Сүйүн Откеев, режиссёр: «ЖУБАЙЫМДЫ БИР КӨРҮП ЖАКТЫРГАМ»

№647 27-март-2-апрель, 2015-ж

Бул жолу «Миллиондук мелдеш», «Соолуган карек», «Сен эмне кылмаксыӊ?» аттуу тасмалардын, Султан Садыралиевдин «Кыргыз бийи», Гүлнур Сатылганованын «Сага» аттуу ырларынын клибин тарткан таланттуу режиссёр Сүйүн Откеевдин чакан мамлекети тууралуу сөз кылмакчыбыз. Анда жан шериктерден жагымдуу маек.

– Саламатсыздарбы, алгач эле кантип табышып калдыӊар эле деп сурагым келип турат...
Сүйүн: – Ал кезде Германияда окучумун. Шайлоо деген таанышым Наргиза тууралуу айтып, Германияга окууга тапшырууга жардам берип коюшумду суранган. Сүрөттөрүн көрүп эле «опа-а» дедим да. Анткени үйлөнөйүн деп кыз таппай жүргөн элем. Калп эле бул документ керек, дагы сүрөт керек деп көбүрөөк байланыша баштадым. Кийин телефон чалууга өттүм. Эки айдан кийин Кыргызстанга келип, ата-энелерибизди тааныштырып, кыргыздын салты менен Наргизага сөйкө салып, 6 айдан соӊ баш коштук.
– Алгачкы жолу жолукканда өзгөчө толкундоолор болсо керек?
С: – Экөөбүз биринчи жолу Ошто жолукканбыз. Укмуш даярданып алгам. Гүлдесте алып, такси менен жолугушчу сейил бакка бардым. Аябай толкунданып алгам, сатып алган гүлдестени бергенден тартындым окшойт, тиги айдоочуга «Жеӊем барбы?» десем «бар» деди. «Гүл берип көрдүӊүз беле?» десем «жок» дейт. «Анда бул гүлдү алып барып бериӊиз» деп карматып койдум. Тиги байке таӊ калган боюнча кетти. Ошентип биринчи жолугушууга кечигип, анысы аз келгенсип гүлү жок баргам. Азыркыга чейин жеӊеӊер айтып жүрөт «мага гүл алып келген эмессиӊ» деп.
Наргиза: – Жолугушууга биринчи келип алыптырмын да. Көпкө күтүп калганыма намыстанып эми кетейин деп турсам Сүйүн келип калды. Башында аябай бири-бирибизден сүрдөгөнбүз, тамактанганы барып аны да жей албай (күлүп).
С: – Ошол убакта пицца жаӊы келген болчу биз тарапка. Анан пицца жегенибиз эсимде.
– Бири-бириӊиздерди көргөн соӊ алгач эмнеӊиздерди жактырдыӊыздар эле?
С: – Эӊ биринчи келбетине көӊүл бурасыӊ да. Мага келбети жакты.
Н: –Мен болсо Сүйүндүн мага жасаган мамилесине көӊүл бургам. Биринчи сүйлөшкөндө эле мага туура келерин түшүндүм, экинчиден Германияга кетиш керек болду да(күлүп).
– Үйлөнүү тууралуу сунушун Сүйүн мырза кантип киргизген?
Н: – Эсимде жок. Мен ага чейин жигит жандабагам. Жигит менен сүйлөшсөӊ бул турмушка чыгууга даярдануу деп ойлочумун. Сүйлөшүп жаткандан кийин, демек, мени алат деп ойлогом, колумду өзгөчө сурашын деле күтпөгөн окшойм.
– Жубайлар турмуш кургандан кийин да бири-биринен жаӊы нерселерди табышат го, сиздерде да ошондой болду беле?
Н: – Мен жолдошумдун үй-бүлөсүнө таӊ калгам. Биздин үйдө катуу айтуу, тарс-тарс сүйлөө деген көнүмүш адат. А Сүйүндүн үй-бүлөсү аябай акырын сүйлөп, бири-бирине сый мамиле жасашат экен. Ушул нерсе мага аябай жаккан. Башында өзүм кырс сүйлөп алып, өзүмдү ыӊгайсыз сезген учурлар болгон.
С: – Мага баары эле жаккан, жыйынтыгы көрүнүп турбайбы, эки татынакай кыздуу болдук.
– Эки кыздуу демекчи, алар тууралуу айта кетсеӊер...
С: – Улуу кызым Айлин 6 жашта, учурда бала бакчага барат. Экинчи кызым Назик 2 жашта. Айлин токтоо, кичүү кызым аябай эркек мүнөз, тентек кыз. Тун кызымды жарнамалык роликтерге көп тарттым, бирок акыркы учурда апасы экөө буга каршы болуп калышты. Мен жумушта көп убакыт өткөргөндүктөн, көбүнчө апасы менен калышат. Үйдө бир нече тилде сүйлөшөбүз, Айлин да азыр орусча, түркчө, кыргызча, англисче аралаштырып сүйлөп калган. Кээде бир сүйлөмдө эки-үч тил аралашып кетип, өзүнүн да башы айланып калат. Назик али кичинекей болгондуктан, ага оюн болсо болду.
– 9 жылдык үй-бүлөлүк тажрыйба сиздерди кандай өзгөрүүлөргө дуушар кылды?
Н: – Башында экөөбүздүн кыял-жоругубуз карама-каршы болчу. Убакыттын өтүшү менен мүнөздөрүбүз окшошуп баратат.
С: – Башында баары «идеальный» болчу. Наргизанын тили узарганы чындык, ал нерсе кыскарбаса керек (күлүп). Жубайымдын эӊ жаккан сапаты – сабырдуулугу. Жумушка байланыштуу үйгө келбей калган учурлар да болот. Наргизанын ордунда башка бирөө болсо чыдайт беле, билбейм.
– Наргиза айым, жолдошуӊуздун айланасында жаш, сулуу актрисалар жүрүшөт. Кызганбайм десеӊиз, ишенбейм.
Н: – Тааныштарымдын көпчүлүгү «сенин ордуӊда болгондо, мен тасма тарткан жерге барып алмакмын» деп айтып калышат. Бирок мен Сүйүнгө ишенем. Жашырбайм, кызганыч болот. Бирок чектен чыкпаганга аракеттенем.
– Кызганычтан улам таарынып, катуу айткан учурлар болду беле?
С: – Жок, болгон эмес, ээ? (күлүп).
Н: – Кызганыч эмес, «жумушта көп кармалба, кыздарыӊа көбүрөөк көӊүл бур» деп тизгинди тарткан учур болгон (күлүп). Биз үчүн чогуу отуруп кечки тамакты жеген өтө маанилүү. Ошол нерсеге көп наалыйм.
– "Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр" демекчи, бири-бириӊиздерге жакпаган сапатыӊыздар?
Н: – Сен башта. Болбосо мен токтобой айта баштайм (күлүп).
С: – Андай болсо айтпай эле коёюнчу?!
(Сүйүн мырза сурообузга жооп таба албай көпкө ойлонуп калганда абалды жубайы жөнгө салды).
Н: – Мага Сүйүндүн шаштырганы жакпайт. Эки бала менен эч нерсеге жетишпей турсаӊ «батыраак кыймылдабайсыӊбы» дей берет, же жардамдашып койсочу. Өзү болсо интернетке байланып отура берет.
С: – Интернетке бул өзүнүн телефонунан, мен компьютерден кирем. Балдар дагы интернеттен мультфильм көрүшөт. Анан булардын баары отурса, мен да отурам да (күлүп). Төртөөбүз төрт бурчта отурабыз анан. Интернет бир саатка эле өчүп калса, кадимкидей ыӊгайсыздык башталат.
– Сүйүн мырза дайыма бир калыпта жүргөн адам. Ачууга алдырган учурлары да болобу?
Н: – Чындыгында токтоо. Жолдошумдун бир гана жолу мага катуу айтканы эсимде. Анда жаӊы үйлөнгөн кезибиз. Короодо жумуш кылып жүрсөм, Сүйүндүн жакшы көргөн итин кошунанын ити келип тиштеп жатыптыр. Аларды ажыраткандан коркуп турсам, бул чуркап келип мага «Эмне менин итимди коргобойсуӊ?» деп кыйкырып салган. Ошондо таарынып аябай ыйлагам. Мага эӊ катуу айтканы ошол болгон.
– Маегиӊиздерге рахмат! Бактылуу түгөйлөрдөн болуп жүрө бериӊиздер!

"Наргизадан башка адам болсо менин жумушума чыдабайт эле".

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Сүйүн кетирген катасы үчүн кечирим сурабайт" дейт Откеевдин жубайы Наргиза

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(59)
SUPER.KG видео
30.03.2015. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да жакты,жакшы маек болуптур
Медиа-портал
30.03.2015. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап сонун маек. Билимдуу интеллигенттуу интелектуалдуу уйбуло экен. суйун откеевдин ар бир чыгарган клип тасмалары топ жарсын. Маданиятка кыргыз элине кызмат кылсын. Руханий байлык жогору материалдык убактылуу. Чыгармалары тарбиялык мааниси зор синимдуу ото жогору баалайм. Бактылуу болунуздар урматтуу Суйун мырза жана Наргиза айым.
SUPER.KG видео
30.03.2015. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонунго. Кичинеси пытьыпытьыпытьы татататутуту утютютю деп адамды элжирететго чиркин ширин болуп. Омурлору узун келечектери кен болсун ылайым
SUPER.KG видео
30.03.2015. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз тийбесин.Идеал уй было деп ушуга айт
Медиа-портал
30.03.2015. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emilyen86,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо admin@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтсөңүз болот.
30.03.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек.
30.03.2015. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун маек .Ушундай улгулуу уй булоолор кобоё берсин .
30.03.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула, кошо карыгыла. Мындай жонокой маекти окубаганыма кыйла болду, суктанарлык уй-було экен. Жакшы мааниде кулуп окудум. Аял жакшы, эр жакшы. Наргиза чыныгы коломтонун куту экени корунуп турат.
30.03.2015. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бири-бирине куп жарашкан үй-бүлө экен. Бактылуу болуңуздар, балдарыңыздардын убайын көрүңүздөр!
Медиа-портал
30.03.2015. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда кошулам аябай жонокой экен. Бактылуу болушсун. Окуган билимдуулор ушундай болушат. Анча мынча жасалма ырчыларга караганда мин эсе жакшы суйлоптур аялы. Баракелде.
30.03.2015. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суротун коруп эле "Опа-аа" дедим, дегендей эле аялы сулуу экен да.Бактылуу болгула.
SUPER.KG видео
30.03.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар,соонун майек болуптур
30.03.2015. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу жашоо каалайм!
30.03.2015. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En sonun maek boluptur.
Men da uwundai ui buloolu boluwtu ky9ldanyp kettim)) a9bai jonokoi jana tuwunuktuu jubailar eken uwununardan jazbanyzdar baktyluu bolgula!!!!
Медиа-портал
30.03.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун маек болуптур
Медиа-портал
31.03.2015. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аявай сонун пара экенсиздер.Бактылуу болуңуздар!
31.03.2015. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суктана турган уй-було экен
31.03.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдин уйуно барганыма деле маани бербей бир жакшына болуп журо берчу экенмин да корсо. Айлиндин атасы Суйун байке экенин эми билдим.
Наргиза эже Суйун байке бактынарга бакыт кошулсун.
31.03.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BeStOne, неге барчу элениз? (кызык болуп жатат жон эле ишин не сенин деп урушуп ийбениз эми))))
SUPER.KG видео
01.04.2015. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улгулуу,суйкумду,бири,бирине жарашкан бактылуу уй булолордон экен.Манилуу,ачык суйлогон инсандар экен.Чын эле мага да жакты дагы ушундай кызыкту,маек кутуп калабыз ушул уй булодон.
01.04.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таза кошулмасы жок маек болуптур бактылуу болгула.
SUPER.KG видео
01.04.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарынардын бактысына бар болгула!Улгулуу уй- булоо экенсинер,ушунунардан жазбагыла!
SUPER.KG видео
01.04.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур ))))Кайра кайра жадабай коро турган ))Ылайым жетелешип 100 чыгыныздар)))
02.04.2015. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо кийинки санынарда эрнист сыдыковтон да алгылачы интервью
02.04.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nagi82, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
02.04.2015. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен
03.04.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкасын айта албайм бирок "Кыргыз бийин" коруп оз ишин мыкты билген режиссёр экен деп баа берген элем. Уй булонузго чон бакыт ишинизге албан ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
03.04.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун эки дуйно!
Ушул жакка жуктолгон эч бир маекти акырына чейин корбойт элем.
НЕГЕдир ушул маекти берилуу менен кордум.
Дайыма ушундай улгулуу уй булолордон болуп журо бериниздер!
Медиа-портал
04.04.2015. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salam Syuin,sonyn intervju boluptur. Ishteringe myndan da chong iygulikterdi kaalaim.Semjan menen baktylyy bolup tilegen oi ish maksattaring ishke ashsyn.Bizdin syimugugubuz bolup dagi da jakshi iyigilikterdi, emgekterdi jarata ber!
Salamum menen Kalmira.Düsseldorf
04.04.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soonun yi bylo eken koz tyibesin baktylyylyk kaalaim.
05.04.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун уйбуло экен,озумдун уйбулоомо окшош жактары бар экен!
06.04.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kelinchegi owol boidon Germaniyaga kelbei kalganby je uilongondon kiyin choguu baryp keliwken beken,tuwunboi kaldym :)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо