ТҮРКИЯДА ӨЛТҮРҮЛГӨН ТАЖИК ОППОЗИЦИОНЕРИНЕ КЫРГЫЗ ПАСПОРТУН КИМ БЕРГЕН?

№645 13-март-19-март, 2015-ж

5-март күнү Түркиянын Стамбул шаарында Тажикстандын расмий бийлигине тиш кайрап жүргөн оппозиционер Умарали Куватов белгисиз адамдар тарабынан атылып өлтүрүлдү. Куватов Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен башында жакын мамиледе болуп, кийин экөөнүн ымаласы келишпей калып, оппозиционер болуп чыга келген. Ал Рахмонду бийликтен күч менен түшүрүш керектигин айтып, оппозициялык «Группа 24» кыймылын түзүүгө жетишкен. Аталган кыймыл тажик бийлиги тарабынан экстремисттик уюм деп бааланып куугунтукталып келген. Мунун айынан Куватов Түркияга качууга аргасыз болгон.
Тажик оппозиционеринин жанынан кыргыз паспорту табылганын Түркиянын «Хүррийет» гезити жазып чыкты. Ал 2014-жылдын 23-февралында берилген кыргыз паспорту менен Түркиянын чек арасынан 2-декабрь күнү өткөн. Маалыматтарга караганда, ал Кыргызстанда бир аз убакыт жашап кеткен. 11-март күнү Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы Умарали Куватовдун наамына кыргыз паспорту берилбегенин билдирди.
Негизинен кыргыз паспорту «издөөдө жүргөндөр» үчүн жакшы жардамчы болуп келет. Алсак, 2013-жылы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин айыгышкыс душманы, оппозиционер, миллиардер, банкир Мухтар Аблязовго жасалма жол менен Кыргызстандын паспорту берилгени ызы-чуу жаратканы эсте. Анан да кыргыз паспорттору көбүнесе криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн табылат. Былтыр жай айларында грузиялык Роман Барбакадзе аттуу «мыйзамдагы ууру» Украинада кармалып, анда жасалма кыргыз паспорту бар экени аныкталган. Булардан тышкары 2011-жылы кримавторитет Дед Хасандын жакын кишилеринин бири, грузиялык «мыйзамдагы ууру» Темур Синатошвили, «Ислам жихады» террордук уюмунун мүчөсү, тажикстандык Жамшут Буйнатов, Орусиянын аймагында бир нече милиция кызматкерлерин өлтүргөн деп издөөгө жарыяланган өзбекстандык Озод Кушматов жасалма кыргыз паспорттору менен кармалышкан.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(17)
16.03.2015. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалан жан кечтилерге беришиптир да. Анан гр.КР деп чыгат.Акча учун ар-намыс,ариет,ыйманыбызды деле сатып салдык окшойт. Окунучтуу,биз го кордук корорубузду. Балдардын келечеги эмне болот?
16.03.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз паспорт дукондон нан алгандай эле турбайбы.ХХХ ХХХ.бийликтин жузу.позор!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-16 11:15:00
16.03.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lale82, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! 10 күн БАН!
16.03.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча учун озунордуда саткыла эми. Бар жоко КР. Уйат кылып журо бергиле
16.03.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанды өмүрү көрбөгөн өзбектер көтөрүп жүрөт,биздин паспортторду.сурасаң 1000долларга сатып алгам дешет.
16.03.2015. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эми майдан кийин патенти жок иштесек россияда,озбек тажиктин баары биринчи кыргызстандан паспорт алып келишет болуш керек.
17.03.2015. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
alik1602,
Уже алып стартта турушат.
16.03.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шермендечилик боюнча 1-орунга чыгат окшойбуз!
17.03.2015. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Men bul tuuraluu tieweluu organdarga da aitkanmyn. Misaly Ozbekistandan kirgen ozbekterdin baary kyryz pasportun alyp, Jalal abad, Ozgon, Kara suuluk bolup jurushot. Anan tigi Siriaga jihadka ketken dep kyrgyzdardy kunoolop chygasynar. Siriaga ketkenderdin 100 do 99% ozbekter ekenin jakshy bilsek kerek. Biraz akcha berse ele olup alasynar da, srazy pasport jasap berem dep. Atpy, eshekbi je adamby karabaisynar. Akchan bolso boldu aka dep turasynar toibostor!!! Ishensener Arab olkoloruno ketken kopchuluk studentterdin, ozbekstandan kirgen nukura ozbek ekenin bilbeysinerbi? Erten alar bir jamandyk kylsa Kyrgyzstan degen atybyz chygat! Biz korup ele jurchubuz alardy, eger jarytaarlyk jakshy ish kylsa biz ozbekpiz ozbekistandyk dep, eger jaman ish kylyp koyushsa kyrgyzstan dep byltiyp turup alyshat ele. Pasport jasatyp algan, biraz tuugan suugan dep jalal abad kara suu, ozgondo jashap kyrgyzstandykmyn dep jurushot! Biraz konul bursak jakshy bolmok ushul ozbek tajikterge pasport beruudo. E bilbeim aita berip oozum teshildi. Kun saiyn buzulup baratabyz Allah ozu saktasyn mekenibizdi kalkybyzdy..
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-17 11:00:53
17.03.2015. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандын паспортун сатып алыш базардан буюм сатып алгандай эле болуп калганго!акча десе жанталашып жасап бербей кичине намысты дагы ойлошсо болмок.эми буйруса ТСга кирип без документ иштеп калсак ХХХХ ХХХХ сатып жыргашса керек!Бизге бул жакта ХХХХ аябай кызыгышат патентге тапшырып журсок силерге эмне кереги бар ТСга киргенсинерго без документ иштейсинер деп баардык маалыматты бизден биринчи билип жон эле бизге уйротушот.аларга окшогондор уже эле алып койсо керек биздин паспортту
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-17 18:10:30
17.03.2015. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
begai93, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган! 3 күн БАН!
17.03.2015. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бере-берип,бере-берип паспорт столдо иштегендер кыргызстанды уят
кылдынар!,болду бербегиле.
18.03.2015. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупции боюнча биринчи орунда башка улутка таджик озбекке паспорт беру боюнча рекорд койот окшойбуз
18.03.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anelka нын айткандарын кош колдоп колдойм.Жеп тойбодунар го ушул силер жегичтер,уят болуп буттук баарына!Сыймыктанаар мактанарлык эч нерсебиз калбады!Айткылачы келечекке умут барбы деги?!
19.03.2015. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанагы кырк чоролор кыздарга асылбай ушундай маанилуурок нерсенин артынан тушсо болот
20.03.2015. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйно жузуно кыргыздын паспортун сатып мамлекетти бутуна тургузалы
21.03.2015. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге эле бир нерсе болсо кырк чорого асыла бересинер?Аларга эмне депутаттар алган айлык же баардык шарттар каралып жатыптырбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо