошондуктан Хиджап бул Мусулман аялдары кыз келиндерине туура келген. Кыргыздын кийимдери да Хиджапка окшош жоолукту жаны келген келинге кандай салат? Озунор ойлоп коргулочу.
06.03.2015. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хиджап Кыргыз Кийими экоо оппокшош кыргыз кийими менен хиджаптын айырмасы.. хиджап араб жерлери ысык болгондуктан жука жана женил материалы. Ал эми Кыргыз кийими калын анан оймо чиймеси бар боолду. Анан бизде суук болгонунан жоолуктун оордуна элечек кийинишкен ал эми жаз кыздар тюбетей кийишкен аны Курманжан Датка Киносунан коро аласынар
08.03.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажообузду жамандагандан алыс бололу туугандар. Ал да болсо кыргыз эли жерибиздин онугуусун эртенки кунун ойлогон адамго.Хиджаб жайында, дин жонундо ажообуз эч кандай терс пикирин айткан эмес. Ал да жаштарыбыздын жаман иштерден, жаман коздордон сак болуусун каалаган атабыз сыяктуу адамго. Биз да коншу олколор сыяктуу оз президентибизди сыйлайлы ыйык атабыз катары королу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо