КӨЧӨТТҮ ТУУРА ТАНДОО ЖАНА ОТУРГУЗУУ ЖОЛДОРУ

№646 20-март-26-март, 2015-ж

Үйдө витаминдүү мөмө-жемиш болсун десеӊиз, бак тигиӊиз. Бирок алардын көчөтүн туура тандап, тигүү жолдорун билүү керек. Булар тууралуу Кыргыз улуттук агрардык университетинин токой жана мөмө-жемиш өстүрүү кафедрасынын окутуучусу Сагынбек Аалиев баяндайт.

КӨЧӨТТӨРДҮ ОТУРГУЗУУ МЕЗГИЛИ
Бак үчүн мөмөсү көп колдонулуучу алма, кара өрүк, өрүк, шабдалы, алмурут, жаӊгак, жүзүм, алча тиккениӊиз туура. Булардын көчөтүн жазында отургузуу мөөнөтү Чүй облусунда 15-март-15-апрель, ал эми Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 25-март-25-апрель аралыгы эсептелет. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында 1-марттан 10-апрелге чейин отургузулат.

ЖЕРДИ ДАЯРДОО
Көчөт отургузуудан мурда тигиле турган чуӊкурлар казылат.

Көчөт жакшы өсүшү үчүн кык керек. Андыктан жер арык болсо, топуракка чириген (эски) кыкты теӊме-теӊ кылып аралаштыруу оӊ. Эгер жер семиз болсо, анда кык азыраак, топурак көбүрөөк кошулат. Ал эми минералдык жер семирткичтер (азот, калий ж.б.) кийинки жылдан баштап берилет.

КӨЧӨТ ТАНДОО ЖАНА ОТУРГУЗУУ
Талап боюнча тамырлары күчтүү, жакшы өөрчүгөн 2 жылдык көчөттү тандоо оӊ. Алар жаӊы орунга бат ыӊгайлашат жана кышты башынан өткөрүп калгандыктан келерки кышта үшүк урбайт. Тамыр скелеттери 35 сантиметрден кем болбошу жана кургап калбашы шарт. Тамырында ак тактар жана томпок шишиктер болсо албаш керек, анткени алар оорунун белгиси. Бою бийик өсчүлөрдүн тамыры жоон, өзөк тамыр болорун, ал эми бою жапыз өсчүлөрдүкүнүн тамыры чачы келерин эске алуу оӊ.
Отургузар алдында тамырлардын ичинен абдан өсүп кеткендерин жана сынгандарын кесип салуу кажет. Бою бийик өсчү мөмө-жемиш көчөтүнүн тамырынан өйдө 60 сантиметрге чейин бутак-шагы болсо кыркылат. Эгер көчөт 2 жылдык болсо, анда боюнун узундугун 1 метр же 1 метр 20 сантиметр кылып калтырып, калган учун кыркасыз. 1 жылдык көчөттүн учу кыркылбайт. Кокус 2 жылдык көчөттүн бою 1,5 метрден өйдө болсо, анда албаӊыз. Анткени ал туура эмес багылган жана кышында үшүккө урунуп куурап калат.
Анан тамырларын топурак менен уйдун жаӊы кыгынан даярдалган аралашмага малып отургуза берсе болот. Бул тамырлардын кургап кетүүсүнөн сактайт.
Кээ бирлер айтып жүргөндөй, жаш көчөттөрдүн түбүнө кум, таш салуу туура эмес. Анткени тамыр жайылып өсө албай калат. Ал эми муз менен карды жазга маал мөмө-жемиш дарагынын түбүнө үйүү керек. Бул дарак кечирээк гүлдөп, гүлү үшүккө кабылбашы үчүн жасалат.
Кээ бирлер көчөттү отургузганда шамалда кыйшайып калбасын деп чуӊкурга таяк кагып отургузган соӊ көчөттү ага байлашат. Кийин таякты алып салышат. Каалоочулар бул ыкманы колдонушса болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
24.03.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Терек, сөгөт дарактарын олтургузуу боюнча да кеңеш жазсаңыздар болчу экен.
06.04.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyranbek, саламатсызбы!
Азырынча төмөнкү маалымат бар:
http://www.super.kg/article/?article=31517
25.03.2015. 06:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теректи кумурсканын уясына малые койсон деле осо берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо