БИР БҮРКҮМ

№647 27-март-2-апрель, 2015-ж

  • Кыргызстанда доллардын курсу кескин көтөрүлдү. Тактап айтканда, Бишкекте 25-мартта акча алмаштыруучу жайларда 1 ДОЛЛАР 65 сомдон сатылды.
  • АЙБЕРМЕТ КУТУЕВА юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. 32 жаштагы бул айым буга чейин Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгын жетектеп келген.
  • 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 138,7 ЧАКЫРЫМ ЖОЛГО асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти. Быйыл 2 көпүрө курулуп, 9 көпүрө оӊдоодон өткөрүлмөкчү.
  • Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча 2020-жылга мерчемделген мамлекеттик программаны ишке ашырууга 493 МИЛЛИОН 600 МИӊ сом жумшалат. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев билдирди. Аталган программаны ишке ашырууга быйыл 243 миллион сом бөлүнөт.
  • Издөөдө жүргөн Ош шаардык прокуратурасынын мурунку кызматкери КАНЖАР КАДЫРАЛИЕВ Башкы прокуратурага өзү келгени маалым болду. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз маалымдашты. Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура Кадыралиевге карата «бейбаштык», «өзүм билемдик» жана «зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеп турган кызматынан бошоткон эле.
  • Алмазбек Асанбаев эмгек, миграция жана жаштар министринин ОРУН БАСАРЫ болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 17-мартта премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон.
  • Акыркы 5 жыл ичинде өлкөдө ПЕНСИЯНЫН орточо көлөмү 164,3 пайызга көбөйгөн. Башкача айтканда, 2800 сомдон 4600 сомго чейин жогорулаган.
  • 1990-жылдан 2013-жылга чейин КУРГАК УЧУКТАН болгон өлүмдөр 45 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу вице-премьер министр Дамира Ниязалиева билдирди.
  • Өлкө аймагында 20-марттан 22-мартка чейин 61 жол кырсыгы катталып, 7 АДАМ КАЗА ТААП, 87 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
  • Сузак районунун Ырыс айылында 240 орундуу ЖАӊЫ МЕКТЕП ачылды. Мектептин курулуш иштери 2008-жылы башталган. 240 окуучуга ылайыкташкан мектептин жалпы сметалык баасы 40 миллион сомду түзгөн. Буга чейин окуучулар 1932-жылы салынган эски мектепте окуп келишкен.
  • Орусиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматына ылайык, 2014-жылдын 4-декабрында Орусияда расмий катталган КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН саны 540 миӊ болсо, үстүбүздөгү жылдын 5-мартында бул көрсөткүч 523 миӊди түздү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
03.04.2015. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда жазылган пенсиянын суммасына кулушунду же ыйлашынды билбейсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо