ДИЕТАНЫ КӨП КАРМАСА ЧАЧ БАТ АГАРАТ

№646 20-март-26-март, 2015-ж

Кээ бирөөлөрдүн чачы 20 жаштан агара баштаса, айрымдардыкы 40 жашында деле көмүрдөй капкара бойдон жүрөт. Буга эмне себеп? Мунун сырын Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дерматовенерология кафедрасынын доценти Мейкин Усубалиев чечмелейт.

«ЧАЧ ИЧКИ ООРУЛАРДАН ДА АГАРАТ»
– Адамдын чачынын түсү чачтарынын түбүндөгү меланоцит клеткаларынан көз каранды. Аталган клеткалар биздин чачыбызга түс берүүчү меланин пигментин иштеп чыгарат. Башкача айтканда, чачтын кара, күрөӊ же сары болуусун меланин чечет жана бул пигмент ген аркылуу берилгендиктен адамда түйүлдүк кезинде эле жаралат.
Чачтын жаш куракка карабай агара баштоосу ошол пигменттердин аз иштелип чыгышынан болот. Ал эми аз иштелип чыгуусуна болсо көп нерселер себепкер.

ЭРТЕ АГАРУУГА «КҮНӨӨЛҮҮЛӨР»

  • Тукум куучулук
  • Стресс
  • Ашказандын (өтүшкөн гастрит), боордун (сарык), калкан сымал бездин (богок) оорусу
  • Ички бездердин иштөөсүнүн жана баштагы кан айлануунун бузулушу
  • Туура эмес тамактануудан чачтын түбүнүн азыктануусу үчүн керектүү заттардын (B тобундагы витаминдер, жез, күкүрт жана башка) жетишсиздиги
  • Тубаса альбинос болуп төрөлүү. Мында териге, чач, кирпикке түс берүүчү пигменттер тубаса жок болот.

Жогоруда айтылгандардан улам чачтын эрте агаруусун кантип токтотсо болот дегендин ордуна себептерин тактатуу үчүн трихологго (же дерматологго) жана терапевтке көрүнүү зарыл экендиги түшүнүктүү болду окшойт. Эгер оорулары бар экендиги аныкталса жана дарыланса чачтын агаруусу өзү токтой баштайт (эгер генден болбосо).
Кокус урук-тукумуӊузда чачы эрте күмүштөнгөндөр кездешсе, анда сиз да алардын жолун улашыӊыз мүмкүн. Баштын эрте бубак басуусу көбүнчө арыктоо үчүн диетаны көп кармагандарга жана вегетариандарга таандык. Мындайда тамак рациону чектелет да, чач түбүнө азык болчу заттар жетишпей баштайт. Ушундан улам меланин жетиштүү өлчөмдө бөлүнүп чыкпай калат. Андыктан диета кармайм дегендер жана вегетариандар диетологдун көрсөтмөсү менен тамактануусу зарыл.
Баштагы кан жакшы айлануусу үчүн массаж жасатып туруу кажет. Стресске көп кабылгандардын, көп ойлонгондордун чачы эрте агарат дегендин чындыгы бар. Анткени андай кезде чачтын түбүндө суутектин кычкылы (перекись водорода) топтолуп, меланинди иштеп чыгаруучу меланоцит клеткаларын жабыркатат.
Чачтын убактысынан эрте агаруусунун алдын алуу үчүн тамак-ашка этти (анын ичинде канаттуулардын), балык, краб, сүт азыктарын, өнгөн буудайды, төө буурчак, нокот, банан, сабиз, сулуну колдонуп, толук кандуу тамактануу зарыл. Колуӊуздан келсе курамында йод бар деӊиз капустасын (ламинария) да жеӊиз. Стресстен чыгуу жолдорун өздөштүрүӊүз жана ага кабылуудан качыӊыз.
Эгер чачтын 10-15 пайызы агарган кезде B тобундагы витаминдер менен никотин кычкылын жамбашка сайдырып, фолий кычкылын ичсе агаруусу токтой баштайт. Муну 1 жылда 2 курс алуу керек. Ошондой эле чалкандын жалбырагын кайнатып, суусу менен чачты күндө чайкап турса да жардамы жакшы. Эгер чачтын көп бөлүгү агарып кетсе, аны токтотуу кыйын. Андыктан ага жеткирбей аракет кылуу өзүӊүздөн.

МАСЕЛЕНИ ЧЕЧҮҮНҮН БАШКА ЖОЛДОРУ
Чачтын агарганын жашырып, жаш көрүнүүгө эмне жетсин! Бул үчүн эмнелер керек?

  • Мелировкалоо. Чачтын баары эмес, айрым талдары гана боёлуп, ак чачтар алардын арасында билинбей калат. Бул чачынын 40-50 пайызына чейин ак баскандарга жарайт.
  • Түс берүүчү (оттеночный) бальзам. Чачты жуугандан кийин колдонулат.
  • Табигый боёктор: хна, басма.
  • Атайын химиялык чач боёктор.
  • Мезотерапия. Бул косметикалык салондордо жасалат. Чачтын түптөрүнө B тобундагы витаминдердин топтомуна никотин кычкылын кошуп сайышат. Чач эми агара баштаганда алса жардам берет.
  • Курамында цинк, күкүрт, жез, темир бар гель жана бальзамдар. Булар чачтын түбүнө сүйкөлөт жана ак чачтар көбөйө электе колдонсо, жардамы чоӊ.

Эскертүү: Кандай каражат болсо да өз алдынча пайдаланбоо зарыл. Анткени аллергия болуп кетүү коркунучу чоӊ. Врач менен акылдашып, анан гана колдонуӊуз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
23.03.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жуманын жылдыз толгосу жокбу супер инфо.
23.03.2015. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AiNuR_777, саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/?article=31427
24.03.2015. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин чачым эмнеге агарып жатканын эми билдим корсо мен оорукчан экенмин :(((
25.03.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми диетага отургандар эсине кирет экенда
28.03.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо "чач тушуу" боюнча да маалымат берип коюнуздарчы чачтын дайымкыдан коп тушконун кантип алдын алса же уй шартында кантип кам корсо болот маалымат берип коюнуздарчы
28.03.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayka1994, саламатсызбы!
Чач түшүү тууралуу:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=чачтын+түш&x=0&y=0&media_search=1
28.03.2015. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмаат сиздерге супер инфо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо