-

2014-жылы эӊ кымбат сатылган
0001 мамлекеттик унаа номурунун баасы 205 миӊ сомду түзгөн. Бул тууралуу Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борборунун башчысы С.Абдразаков билдирди.
-
«Бишкек шаарында ар бир алтынчы кыз ЖЫНЫСТЫК ЖАШООСУН 14 жашынан баштайт. 10-11-класстын окуучуларынын аборттун зыяны жана кесепеттери тууралуу маалыматы жок»,- деди президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Улуттук аялдар форумунда.
-
2010-жылдан бери өлкө ичинде ЗОРДУКТООЛОРДУН саны 2-3 эсеге жогорулады. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов айтты.
-
Республикалык ПСИХИКАЛЫК ден соолук борборунун директорунун орун басары К.Эрмегалиевдин айтымында, 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө диспансердик каттоодо 52 миӊ, Бишкек шаарында 8 миӊ оорукчан турат. Анын ичинен коомго коркунуч жаратуучу пациенттердин саны 600дүн тегерегинде.
-

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев:
«КЫЗАМЫККА каршы эмдөө алуудан 11 миӊ жаран баш тартты. Анын дээрлик жарымы билимдүү адамдар»,- деди. Мындан улам министр сапатын текшерүү үчүн бул эмдөөнү өзү да алмак болду.
-
БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТЫН тапшырбаган жарандар шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди.
-
Эксперт Т.Сабырбекованын айтымында, ОНКОЛОГИЯЛЫК ооруларга чалдыккан аялдардын 50 пайызы бир жылга жетпей кайтыш болушат. Ал оорулардын сап башында эмчек рагы менен жатын моюнчасынын шишиги турат.
-
Жогорку Кеӊештин «Ата Журт» фракциясынан депутат БАХАДЫР СУЛЕЙМАНОВ быйыл өтүүчү парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын катарында катышат.
-

Бишкек шаардык кеӊеши Тынчтык проспектисине
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ысымын ыйгаруу боюнча мэриянын демилгесин колдоду.
-
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 2014-жылы төрөлгөн 150 миӊдей наристенин 300үнүн гана фамилиясына «УУЛУ» же «КЫЗЫ» деген сөз кошулган.
Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg