САЛЯНОВА КҮЙӨРМАН ЧОГУЛТУУДА

№643 27-февраль-5-март, 2015-ж

Күйөөсүнө каршы кылмыш иши козголгонунан улам президентке таарынып, оппозицияны көздөй ыктаган Аида Салянова күтүлүп жаткан кадамды жасады. Башкача айтканда, 19-февралда «Күчтүү Кыргызстан» деген партиянын төрайымы болуп дайындалганы тууралуу маалыматтар пайда болду. Аталган партия Юстиция министрлигинде адегенде 2005-жылы «Жарык Кыргызстан» деп катталган. Кайрадан каттоодон өткөн партия «Күчтүү Кыргызстан» деп аталышын өзгөрттү. Ага төрагалык кылып келген энергетика маселелери боюнча эксперт Расул
Умбеталиев
Аида Саляновага орунун бошотуп берип, эми экөөлөп шайлоонун камын көрө башташты. Кызматтан кетип, саясатка аралашкан адамдардын эми таштай турган кадамын Кыргызстанда оӊой гана жоромолдоого болот. Салянова да бул жагынан таӊ калтыра албады. Ал дагы мурункулардын изи менен кетип, күйөрмандарды чогултуу аракетин кичи мекени Нарын өрөөнүнөн баштады.
Журналисттерге берген маалымат жыйынында ал «Мага «Манас» орденин ал деп эч ким кайрылган жок, беришсе алмакмын» деген эле. 20-февраль күнү II даражадагы «Манас» орденин ал Президенттик администрация башчысы Данияр Нарымбаевдин колунан алды.
26-февралда Улуттук коопсуздук кызматы Аида Салянованын күйөөсү Бакыт
Абдыкапаровго
"кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", «алдамчылык» беренелери боюнча айып тагылганын жарыялады. Аида Салянова жолдошунун бул иште күбө катары гана өтүп жатканын айткан болчу. Буга чейин жарыяланган маалыматтарга караганда, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчилигине козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берүү үчүн 50 миӊ доллар алгандардын арасынан күбөлөр Бакыт Абдыкапаровдун бул ишке тиешеси бардыгын айтышкан.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(19)
02.03.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу,бийлике кандай иштеген адамдар жагат? Таза иштесен да,начар иштесен да баары бир белге "тээп" кетишет. Сасык саясаттын ыплас оюндары ушундай болот окшойт го.
02.03.2015. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар цепочка сыяктуу бири-бирине коз каранды да. Карга карганын козун оймок беле. Бириникин бири жаап отуруп ушул акыбалга келдик да. Ошол учун сасык саясат да. Окунучтуу,бычака сап болору жок
02.03.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир бийликтин даамын татып калгандан кийин кетиш кыйын болтабы....? Тынч эле аялга окшоп уйдо отурбайбы?
02.03.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салянова ХХХ!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-02 12:00:33
02.03.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tariell, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
02.03.2015. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл алдына Ата Мекен алып чыгып тааныткан сон, Текебаевтин эле этегин кармаганы он болмок менин оюмча. Таасирдуу да, таанымал да партия. Оз алдынча болом деп кашыктып чогулткан кадыр-баркын чомучтоп чачып албас бекен каап.
04.03.2015. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bakyt_2015, Текебаевге кошулганда баарибир бир кун согушуп экоо мушташып кетмек))
02.03.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев мактаган кыз Шайлоодо озуно каршы чыгат окшойт.
02.03.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир айым!!!!!!
02.03.2015. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
al79mi, темир деп кайдагыны айтпагылачы,,, откондо интервьюсун кордум тоону бээни суйлоп эле, озунун кылган иштерин жомоктогудай айтып берген, наборот ушул келгенден бери коррупция куч алды, президент мактаса эле мактай бербей,.
02.03.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийликтен кеткенден кийин жыргап жайлоого барып эс албайсынбы.аны кыла коем буну кыла коем деп эки жака чуркай бербей.аял затсынго же уйундо бала-бакыранды карап отура бербейсинби.
02.03.2015. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakulya79, ошону айтсан...бийлиги жок эле таттуу ачл затынын бактысын татып жашай бербейби
03.03.2015. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bakulya79,куйоосунун абалы жакшы болгондо тынч эле уйундо отурмак.
02.03.2015. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура мен дагы ойлогом Ата мекенге кошулат болуш керек деп.Текебаев менен кетсе жакшы болмок
03.03.2015. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коптогон эркек депутаттарды оордуна коюп салат аял болсода
03.03.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Койгулачы Салянованарды! Созун таап норм суйлой албайт дагы,дудаланып...тим эле "темирге" тенеп жибергенинерге жол болсун.
04.03.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ТЕМИР АЙЫМ!!!!! Жакшыны жакшы деш керек! Каныбызга синип калган коро албастыктын айынан эле суйлой бербей! Эки кишинин башы кошулган жерде тост берсе жондоп суйлой албайбыз! 120 депутаттын алдында тыкылдап кана жооп берип олтурганын коргон эмес беленер?! АШАнын приказын аткарды коп болсо дегендер болууда. Бирок ошол приказды аткарганга дагы эрк, журок керек да озунун омурун,келечегин тобокелге салып! Кайсыл прокурор депутаттарды камака алды эле!? Жузуно карап суйлой албагандары да болгон!
Модератор al79mi түзөттү 2015-03-04 09:28:34
06.03.2015. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шайлоого катышыныз,биз колдойбуз,сиз татыктуусуз,буга чейин эч ким чооон коррупционерлерди камай элек болчу,пландарыныз ишке ашсын,ийгилик!!!
08.03.2015. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени кайтар десе кайтармакмын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо