ПУТИН ЭСКИ ҮЛГҮДӨГҮ ПАТЕНТТЕРДИН ЖАРАКТУУ МӨӨНӨТҮН УЗАРТТЫ

№645 13-март-19-март, 2015-ж

Орусияда мигранттардын 2014-жылдын үлгүсүндөгү патенттеринин жарактуу мөөнөтү узартылды. Тиешелүү мыйзамга Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгонун Президенттик администрациясы жарыялады.
Маалыматка ылайык, аталган документ жогорку квалификациялуу адистер делинген чет өлкөлүк жарандарды Орусиянын аймагында эмгектенүүгө тартуу тартибин жакшыртууга багытталган. Эми 2014-жылдын ичинде 300 миӊден ашуун патент берилген Орусиянын субъектисинин жогорку кызмат адамы патенттин мөөнөтүн узартуу сунушу менен миграция боюнча башкармалыкка кайрыла алат. Патент берилген күндөн баштап аны колдонуунун жалпы мөөнөтүн 12 айдан ашырууга мүмкүн эмес.
Мындан тышкары жаӊы патент алууга керектелген документтердин тизмеси толукталды. Эми мигрант жалпысынан төмөнкү кагаздарды чогултушу керек: патент алуу жөнүндө арыз, чет өлкөлүк жарандын өздүгүн ырастаган документ, миграциялык карта (анда келүүнүн максаты «иштөө» деп белгилениши керек), бир жылдык мөөнөткө берилүүчү ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полиси, оорулуу эместиги тууралуу маалым кат, орус тили, Орусия тарыхы жана мыйзамдары боюнча билими жөнүндө сертификаты, эгер патентти каттоо боюнча кайрылуу такталган мөөнөттөн (30 күн) кийин түшсө айып пул төлөнүшү керек. Эгер мигрант мындайга кезиксе айып пулду төлөөнү тастыктаган документти да тапшырат, каттоого тургузулгандыгы боюнча документ (каттоо), жеке жактардын кирешелерине салыгы такталган аванстык төлөм түрүндө төлөөнү тастыктоочу документтер.
Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, Кыргызстан быйылкы жылдын 9-майына белгиленген Евразиялык экономикалык союзга кирген соӊ кыргызстандык жарандар биримдикке кирген өлкөлөрдө уруксат кагаздары жок ишке орношо алышат. Орусияда орус тили боюнча сынак бербей калышат. Медициналык тейлөө кепилдиги да берилет жана алардын балдары эч кандай көйгөйсүз эле бала бакчаларга, мектептерге бара алышат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(13)
16.03.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тезирээк эле май келсе экен.Чыдамсыздык менен кутуудобуз.Сариевдин айтканы ырас болсо экен.
16.03.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эски патент жарабайт дегенинен февраль айында төлөбөй таштап койгоом,
Эми эмне кылат экенбиз ???
16.03.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошону айтсанар менда эски патенттимди толобой койгомун(((
16.03.2015. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер чындап патентсиз иштеп калсак жакшы болмок.
16.03.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жогорку квалификациялуу кызматчылардын патеннтеринин мооноту узартылат, катардагы жумушчулардыкы эмес
16.03.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо 9-майдан кийин 1 жыл ашуу журсо да болот бекен ?
16.03.2015. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозуна май Сариев
17.03.2015. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сариевтин эмгеги емес Алмаздыкы мээнет бечара президент болсо да боорун ооруйт Москвага каттай берет.
17.03.2015. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сариев очко топтой коем деп айтаберет ал эмне пресс катчы эмеско ордуну билсе болот.
17.03.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу бир узартып бир кыскартып жаман эле адамды ойнотуштуго!Баштанле жаратып койушпайбы эски патенттерди канча деген адамдар толобой коюшуп бекер куйуп кетпедиби.
18.03.2015. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне эле футбол ойноп жатышат!!!
23.03.2015. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо кара тизмеге киргендер май айында чыгарылат денег чын бекен ушуну билип бересинерби алдын ала рахмат
23.03.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikosh1991, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтемелер менен өтүңүз:
http://www.super.kg/kabar/news/101225/
http://www.super.kg/kabar/news/101233/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо