ЖАЛАӉ СУУ ИЧИП ООРУДАН КУТУЛУУГА БОЛОБУ?

№646 20-март-26-март, 2015-ж

Салттуу медицина, албетте, жалаӊ суу ичип оорудан айыгууга жол бербейт. Бирок элибиз илгертен элдик дарылоо ыкмалары аркылуу карандай суу ичирүү менен дарттан айыктырып келген. Учурда бул ыкма колдонулабы? Болсо кайсы ооруларга?

БИЛИП АЛ

  • Мээнин 75 пайызы, сөөктүн 22, бөйрөктүн 82, кандын 83, булчуӊдардын 75 пайызы суудан турат.
  • Адам денесиндеги суунун 2 пайызын жоготсо, катуу чаӊкайт. 10 пайызын жоготууда галлюцинацияга кабылат, ал эми 20 пайызын жоготуу өлүмгө жеткирет.
  • Суунун курамында бардык жандуулардын организмине керектүү магний, кальций, натрий, калий, темир, фтор, йод жана башкалар бар.

«40 КҮН СУУ ИЧҮҮДӨН АДАМ ЖАШАРЫП, ИЧКИ ТУЮМУ ӨСӨТ»
Жолдошбек Султанов, аюрведа илиминин доктору, табып:
– Мен суу ичирип айыктырууну тибеттик кыргыздардын арасында 1 жыл жашаган кезде үйрөнгөм жана бардык ооруларды айыктырууда колдоном. Сууну 3, 7, 12, 21 жана 40 күн кылып ичүү туура. Мисалы, бөйрөгү ооругандарга 12, ал эми жүрөк оорулууларга 21 күн ичүү керек. Бирок бейтаптын ден соолугуна, көтөрө алышына жараша 3 же 7 күн деп чектейм. Күнүгө 3 литрге чейин суу ичирем. Денедеги керексиз заттардан жана оорулардан толук сакаюу үчүн 40 күн суу ичүү талап кылынат. Мындай адам өзүн жаӊы төрөлгөндөй сезип, жапжаш болуп калат. Ички туюму күчтүү болуп, мурун билип-туйбаган нерселерди билип, сезе баштайт. Суу ичүү мөөнөтү бүткөндөн кийин алгачкы күндөрү суунун жарымына айран кошуп иче башташат. Анан тамагына күрүч аралашат. Ал эми нан, этке эӊ акырында өтөт.

«БУЛАК ЖАНА МӨӉГҮ СУУЛАРЫНЫН КАСИЕТИ ЧОӉ»
Дүйшөн Чомо уулу, табып:
– Суу ичирүүнүн максаты – адамдын канын жана организминдеги шлактарды тазалоо. Оорулар дал ошол кандын бузулушунан жана организмге шлактардын толуп кетишинен чыгат. Булар тазаланса эле организм оору менен өзү күрөшүп, дарт жоголо баштайт.
Төмөнкү ооруларга суу менен дарыланууга болбойт: рак, бронхоэктаз, кант диабети, бөйрөктүн жана боордун оор оорулары (сарык, цирроз), талма, анемия, жүрөктүн кемтиги.
Сууну ичүү мөөнөтүн 3, 7, 9, 15 күндүк кылып чектейм жана булак, мөӊгү сууларын ичүүнү сунуштайм. Сууну муздаткычка салып тоӊдуруп, 12 сааттан кийин эритип ичсе да болот. Булардын дарылык касиети күч. Тажрыйбамда 7 күн суу ичкен адамдардан төртөө гана болду. Көпчүлүгү 3 күнгө араӊ жетишет. Бирок бул деле жакшы жыйынтык берет.
Адам жалаӊ сууну 3 күн ичмек болду дейли. Мындайда 1-күнү 100 граммдан 7 маал, 2-күнү 150 граммдан 7 маал, 3-күнү 200 граммдан 7 маал ичет. Анан тамакка түз кирип кетпей 3-4 күн чайга (сууга) 1 аш кашыктан сүт кошуп ичишет. Тооктун этин бир кайнатып суусун төгүп, кийинки шорпосун ичүү сунушталат. Антпесе адамдын организмине күч келип, ооруп калышы мүмкүн. Анан шире, боткону аздан жеп барып, акырында күчтүү тамакка аралашат.

«8-10 КҮН СУУ ИЧСЕ ЗАЛАЛСЫЗ ШИШИК ДА ЖОГОЛОТ»
Акылбек Сарылбеков, элдик дарыгер:
– Эмне үчүн суу дартты айыктырууда колдонулат? Анткени адамдын денесинин көпчүлүк бөлүгү суудан тургандыктан суу ичүү зыян келтирбейт. Мен кайнатылган суу менен кан, тери, боор, өт, бөйрөк, ашказан-ичеги, өпкөнүн өнөкөт ооруларын дарылайм. Организми көтөрө албагандарды суу менен дарылоого болбойт. Каза болуп калуулары мүмкүн.
Күнүнө 1,5-2 литр суу ичилет. Дарылануунун алгачкы 3 күнүндө адам тамак ичкиси келип, болор-болбоско жинденип, ачка кыйналат. Андан кийин ачка болуу сезими жоголо баштайт. Ооздон ацетондун жытындай жыт келет. Суу ичкенден 8-10 күндөн соӊ адам абдан шалдырап, башы айланып, кускусу келип баштайт. Бирок 8-10 күн жеӊиш чеги болуп эсептелет. Бул аралыкта керектүү азык барбай калгандыктан анча-мынча залалсыз майда шишиктер жоголот.
Суу менен дарылоодо дене керексиз заттардан, ашыкча салмактан арылат. Мындай организмдин механизми толук иштей баштайт да, дене өзүндөгү оорулар менен күрөшүп, жыйынтыгында оорудан айыгат.
Мага келгендердин көбүн 3 күн гана суу ичирүү менен дарылайм.

«САПЫРЫЛГАН СУУ КАН БАСЫМДЫ КАЛЫПКА КЕЛТИРЕТ»
Нурлан Мамыров, табып:
– Мен кычкылтекке байытылган суу менен дарыланууну жогорку кан басымды калыптандыруу үчүн колдоном. Адам суудан тышкары 3-4 маал аздан мүнөздөп тамак иче берет. Суу кантип даярдалат? 200 грамм булак суусун бир идишке куюп, 60 сантиметр бийиктиктен башка идишке сапырып куюу кажет. Ошентип суу 28 ирет сапырылат. Мындай суу эртеӊ менен тамактан 1 саат мурун, кечки тамактан 1 сааттан кийин ичилет. Мончого түшөр алдында да ичүү сунушталат. Суу ичүүнү кан басым толук калыпка келгиче улантуу зарыл. Эгер суу крандан алына турган болсо, аны 12 саат бөлмөдө бетин таза кагаз менен жаап кармоо сунушталат.
Эскертүү: Суу ичип дарылануудан мурда врачка кайрылып, кеӊеш алуу кажет. Дарылана тургандар сууну табыптын көзөмөлүндө гана ичүүлөрү зарыл.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


Суу ичип дарыланса болобу?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(29)
Медиа-портал
21.03.2015. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сууну ичуу пайдалуу деп туруп акырында...олумго алып келет дегени емнеси....азыр баары еле крандан ичетко...
SUPER.KG видео
22.03.2015. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык нерсенин ашыгы зыян ошо учун нормасы менен ичиш керек сууну 1кундо 2литр ичиш керек ал организимдеги зыяандуу нерселерди тазалайт токсин шлак чыгарат тамака чейин жарым саат тамактан кийин жарым саатан кийин ичиш керек адамдын денеси кургабайт анан эрте карыбайт
23.03.2015. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон рахмат мага керек эле аябай бул маалымат.
23.03.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай суу ичуу керек? Кайнак суубу же минеральныйбы?
23.03.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anjella89, кайнак эмес, мөңгү суусун деп айтты видеодо. Мөңгү сууну табыш оор да. ЛЕГЕНда бар го ошону ичсен болот.
23.03.2015. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bosaya,Легенда чын эле мөңгүнүн суусубу? Андай болсо чын эле пайдалуу болуш керек
23.03.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Легенданы таза монгу суусу деп ким айтты.
23.03.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо,ушундай макалалардан абайлаш керек. Эми элдин баары суу ичип дарылана башташбаса болду. Абройлу бир-эки мед.кызматкерлердин да оюн жазып койсонор болмок. А окурмандарга айтарым,самолечение очень опасная вешь.
23.03.2015. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalin466, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсте болот.
23.03.2015. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык колдонуучуларга эскертүү!
Талкуудан алыс билдирүүлөр өчүрүлдү.
23.03.2015. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erten menen turganda ele bır chon stakan suu ıchem oshondo zavtraktı az jeysın anan dushka kırıp jatkanda da suu ıchısh kerek ısık suuga kan basımın kotorulboosu uchun.
Kırgızstanda krandan dele suu ıchuugo bolot antkenı bızdın suular abdan taza bashka olkolorgo salıshtırmaluu
24.03.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дарылануу мен үчүн эмес экен! Суу мындай турсун, эти жок тамак жесем 2 күндөн кийин оозума кара суу куюлуп болбой калам. Суукчан окшойм.
24.03.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу admin_portal суу ичип дарыланууда адам жумуш жасабай кыймыл аракетти азайтып эчиш керекпи же кадимки күнүмдүк жумуштары менен катар ичүү керекпи.Менимче тамак жебей жалан суу ичсе башы айланып эч нерсеге алы келбей калатго.Ошолорду кенениреек билдирип койбопсунар.Мүмкүнчүлүк болсо карап бергилечи.Алдына ала ЧООҢ РАХМАТ.
24.03.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин иним сууну коп ичет коп ичпе деп урушсак сууну коп ичкен адам сулуу болот деп койот)))
24.03.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун кенеш экен
24.03.2015. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенешинерге чоон рахмат.
24.03.2015. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олумго да алып келет деп журот гоо
26.03.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menda erte mn jarym stakan suu daiuma ichem..kop ele ichem suunu..
26.03.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суу ичип тазаланмакчы, дарыланмакчы болгондор, түшүнүшүмчө , өз алдынча ичип дарыланууга болбойт. Табыптар гана өз көзөмөлүндө, адамдын оорусуна, көтөрө алышына жараша өлчөп суу берип дарылайт экен. Өз алдыңарча суу ичип дарыланам деп ден соолугуңарга зыян кылып албагылаа!
26.03.2015. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кунуно эки литир суу ичем уйдо филтирленген суу агат ошондон ичсе болот бекен!же созсуз кайнатыш керекпи!
27.03.2015. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baardyk nersenin kobu jaman eskertuu!!! Erten menen kechinde muzdak suu ichilbeit!!! Bir kundo 5, 10 litrdan awyk suu sossuz olumgo alyp barat!!!
27.03.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men dayım krandan alingan suunu suulukka kuyup koyup koyom,bul ayabay paydaluu,hlorlor uchup suu jakshina bolup kalat
27.03.2015. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир кенеш тугандар Сууну жон эле ичпестен Курандагы Фатиха суросун 7жолу оокуп туруп ичсе ооруган жер айыгат
27.03.2015. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кош бойлуу кезде коп суу ичкенге болбойт баланын суусу кобоюп кетет.Менин кайненем дагы суу ичип туруш керек экен мен такыр сууну аз ичем деп айтат.Кыргызстаныбыздын таттуу сууларына эч кайсыл олконун суусу жетпейт.Кыргызстанымдын озун эле эмес баардык нерселерин сагынасын чет элде жургондо.
27.03.2015. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суу коп нерсеге пайда. Муздак суу менен 6 ай ичинде куюнуп журуп, чыгып кеткен курсагымды калыбына келтиргем.
28.03.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билбейм менин оюмча медиктер ар нерсеге тыюу сала берет мисалы сууну кайнатып ич. кайнатпай ич суудагы адамга пайдалуу азоттор учуп кетет дейт. чай демдеп ич кок-кара чай дейт кайсынысын кылышты билбейсин
29.03.2015. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кэчке суу иче берсе анорексия болуп олбойбу
29.03.2015. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy kenew eken. musulmanchylyktada suunun ichuunun 5 parzyn aytywat, 1- suunu ichip jatkanda suunun ichin karaw kerek, 2- suunu icheerde bismillany aytw kerek, 3- suunu oturup ichiw kerek, 4- suunu bolup bolup ichiw kerek,kulkuldatyp ichken kunoo dewewt. 5 -albette Allahka wugur aytyw kerek, ILIMPOZDOR IZILDEWTI, SUUNU TURUP ICHKENDEN KOP OORULAR PAYDA BOLUUSUN, MISALY APPENDICCIT,
bulardy ilim eemi izildep atat, a bul bizge murda ele Alla taala KURANDA AYTYP KOIGON,
22.04.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сууну 1 кундо 2 3 литр ичсе ден о. пайдалуу бирок тазаланган жанакы бироо жакшы айтат бисмилланы айтып ичиш керек да унутпай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо