Акылбек Төлөмүшев, дизайнер: «МЕН ҮЛГҮСҮН ЧИЙГЕН КИЙИМДЕР ИЗРАИЛДЕН БЫЧЫЛЫП, ТИГИЛИП КЕЛЕТ»

№645 13-март-19-март, 2015-ж

Таланттуу болуп төрөлүү гана керек окшойт. Дегеним, кээде кийим тиктиргени барганымда «кана, чийип көрсөтчү, кандай каалайсыӊ?» дешсе, чийгеним эч эле окшошпойт. Ал эми бүгүн биз сөз кылчу талант кыргыздын жаш дизайнер-модельери – Акылбек Төлөмүшов. Азыр ал үлгүсүн чийген кийимдерди кыргызстандыктар гана эмес, америкалыктар да кийип жүрүшөт.

Туулган жери – Балыкчы шаары
Туулган жылы, айы, күнү – 1989-жыл, 7-ноябрь
Билими – Кыргыз-Орус Славян университети
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Максаты – Кыргызстандын мода индустриясын өнүктүрүү

– Салам, Акыл! Учурда Чикагодо дизайнер-модельер экенсиӊ. Бул ийгилигиӊ кокустукпу же эмгегиӊдин жемишиби?
– Салам! Албетте, эмгектин жемиши. Учурда «Viero bridal»(«Үйлөнүү-үлпөт») деген компания менен иштешем. Дизайнер десек деле болот, тагыраагы, сүрөтчү-иллюстратормун. Мисалы, кимдир бирөө образын өзгөрткүсү келди, анын бут кийиминен тарта асем буюмдарына чейин ылайыктап, жарашыгына карап кагазга сүрөтүн тартып берем.
– Аталган компания менен кандайча иштешип калдыӊ?
– Компаниянын негиздөөчүсү менен интернет аркылуу таанышып калып, ал мени Чикагого чакырган. Сунуш түшкөн 2013-жылдын сентябрь айы алигиче эсимде. Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан мода жумалыгында жүргөн элем. Ошол жактан түз эле Чикагого кетип калгам.
– Ошондо кийимдин үлгүсүн чийип эле бересиӊби же анын даярдалышына да катышасыӊбы?
– Кайсы бир кийимдин же асем буюмдун үлгүсүн тартып, аны Израилге жөнөтөм. Ал жактан бычылып, тигилип, бир жарым айдын ичинде Чикагого жеткирилет.
– Тез эле көнүп кеттиӊби?
– Жумуштагылардын мени жакшы кабыл алганы бат эле көнүп кетүүмө түрткү болду. Аларга менин Кыргызстанда жүргөндөгү эмгектерим жагыптыр. Мага баарынан тил билбегеним кыйын болду. Колумдан эки ай бою бассам-турсам түшүрбөй сөздүктү көтөрүп жүрдүм.
– Чет жерге кетишиӊдин негизги себеби эмне?
– Кыргызстан мода индустриясы өнүгүү жолуна эми гана түшкөн өлкөлөрдүн катарында. Бишкекте жүргөндө канчалык жан талашсам да аз эле акча тапчумун. Америкада адамдын эмгеги оюӊдагыдай бааланат. Акчадан сырткары, чет жерде турмуштук тажрыйба топтойсуӊ. Америкада иштегенимдин эӊ негизги максаты – келечекте өлкөбүздүн мода индустриясына салым кошуу. Мен ошого милдеттүүмүн.
Ата Мекенибизде эмне жаӊылыктар болуп жатканынан дайыма кабардар болуп турам. Мисалы, «Курманжан датка» тасмасы АКШда көрсөтүлө баштаганын угуп, Лос-Анжелеске баргам. Ал жерден досум аркылуу Элина Абай кызы менен тааныштым. Эгер фильм «Оскар» сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлүп калса, кызыл килемде кийилүүчү кийимди мен даярдамак болуп сүйлөшкөнбүз. Тилекке каршы, тасма өтпөй калды.
– Кыргызстанда эмне иш кылчу элеӊ?
– Кыргыз-Орус Славян университетинде дизайнер жана архитектура бөлүмүндө окудум. Ошол эле учурда «Александра» мода үйүндө иштечүмүн. Ал жерде да кийимдердин үлгүсүн чийип, кездеме сатып келчүмүн. Саат экиге чейин окуп, үчтө жумушка келип калчумун. Мекенимде деле көп ийгиликтерге жетише алдым.»Кыргызстан-2011» мода жумалыгында 1-орун, 2012-жылы да 1-орун, ушул эле жылы Миланга жолдомо, 2013-жылы Орто Азиядагы мода жумалыгына катышып, андан ары Нью-Йоркко, анан Чикагого кеткем. Учурда жаӊы коллекциямдын үстүндө иштеп жатам, жакында ачылышын өткөрөм.
– Бул талант каныӊда болсо керек?
– Мен эки чоӊ апамдын (атамдын эжелеринин) колунда чоӊойдум. Эрке болдум, алар менин айтканымды эки кылышчу эмес. Үй ичин өзгөртүп ары-бери жылыштырсам да, эртеден кечке сүрөт тартсам да унчугушчу эмес. Талантымдын өөрчүшүнө ушул адамдардын салымы чоӊ, алар мени менен сыймыктанышса экен дейм.Чоӊ апаларымдын жылмаюусу үчүн каалаган нерселерин орундатууга даярмын.
Сүрөттү жакшы тартканым менен, мектепти аяктагандан кийин котормочу болом деп окууга тапшырдым. Бир жыл окугандан кийин ал кесип мен үчүн эмес экенин түшүндүм. Анан Кыргыз-Орус Славян университетинин дизайнер бөлүмүнө тапшырдым. Ошондон бери фантазиямдын чыныгы жашоодо ишке ашышына аракет кылып келе жатам.
– Рахмат маегиӊе, ишиӊде тоодой ийгиликтер болсун!

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(13)
16.03.2015. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
таланттуу эле жигит экен бирок бул суроттогу кийимдер мага ото деле жакпады капа болмой жок жеке оюмда
16.03.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылбек биз да уй булобуз менен тубаса дизайнер-модельербиз. 1995-жылдардан бери ар кандай кийимдердин моделин чийебиз. Бул жаатта билимибиз болбогондуктан кийимдердин сонун улгулору кагаз бетинде гана калып жатат. Балким сен карап корорсун табитибиз окшош экен.
16.03.2015. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суперинфо бул жигит менен кантип байланышса болот.
16.03.2015. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza5566, саламатсызбы!
Тилекке каршы, биз мындай маалымат бере албайбыз.
16.03.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик азаматсын.
17.03.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мммм эгер сен хиджаб кийимдеринин дизайнери болсон анда эн сонун болмок .Онорун бар экен кааап .
17.03.2015. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздикилер бычып тиге алышпайт да ээ.
17.03.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
https://www.facebook.com/akyl77 фейсбукта озунун бренд баракчасы бар
17.03.2015. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол жактан байланышса болто
20.03.2015. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Maga dele jakpady tartkan surotu,kantip kotorulup ketti eken,jonokoi ele eken,men da tekstildi okudum birok tiguuchuluk jaatynda,surottu myndan 100 ese mykty tartam,buyrusa kgge barsam ozumdun brendimdi acham kuday buyrusa,instagramdan soonun tartkan surottordu korso bolot bunuku jakpady koro albastyk emes,kechir katuu tiyse,jakwy bolso jakwy demekmin
20.03.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Shahzodanyn surotun jakwy tartkansyn aga pritenziyam jok;)
21.03.2015. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
toocool, эми сизге соз жок, олтуруп суйлой бер да, бул жигит азамат, оз эмгеги менен АКШ кыймыл аракет, Жакшы коргон ишин жазап журот
Модератор admin_media түзөттү 2015-03-22 13:10:44
21.03.2015. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо