ЖАӉЫ ТӨРӨЛГӨН БАЛАНЫН ДЕНЕСИ ЭМНЕГЕ САРГАЯТ?

№648 3-апрель-9-апрель, 2015-ж

Көпчүлүк жаӊы төрөлгөн балдардын денеси саргайып турары белгилүү. Бул оорунун белгисиби же өзү кетип калуучу көрүнүшпү? Муну түшүндүрүп берүүсүн өтүнүп Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ара төрөлгөн балдардын патология бөлүмүнүн жетекчиси, педиатр Сагынбү Абдувалиевага кайрылдык.

САРГАЮУНУ КЕТИРҮҮНҮН 1 ЖОЛУ – БАЛАНЫ ЭМИЗҮҮ
–Жаӊы туулган баланын денесинин саргаюусунун (желтуха) 2 түрү бар: физиологиялык жана патологиялык.
Физиологиялык түрү
Бул түрү жарыкка келген дени сак ымыркайлардын көбүндө кездешет жана денесинин саргаюусу туулгандан кийин 2-суткада күтүлөт. Эмне үчүн?
Кептин баары баланын организми түйүлдүк кезден өз алдынча жашоого ыӊгайлаша баштаганында. Бала ичте экенинде организминдеги эритроциттер феталдык (түйүлдүк) гемоглобиндер менен камсыздалган болот. Бала төрөлгөндө өсүп жетиле элек гемоглобиндер эритроциттер менен кошо бузула баштайт. Башкача айтканда, түйүлдүктөгү гемоглобин жаӊы гемоглобиндер менен алмашууга өтөт. Эритроциттердин бузулганынын белгиси болуп билирубиндин бөлүнүп чыгуусу эсептелет. Билирубиндин айынан баланын денеси саргаят. Негизи аталган зат денеден боор аркылуу бөлүнүп чыгат. Бирок ымыркайлардын боору толук иштей элек болгондуктан билирубиндердин канча бир бөлүгү боордо топтолуп калат. Ушундан улам баланын денеси 2-суткада саргая баштайт. Аны кетирүүнүн жолу баланы эмизүү болуп эсептелет. Бала эмчек сураган сайын эмизсе, билирубин эртерээк чыгып кетет. Өзгөчө ууз сүтүнүн пайдасы зор. Аны бала көбүрөөк эмсе, ичин өткөзүп, бир сыйра тазалайт. Демек, билирубин да чыгат.
Ымыркайдын анализин текшергенде билирубиндин саны нормадан бир аз ашык экени билинсе, анда ал сүт менен эле кетет.
Эгер нормадан көбүрөөк болсо, бала фототерапиядан өткөзүлөт. Башкача айтканда, ультра кызыл-көк нур бөлүп чыгаруучу лампанын алдында 24 саат жаткызылып, көзү көз айнек формасында тигилген калыӊ мата менен жабылат. Аны аял өзү тигип алса же даярын сатып алса да болот. Энеси ошол жерден убагы менен алып эмизип турат. Фототерапия баланы уйкусураткандыктан эмчекти жакшы эмбей коюшу да мүмкүн. Ага карабай ойготуп, жакшылап эмизүү талап кылынат. Айта кетчү нерсе, аял сүтүм көбүрөөк бөлүнүп чыга баштасын десе, түнкүсүн бат-баттан эмизиши шарт.
Баланын денесинин саргаюусу 1-2 аптада кетип калат. Төрөт үйүнөн чыккандан соӊ күн жылуу учурда сыртка көтөрүп же күн нуру тийген терезенин түбүндө көзүн жаап жаткызса да болот. Эне наристесинин денесин, өзгөчө таманы менен алаканын байкап жүрүүсү керек. Билирубиндин толук кетиши ошол жерлерден так билинет. Эгер саргаюусу 1-2 аптада кетпесе, педиатрга алпарып, анализ тапшыртуусу зарыл.
Эгер баланын денеси туулган күнү эле саргайса, анда билирубиндин деӊгээли аябай жогору. Андайда дароо чара көрбөсө, билирубин боордон чыгып, кан менен жылып баш мээге барып, баланы неврологиялык ооруга чалдыктырат. Бала өзү теӊдүүлөрдөн кеч эмгектеп, кеч сүйлөп, кеч басат жана башка. Андыктан анын алдын алып иммуноглобулин дарысы вена аркылуу берилет.

ПАТОЛОГИЯЛЫК ТҮРҮ
Баланын денеси төрөлгөн күнү эле саргайып, 3-4 күндөн соӊ анысы көбөйүп кетет. Буга себепкерлер төмөнкүлөр:

  • Боюнда болгон алгачкы 3 айда эне жыныстык жактан жугуучу жугуштуу оорулар же аба аркылуу жугуучу оорулар (сасык тумоо, ОРВ), бөйрөктүн дарттары менен жабыркаса, кан басымы көтөрүлсө ичтеги баланын денеси канча бир деӊгээлде саргаят. Анткени оорулардын айынан ичтеги балага кычкылтек жетиштүү өлчөмдө барбай калат. УЗИден текшергенде каканак суусу көбөйүп же азайып кеткени билинет.
    Андыктан аял оорулардан сактанып, витаминдүү тамактанып, оор жумуштардан качуусу, ачууга алдырбай кармануусу зарыл. Бир жери ооруганы билинсе, өз алдынча дарыланбай врачка кайрылып, текшерилүүсү туура.
  • Түйүлдүктүн боорундагы өт чыгуучу каналдын тубаса бүтөлүп калышы. Мындай бала тубаса сарык болуп төрөлөт. Кийин боору акырындап циррозго өтөт. Боорун алмаштырбаса 5 жашка жетпей чарчап калат.
  • Тукум куучулук.
  • Резус-фактор же эне менен баланын кан топторунун туура келбестиги. Мындай болгондо да ичтеги баланын денеси саргайышы мүмкүн.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(21)
06.04.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боюнда барларга жакшы кенеш экен.биз да балабызды терезеге жаткызып кетиргенбиз. аябай жакшы таасирин берет энергия да алат.
06.04.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо эн маанилуу жакшы ...кобуроок жазгылачы ушундай макалалардан.
06.04.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун кенеш экен.рахмат
06.04.2015. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ,боюнда барында наркоз алып операция болсо балага зыяны тиеби айрыкча 1,2 айлыгында кийин кандай торолот ушул тууралуу билип берсениздер! Алдын ала рахмат.
06.04.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Магада алдын ала турмуштук сабак болду. рахмат
06.04.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне менен баланын кан топтомдору туура келбесе кандай болорун айтпаптыр дааа
06.04.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен чоон рахмат
06.04.2015. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biz chet elde bolgondyktan kizimdin bir jashka tolgondogy ykolyn ala elekpiz , albai koisok dele boloby kandai dep oiloistor super info bilip bersenizder jakshy bolmok aldin ala rahmat...
10.04.2015. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
malika14, bilishimche 1 jashta kor' ildetine karshy emdelet. Albai koiso ech nerse bolboit. Kor' juguzup albaganga araket kyluu kerek. Kelgende alyp koisonor dele bolot. Azyr Kyrgyzstanda epidemiya kor' bolup jatkandyktan 1jashtan 20jashka cheiyn massalyk turdo emdelip jatat.
11.04.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
seed,choon rahmat , ozybyzdyn pediatr bar ele barsak bashka jaka kochyryptyr anin aadresin tabish kerek bolup jatat tapsam ele emdetip koiom ...
06.04.2015. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менде бир суроо бар.20-жумалык боюмда бар.флюрографияга туштум,коргоочу фартук менен белими жаптым.бирок баари бир кыжаалат болуп жатам,ким кантип ойлойт туура кылдымбы?
10.04.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Umka636589, korgoochu fartuk tuuraluu kabarym jok eken. Birok kosh boiluu uchurda fliurografiya bolboit deshet go
07.04.2015. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы макаала ...
07.04.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен тороп больницадан чыгам деген куну кызымдын бетти саргая баштаган врачтардан сурасам эч нерсе болбойт болгону кунуно 150граммдан суу берип тур деген 2-3 кундой суу бердим сарысы жоголуп кеткен кышында торогом кунго жаткызайын десем Москвада кун тийбейт да
07.04.2015. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат!
08.04.2015. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ,Супер инфо кош бойлуулу
к жонундо кобуроок жазуунуздарды суранам.
09.04.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saipova.91, саламатсызбы!
Кош бойлуулук тууралуу макалалар:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=кош+бойлуу&x=0&y=0&media_search=1
09.04.2015. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пайдалуу кенеш, рахмат
10.04.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сагынбү еже сизге чооң рахмат азыркы учурда менин уулум сиздин колунузда дарыланып жатат врачтардын баары сиздей болсо жакшы болмок рахмат сизге мен Жалал абадтан болом.
12.04.2015. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо кантип невропотологдон кенеш алсам болот?
14.04.2015. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rayasha, саламатсызбы!
Kenesh@super.kg электрондук дарегине жазыңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо