-

Өлкөнүн мектептеринде 60 окуучуга 1
КОМПЬЮТЕР туура келет. Бул тууралуу аудитор Өктөмхан Абдуллаева билдирди.
-
2015-жылдын 28-февралына карата өлкөдө 145 МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯ катталган. Мындай маалымат Улуттук Банктын интернет сайтына жарыяланды.
-
Кыргызстанда калктын 37 пайызы ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАШАЙТ. Муну Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиев билдирди. Ал эми өтө жакыр жашагандар калктын 2,8 пайызын түзөт.
-
Эшек этине байланыштуу окуядан кийин борбор калаада 200дөн ашык кафе, тамактануучу жайлар текшерилип, ЭШЕК ЭТИ табылган жок. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан маалымдашты.
-

«Ата Журт» фракциясынын легитимдүү лидери бойдон калдым»,- деди
ЖЫЛДЫЗКАН ЖОЛДОШОВА 17-март күнү болуп өткөн жыйындан кийин.
-
СИРИЯДАН кайтып келген кыргыз жарандарына карата жалпысынан 47 кылмыш иши козголуп, 50дөн ашык адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
-
Өлкөдөгү бейтапканалар 1154 ВРАЧКА муктаж. Анестезиолог-реаниматолог, педиатр, тез жардам көрсөтүүчү врачтар, психиатрлар өзгөчө тартыш. Эӊ жогорку суроо-талап Бишкек шаарына туура келет.
-
2015-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга АВТОУНАА ташып келүү 34 эсеге кыскарып, алардын саны 383тү түздү. Былтыркы жылы ушул эки айдын ичинде 13 060 машина алынып келинген болчу.
-
«ЖИА» бизнес-ассоциациясынын КУРУЛУШ комитетинин төрагасы Темирбек Ажикуловдун айтымында, өлкөдө курулуш тармагындагы сатуулардын көлөмү 10 пайызга же 50 миллион долларга азайды.
-
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев: «Ар бир онунчу кыргызстандык өнөкөт БӨЙРӨК ООРУСУ менен ооруйт. Жыл сайын бөйрөк алмаштырууга муктаж болгондордун саны 10 пайызга көтөрүлүп жатат»,- деди.
-
Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору болуп ИЛИМ КАРЫПБЕКОВ шайланды. Ал буга чейин КТРКнын башкы директорунун милдетин аткарып келген.
Эльвира Караева,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg