АПРЕЛЬ ОКУЯСЫ БИЗГЕ ЭМНЕ АЛЫП КЕЛДИ?

№648 3-апрель-9-апрель, 2015-ж

Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде 2010-жылкы Элдик революцияга 5 жыл толот. Бул күнү «элдик көтөрүлүш болгон», «революция болгон», «жок, бийликти күч менен тартып алуу болгон» деген талкуулар бүгүнкү күнгө чейин тыйыла элек. Авторитардык бийликке нааразы болуп митингге чыккандардын арасынан 87 адам ошол күнү өз өлкө жетекчилигинин буйругу менен өз элинде, өз жеринде, сырттан кирген душманы жок эле окко учуп каза табышты. 5 жыл аралыгында ошол күнү алган жаракаттарынан улам каза болгондор кошулуп отуруп апрель курмандыктарынын саны 118ге жетти. Ушунча адамдын каны менен ишке ашкан Апрель революциясы Кыргызстанга эмне алып келди? Ушундай суроо баарыбыздын көӊүлүбүздө. Бул суроого баш катырган эксперттердин басымдуу бөлүгү төмөнкү жакшылыктарды баса белгилешет:
Апрель революциясынан улам биз бийликти бир колго узурпациялап алуу маселесин чечип, башкаруунун президенттик-парламенттик жолуна түштүк. Ага ылайык, Баш мыйзам кабыл алдык. Бул систем өлкөгө байланыштуу негизги маселелер боюнча чечимдер бир кландын, бир адамдын кызыкчылыктарына жараша чечилип калбастан, көп саясий күчтөрдүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга аралашуусуна мүмкүнчүлүк берип жатат.
Апрель революциясы саясий партияларга өнүгүүгө жол ачып берди. Ошондой эле ал массалык маалымат каражаттарынын өнүгүшүнө, анын негизинде мурдагы бийликтер тарабынан «уурдалып» кеткен сөз эркиндигинин калыбына келишине шарт түздү.
Албетте, нааразычылыктар да жок эмес. Анткени кадр маселелери көпчүлүк учурда баягыдай эле байланыш-катыштар аркылуу чечилүүдө. Калкты ныгыра баскан жардылык оӊолуп кеткен жок. Парламентаризм боюнча да коомчулукта көӊүл калуу тенденциясы акырындап өсүп баратат. Анткени парламенттеги фракциялар өз миссияларын «портфель бөлүштүрүү» деӊгээлинен ары көтөрө албай жатышат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(12)
06.04.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
7 апрель бизге эч кандай жакшылыктарды алып келген жок. тескерисинче соз эркиндигин жоготту кыргызстан озунун эгемендуулугнон ажырагандай абалда турат,озубуздун кен байлыктарыбызды табигый ресурстарыбызды сатып жок кылдык 5 жыл ичинде,ошондой эле коррупцияны гулдоттук чыныгы эр азамат патриотторубзга кылмыш ишин козгодук бир канча азаматтарыбыз саясий кугунтука кабылды жана крим дуйнону оркундоттук.жан алгыч каракчыларды турмодон бийликтен коштоосунда кызыл килем астында узаттык айта берсе коп .
06.04.2015. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин жеке ойумча 7 апрель кыргыздарга жана кыргызстанга эч кандай жыргал турмушту алып келген жок тескерисинче 87 азаматтарыбыз окко учту жана ош окуясынын келип чыгышына да туздон туз ушул 7 апрель жана ошол убактагы тактап айтканда азыркы бийлик башындагылар куноолу. биз кыргыздарга 7 апрель эч кандай жыргал алып келген жок. бирок кээ бир атка минээрлерге коптогон ийгиликтерди алып келдиго чиркин!!!!!!!!!!!
07.04.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
buhnurga,en tuura ech nerse bolbodu president dubanachilik menen alek
06.04.2015. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдыга жылуу жок..!
06.04.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевти бийликке алып келди :)
07.04.2015. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
7 апрель кыргызстандын кайра жаралуу куну деп коет дагы буну окуп алып куйбогон жерим кул болду арыжоктор ий арыжоктор качан оонолобуз туугандар :(
07.04.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ota.88, сунушуңузга рахмат! Сын-пикирлерди тиешелүү даректерге жөнөтүңүз!
07.04.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar Kim oz bilgenin jasait.eldi oilogon bir da ministr jok.anin orduna jep eldin esebinen bayip jatat
07.04.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апрель окуясы бизге эч нерсе алып келген жок жамандыктан башка.
09.04.2015. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйратышты!
11.04.2015. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээй апрель окуясы дейбиз миндеген адам олгон ош июнь окуясына да эч ким жооп бербей келет го, Атаибаев кыйын болсо азыркы бийлик кыйын болсо бирин артын бири чукубай ошол июнь окуясына куноолуулорду кармабайбы, дагы 10 жылдан кийин кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт!!!
12.04.2015. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апрель окуясы жүздөгөн кыргыздардын өз жеринде канынын төгүлүшүнө алып келди. Андан башка эч кандай олуттуу өзгөрүш болгон жок! Мурдакыдай эле таз кейпибиздебиз...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо