БИР БҮРКҮМ

№643 27-февраль-5-март, 2015-ж

  • Казакстандын Астана шаарындагы көчөлөрдүн бирине жазуучу ЧЫӉГЫЗ АЙТМАТОВДУН ысымы берилди.
  • Коргоо кеӊешинин катчысы болуп Бейшенбай Жунусовдун ордуна анын орун басары ТЕМИР ЖУМАКАДЫРОВ дайындалды.
  • 2014-жылы Кыргызстанга РАДИОАКТИВДҮҮ НУРУ жогору болгон 2 контейнер жана 128 автоунаа алынып келинген. Анын баары кайра Корея менен Японияга жөнөтүлөт.
  • Кыргызстандагы ПРООНдун кеӊешчиси Лусио Валерио Сарандреанын айтымында, өлкөдөгү никелердин теӊ жарымы АЛА КАЧУУНУН НЕГИЗИНДЕ кыйылган.
  • Орусиялык-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруусунун төрайымы болуп НУРСУЛУ АХМЕТОВА дайындалды. Ал буга чейин Президенттик аппараттын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
  • Өлкөдөгү уюлдук байланыштын абоненттеринин саны 9 миллионго жакындады. Анын ичинен АКТИВДҮҮ АБОНЕНТТЕР 7 миллиондон ашкан. Интернет кызматынын колдонуучуларынын саны 4 миллион 136 миӊге жетти.
  • Европалык союздун маалыматына ылайык, аягы өлүм менен аяктаган ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНЫН саны боюнча Кыргызстан дүйнөдө үчүнчү орунду ээлейт. Биринчи жана экинчи орунда Казакстан менен Орусия турат. Рейтинг калктын санына жараша эсептелет.
  • Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлү Ч.Бактыгулованын айтымында, Орусиянын ЖОЖдорунда 3 миӊден көбүрөөк кыргызстандык СТУДЕНТТЕР билим алышат.
  • Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөдөгү 28 миӊ сомдун тегерегин түзгөн ЭӉ ЖОГОРКУ ОРТОЧО АЙЛЫК МАЯНАНЫ финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагынын кызматкерлери алышат.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевге жана анын жакындарына атасы, Улуттук илимдер академиясынын академиги Кайып Оторбаевдин кайтыш болгондугуна байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз.

«Супер-Инфо»
гезитинин жамааты

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
02.03.2015. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Радиоактивдуу нуру бар машина контейнер дегенге кандай тушунсо болот,муну биринчи жолу угушум?
02.03.2015. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
temirov76, Корея менен Японияда ядерный станциялар жарылгандан унаалар дагы радиоактивдуу нурларды чыгарып турушат. Ошол унаалар тууралуу созболуп жатат. Кайра кетиребиз деп жатышыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо