КОНСТИТУЦИЯНЫ УЛАМ ӨЗГӨРТҮҮ МЫЙЗАМДЫ СЫЙЛАБАСТЫККА АЛЫП КЕЛЕТ

№647 27-март-2-апрель, 2015-ж

25-мартта Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев Жогорку Кеӊештеги 5 фракциянын лидерлери менен жолугуп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүүнү талкуулашты.
Сунушталып жаткан долбоордо премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өстүрүү, ага министрлерди кызматтан алууга, мэрлер менен акимдерди кызматка дайындап же бошотууга укук берүү каралган. Ошондой эле өкмөт башчы болуп шайланган депутаттын мандаты сакталат. Ал эми партиялар депутатты мандатынан ажырата алышат. Соттук бийлик боюнча парламенттин мүмкүнчүлүктөрү кеӊейтилет.
2010-жылдагы референдумда жаӊы Баш мыйзам кабыл алынган. Анда "2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртпөө" жобосу да кабыл алынган болчу. Баш мыйзамды улам өзгөртө берүү эгемендүү Кыргызстандын тарыхында жемиштүү жыйынтык бербей келет. Анткени ал кайсы бир күчтөрдүн колундагы бийликти күчөтүү максатында гана жасалат. Учурдагы Баш мыйзамга ылайык, президент бир гана мөөнөткө шайланат. Андыктан жогоруда айтылган толуктоолор кабыл алынса премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүү менен бир партиянын бийлиги бир нече жылдарга орношу мүмкүн.
Аскар Акаевдин Конституцияны өзгөртүү менен президенттик мөөнөтүн узартышы анын бийликтен кубаланышына алып келген. Конституцияга өзгөртүү киргизип, колуна бүткүл бийликти чогулткан Бакиев да революция жолу менен бийлигинен ажыраган. Кыргыз Республикасынын 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамы Акаевдин тушунда 4, Бакиевдин тушунда 3 жолу өзгөрүүгө дуушар болду. Конституциялык реформалардын дээрлик баары бийлик бутактарынын арасында бийликти бөлүштүрүүдөн улам келип чыгып, 2010-жылга чейин ал президенттин пайдасына чечилип келген.
Негизги мыйзамды улам бир жакка чоюп өзгөртө берүү коомчулукта мыйзамды сыйлабастыкка, бийлигиӊ болсо өзгөртүп алууга болот деген залалдуу түшүнүккө алып келиши мүмкүн. Ошол мыйзамдар аткарылып жатабы-жокпу, мына ушул нерсе маанилүү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
30.03.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бийликтегилер оздоруно ылайыктап озгорто беришетда оздорунун бизнестерине ылайыктап.
02.04.2015. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгоргон менен пайда чыгабы? Атын чыкпаса жер ортто дегендей эле болуп жатат да шайлоого карата. Же оздоруно ынгайлатып колтийбестиктерди кобойтуунун жолу же болбосо кийинки шайлоого карата оздоруно ынгайлуу кылып алуу.
02.04.2015. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгортуу керек дечи бирок алар айткандай эмес. призидентик башкарууга отушубуз керек. Анткени парламентик башкарууну коруп жатпайбызбы майда чуйдо иш каналардын эн кенже кадырларына чейин депутатар аралашып калды.Тажрыйбасы жок эле адамдарды отургузуп коюп жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо