№645 13-март-19-март, 2015-ж
2000-жылдары жарык көргөн бразилиялыктардын популярдуу «Клон» телесериалы менен андан он жыл өткөндөн кийин көрсөтүлө баштаган түрктөрдүн «Даӊазалуу кылымы» жамы журт жапырт "ооруган" сериалдардан болду. Бир эле учурда бири-бирине окшошуп жана айырмаланып турган сериалдар бизди күнүмдүк турмуштун түйшүгүнөн сүйүктүү каармандарыбыз менен кыялданууга жетелегени бышык. Ал эми сизге аталган сериалдын кайсынысы жакын? Кайсы каармандар сиздин сүймөнчүгүӊүзгө айланды? Келиӊиз, чогуу салыштырып, мыкты сериалды тандайбыз.
"Клон"
ЭКРАНДА
"Даӊазалуу кылым"
ЭКРАНДА
Түркияда 2011-жылдын 5-январынан, Орусияда («Домашний» телеканалында) 2012-жылдын 14-январынан баштап көрсөтүлө баштаган.
СЕРИЯЛАРДЫН САНЫ
4 сезондон турат, жалпысынан 139 серия. Ар бир сериясы 90-140 мүнөттөн. 50дөн ашуун өлкөдө көрсөтүлгөн. Ал эми Кыргызстанда 2013-жылдын 21-октябрынан баштап улуттук телеканалда көрсөтүлө баштаган.
2 СЕЗОНУ 2 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА ТАРТЫЛГАН
Аталган сериал Түркия кинематографиясында эӊ кымбат долбоор болгону белгилүү. Интернет булактарында алгачкы 2 сезонуна 2 миллион доллардай сарпталганы айтылат. Ал эми баш каармандар ар бир сериясы үчүн баштапкы сезондорунда Халит Эргенч 25 миӊ доллар, Мерьем Узерли 20 миӊ доллар алып турушкан.СЦЕНАРИСТИ АЛМАШЫП...
Курч сюжеттүү тарыхый драманын сценаристи Мерал Окай аны улуу аскер башчы жана реформатор Сулейман султандын башкаруу тушундагы жылдар, ал тууралуу китептерде жазылган реалдуу окуялар таасирленткенин айтат. Сценарист сериал тартуу идеясы 2008-жылы жаралганын жана бул сунушун алгач продюсер Тимур Савжыга билдирген. Мерал Окай 2012-жылы өпкө рагынан каза тапканына байланыштуу анын жумушун жардамчысы Шахин Йылмаз улантып кеткен.
ТҮРК ПРЕЗИДЕНТИ СЫНДАГАН
Түрк радио жана телевидениесине «Даӊазалуу кылым» сериалында тарых бурмаланып жатканына нааразы болгон көрүүчүлөрдөн 70 миӊге жакын кайрылуу түшкөн. Ал эми түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган киножаратуучуларды «жаштарга Түркиянын тарыхын жаман тарабынан көрсөтүп жатасыӊар» деп айыптаган.ХАНЗААДА МЕХМЕТ МЕНЕН АЙБИГЕ КЫЗ-ЖИГИТ...
Хүрремдин улуу баласы ханзаада Мехметтин ролун ойногон актёр Гүрбей Илери менен крымдык ханбийке Айбиге хатундун ролун ойногон актриса Эзги Эйүбоглу сериал тартылып жаткан убакта кыз-жигит болушкан. Мындан сырткары Окан Ялабык (Ибрагим паша) менен Сельма Эргеч (Хатиже султан) кыз-жигит деген кептер тараган.
ХҮРРЕМДИН БЕШИК ЫРЫ ЭЛ ООЗУНДА Азыр ар бир айылдын Сулейман султаны, амалкөй Хүрреми, көз жашы тыйылбаган Махидевраны, иш билги Ибрагим пашасы, тымызын жүрүп баарын жайгарган Сүмбүлү жана мачо Бали бейи бар. Жадакалса концерттердин аталышы да «Даӊазалуу кылым» болуп кеткен. Хүрремдин "Ой, лю люли" деген бешик ырын укпаган адамдар саналуу эле болсо керек. Сериалдагы айымдар тагынган диадема, мончок-шурулар, асем жасалгалары хит болгонун ким танат?!
Лунара Бекиева
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Сунушуңузга рахмат! Аракет кылабыз.
Экоо тен жакшы сериалдар бирок мага даназалуу доор жагат.
Мындай сунуш түшкөн. Маалымат берүүгө аракет кылабыз.
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат!
Сүйлөм бир аз түшүнүксүз...