"КУМТӨРДҮН" АЛТЫНЫ ДАГЫ БИР ӨКМӨТТҮ КЕТИРИП ТЫНАБЫ?

№644 6-март-12-март, 2015-ж

3-март күнү Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту Кыргызстандын «Центерра Голд Инк» компаниясындагы 20,5 миллион канадалык долларга бааланган 6,5 миллион акциясын арестке алган чечим чыгарды. Чечим латвиялык ишкер Валерий Белокондун доо-арызы боюнча кабыл алынган. Эске салсак, 2010-жылы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт Белоконго тиешелүү «Манас» банкын акчалардын изин жашырууга шектеп улутташтырган болчу. Анын үстүнө, Валерий Белоконь Максим Бакиевдин жакын кишилеринин бири болгондугу да көп айтылган.
Ал эми өткөн аптада «Кумтөрдү» реструктуризациялоо боюнча макулдашуунун акыркы долбоорун алып келүү үчүн Жогорку Кеӊеш өкмөткө 1 ай убакыт берди. Талкууда депутаттар «өкмөт 1 айдан кийин макулдашуунун акыркы долбоорун алып келүүгө жетишпесе, анда ал отставкага кетиши керек» деп кесе айтып жатышты. Атүгүл айрым эл өкүлдөрү «Кумтөргө» чекит коё албай жатканыбыз үчүн биз да таркашыбыз зарыл» дегенге чейин барышты. Кантсе да 1 айда Оторбаев баштаган министрлер «Центерра Голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөрүн аягына чыгарышы керек болот.

 

 

 

Мирлан Өмүралиев,
SUPER.KG
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
14.03.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш окмот аке башы катып жатыптыр да
15.03.2015. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ ушул убака чейин чечилбеген нерсе дагы деле чечилбейт арканды узун таштап жакшылап ойлонолу дегенге кошулам кутор бойунча арканды узун таштап ойлонупта бутуштуго братоктор ойлонгула эми
17.03.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саясатчылар окмотту кетирип анан кийинки шайлоого чейин бу маселени созушат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо