АНАПИЯЕВДИН ӨЛҮМҮНӨ ЖАНЫШ БАКИЕВ ШЕКТЕЛИП ЖАТАТ

№643 27-февраль-5-март, 2015-ж

25-февраль күнү Алманбет Анапияевдин жан сакчысы жана анын өлүмүнө жалгыз күбөмүн деген Гүлжигит Абилазизовдун көрсөтмөсү интернетке тарады. Гезит басууга кетердин алдында ачыкка чыккан көрсөтмөнүн урунттуу учурларын сунуштайбыз. Анапияев тууралуу кенен материалды 12-беттен окуй аласыздар.

«ЧҮПҮРӨККӨ ОРОЛГОН БИР НЕРСЕНИ КӨТӨРҮП ЧЫГЫШТЫ»
1989-жылкы, Ош облусунун Озгур айылынан болгон Гүлжигит Абилазизов: «Минск шаарынын Москвина көчөсүндө жайгашкан 8-үйдө Алманбет байке экөөбүз эле турчубуз. Мен жашаган 2 ай аралыгында Айбек деген бою узун, сакалчан киши келип-кетип жүрчү. 17-февраль күнү кечинде үйгө үч киши келди. Бири мен айткан Айбек, экинчиси башка улуттагы адам, чечен же дагестандык, үчүнчүсү 50 жаштын тегерегинде курсактуу, ак чач жана көз айнекчен киши экен. Мени Алманбет байке сыртка чыгып тур деди",- деп билдирди. Андан ары жан сакчы көрсөтмөсүндө жогорудагы үч киши бир канча убакыттан кийин чүпүрөккө оролгон бир нерсени көтөрүп чыгышканын айтып, үйгө өзү кирген соӊ Алманбет
Анапияевди
таппай калганын билдирген. Гүлжигит Абилазизовдун айтымында, ал үйдөн кийим-кечесин жана чогултуп жүргөн акчасын алып чыгып такси менен Москвага келген. «Москвага кетпесем Минскте өлтүрүшмөк. Кыргызстанга барсам аяктан да өлтүрүшөт деп ойлоп, Москвада 2 күн баш катырдым. Анан акыры Кыргызстанга келип, милицияга болгонун айтып берейин дедим. Ички иштер министрлигинен мени коргоого алууну сурандым»,- дейт ал. Гүлжигит Абилазизов көрсөтмөдө айткан үч кишини Жаныш
Бакиев,
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы, учурда издөөдө жүргөн Айбек Абдразаков жана Жаныш Бакиевдин жан жөкөрлөрүнүн бири Рустам Сайдуев деп тааныды. 26-февраль күнү Минскте Анапияевдин өлүмүнө шектүү катары Айбек Абдразаков кармалды деген маалымат тарады. Беларустун укук коргоо органдары бул маалыматты төгүндөп жатышат.
ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Гүлжигит Абилазизов Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча иште баалуу күбө катары атайын коргоодо.

Алмазбек Атамбаев: «БЕЛАРУСТУН БИЙЛИГИ БАКИЕВДЕРДИН АЙБАНДЫК ЖАНА МЫКААЧЫЛЫГЫНА КӨЗҮ ЖЕТИШИ ҮЧҮН АЛАР ДАГЫ КИМДИ ӨЛТҮРҮШҮ КЕРЕК?»
Президент Алмазбек Атамбаев криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин өлүмүнө Беларуста баш паанек тапкан Бакиевдердин тиешеси бардыгы боюнча билдирүү жасады:
– Жаныш Бакиевдин мурдагы өзүнүн жакын адамынын үстүнөн Минск шаарында жүргүзгөн кандуу криминалдуу териштирүүсү Бакиевдердин үй-бүлөсү Беларуста өздөрүн эч кандай жазага тартылбасын сезип, баш кесерлери менен кандуу жолун улантып жаткандыгын ырастап отурат. Бул туурасында кылмыштын күбөсүнүн көрсөтмөсү ачык-айкын далилдеп, Жаныш Бакиев жана жан жөкөрлөрү Анапияевди өлтүргөндүгүнөн эч шек туудурбайт.
Урматтуу Александр Григорьевич Лукашенко жана беларусь эли көркоолорду колтугуна катып алгандыгын акыры түшүнөт деп тереӊ ишенем.
Кыргызстандыктар Бакиевдердин буйругу менен Бишкектин борбордук аянтында карапайым адамдарды аттырган 2010-жылдын жазын эч качан унута албайт. Бул канкорлор адамдарды тирүүлөй өрттөгөнү, журналисттерди бычактаганы, бизнесмендердин колу-буттарын сындыргандыгы, курмандыктарынын кулагын, мурдун кесип таштаганы менен элдин эсинде.
Беларустун бийлиги Бакиевдердин айбандык жана мыкаачылык маӊызына көзү жетиши үчүн бул криминалдуу үй-бүлө дагы кимди өлтүрүшү керек?
Дээрлик беш жылдан бери Кыргызстан Минсктен эл аралык конвенцияларга ылайык, кылмышкерлерге издөө салуу, кылмыштык куугунтуктоо жана кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча милдеттерин аткаруусун талап кылып келет. Бирок Беларустун жетекчилиги Бишкектин мыйзамдуу талаптарын четке кагып келди. Ал эле эмес Беларуста бул бандиттердин жүргөнүн колдоп, улуттук паспорттор, мамлекеттик сыйлыктар берилип, мааракелери менен куттуктоолор болуп жатканын ырастаган маалыматтарды алып турдук. Беларустун жетекчилиги Кыргызстанда карапайым жарандарды өлтүргөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылган кылмышкерлерди мындан ары калкалабайт деп үмүттөнөм,- деди Атамбаев.
Ажонун билдирүүсү менен катар эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да расмий билдирүү таратты. Анда ведомство Беларустан Минск шаарындагы криминалдык авторитетти өлтүрүүгө аралашкан экс-президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн айрым мүчөлөрүн кармап, Кыргызстанга өткөрүп берүүнү талап кылган.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(27)
02.03.2015. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шек санай бересинер да. Мумкун чыныгы канкор озунордон чыгаар. Шек мин,куноолу бир дейт. Чыныгы куноолуну тапмай сайын,ар кимден шек санаганынарды койгула.
02.03.2015. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бакиевге эч эле алдары жетпей койдуго! Эх Кыргызстандын онолушу кыйын болуп калды окшойт!
02.03.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев бакиевдерди кармап жазасын берсе, эл омур бою ыраазы болот!
07.03.2015. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasayana, эл деп сен баарын озуно окшоштурба
02.03.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне болсо эле баарын Бакиевдерге шылтоолоп отуруп калдык го.
02.03.2015. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EdikoKG, жеке билдирүүнү купуя менен жөнөтүңүз! Ар бир колдонуучу өз оюн эрежеден чыкпай жазууга укугу бар!
02.03.2015. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бакиевтин жанында Атанбаев козго корунбойт да... Бакиев Акаев дей бербей кыргыздарды иш менен камсыз кыла турган нерселер жонундо баш катырып иштешсе, кыргыздар кыргызстанда иш менен камсыз болсо мамлекет бат эле онугуп кетет налогтор толонуп
02.03.2015. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
omurbekkutibaev77,
Менин ойумду окуп койгондойсуз.откон ишке баш катырбай,крнын келечегине баш катырсак болчудай.елди иш м.н камсыз кылышканда ботон елде мусапыр болушпайт еле елибиз.
03.03.2015. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайга Тообо бир нерсе болсо эле Бакиевдерге шылтоолой берип чарчабадыкпы, кором эртен Атамбаев кеткенде кимге шылтоолойт экенбиз!!!
03.03.2015. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бакиев жок болсо кимди куноолойт эле аа, бул киши уйкусу чала болуп калса да Бакиевден кормой болду го,ар кайсы чечими жок ишке аралашпай КР дын келечегин ойлонуп эли журтту ыраазы кыла турган ,эртенки куну сен кеткенде сенин артындан да ушундай (канкор) деп атабай тургандай иш жазаса болмок.
03.03.2015. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
erika8982, бул жерде мыкаачылык менен киши өлтүрүп жатышса, кыргыздын канча сонун жигиттерин өлтүртүп жиберди Бакиевдер. Атамбаевди эмнеге канкор дешибиз керек. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-03 17:02:15
03.03.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i, жеке билдирүүнү купуя менен жибериңиз.
03.03.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Очкичен киши деп кантип тааныбайт Жанышты. Сакчы деген сак болот оролгон нерсени коргондо эле билет.Алманбет жон адам эмес камерасы бар болуш керек уйундо. Коопсуздугун ойлоп жакын адамдарынан аласа керек .
03.03.2015. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алманбет олгон емес
03.03.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Лукашенкого абдан таң калам, бүт дүйнөгө белгилүү канкорлордун колтугуна катып алганына. Белоруссияда эч ким туруктуу жашоого укук ала албайт дешет, а бандиттер болсо ээн эркин жыргап жашап жүрүшөт го
04.03.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карга карганы алыстан тааныйт дейт.Бийлигин сактап калыш учун Лукашенко канча оппонентерин дайын оту менен жок кылды.Президент болушума бут дуйно каршы турса да,мен озум кааласам кайра шайланып койом деди го.Так что Бакиев экоо бир казанда кайнаган канкорлор.Бакиевтерди ар кайсы былык иштерине фас деп коюп алып журо берет.
04.03.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чымын олсо да Бакиев дей бергиле
04.03.2015. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олгон арстандын устуно чыгып алып уулуган чоодой экен созу.
05.03.2015. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман. Аны өзүнүн эле адамдары сатып коюшу мүмкүн. Эмнеси болсо да көз менен көрбөгөндөн кийин айтуу кыйын.
05.03.2015. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанагы жан сакчысы Жаныш Бакиевти тааныбайт бекен эмне?
05.03.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канкорлор максатына жетди кыргыздын даны чыгаан жигитинен айрылдык элдин уулу дер атасак болот жанагы Жан сакчысы жомок айтып бенди 99 % картин еле биринчиж золу корсотмо Берген Адам кафедр отургандай корсотмо Берии койдугт
06.03.2015. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Oshontip adam oltyrgony ataiyn Janysh Bakiyev ozy kirmek bele dagy janyndagy jan sakchysyna korynyp alardyn akchasy kop da oltyrgysy kelse adam jaldap ele bilindirbei dym dym kylyp oltyryp salsa kerek
08.03.2015. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эли учун куйгон инсан эле! Шахид бп эле кетти окшойт! Адамдын артынан эмне иш жасабасын, ал канкорлор Аллахтын козунчо жасап жатканын билишээр бекен?! Алманбет Анапияев кримавторитет болгону мн таза адам болчу. Кээбир манкурттарга окшоп(соз ээсин табат) бекеринен адам канын токкон эмес! Беларусияга барсале акылы кемпайлар Бакиевтер олтурду деп ойлоп :-) калат дешет окшойт. Хы кенен кесир коюп беришти го ээ эртеден кечке. Мындай тарыхта бн эмес эле. Шайлоого жакын пайпаластап Бакиевдерди жамана
16.03.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу суперчилер Г.Абдилазизовдун видеосун толугу менен корбой калдым порталга жуктоп койсонуздар
16.03.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
24.03.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаныш бакиев ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-24 17:23:33
24.03.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurlan10000kg, этика нормаларын сактаңыз! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо