ЖОЛДУБАЕВА СТИМУЛ ҮЧҮН ОРУН БАСАРЛАРДЫ АЛМАШТЫРДЫМ ДЕЙТ

№648 3-апрель-9-апрель, 2015-ж

Парламенттеги Мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2014-жылга болгон отчётун укту. Эл өкүлдөрү баш прокурорго ар кандай суроолорду беришти. 100 миӊ доллар пара менен кармалган Баш прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Арпачиев тууралуу да суроолор берилди. Индира Жолдубаева: «Прокуратура кызматкерлеринин көпчүлүгү Арпачиевдин кылган ишин айыптайт. Аталган факт жалпы системдүү эмес, бир эле жолу орун алган окуя. Буга «адам артка чегинди» деп караш керек. Ал эми «жалпы прокуратура системи коррупцияланган» деп айтуу туура эмес»,- деп билдирди. Эл өкүлү Бактыбек Калмаматовдун: «100 миӊ доллар менен жабылмак болгон мынчалык кымбат эмне болгон иш?»- деген суроосуна баш прокурор иликтөө жүрүп жаткандыктан кенен маалымат айта албасын түшүндүрүп, аталган кылмыш иши жерлерди трансформациялоого байланыштуу экендигин кыйытты.
Ал эми баш прокурордун 3 орун басарынын алмашышы тууралуу Индира Жолдубаева «Бүгүн Башкы прокуратуранын алдында белгилүү бир тапшырмалар коюлган. Жетекчи түзүмүнүн алмашылышы жаӊы стимул берип, жакшы жыйынтыктарга жетишибизге түрткү болот. Бошотуулар мына ушул нерсеге гана байланыштуу. Мурунку жетекчиликке менин эч кандай дооматым жок» деди.
Баш прокурордун айтымына караганда, былтыр коррупция фактысы боюнча 1250гө жакын кылмыш иши козголгон. Коррупциялык иштерден улам мамлекетке 886,3 миллион сом көлөмүндө зыян келтирилгендиги ачыкталган. Прокуратуранын иш-аракети менен 727 миллион сом мамлекетке кайтарылган.
«2014-жылы аягына чыкпай калган иштер көп болду. Мародёрлук, Батукаев сыяктуу талкуу жараткан иштерге чекит коюлган жок» деп, жыйын аягында Мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети Башкы прокуратуранын отчётун жетишсиз деп тапты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(3)
09.04.2015. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баш прокурор "пара алуу бир эле жолу орун алган окуя" деп жанды кашайтатко? Жаныбызды коргоого кепилдик берсе,пара алган прокурорлорду далили менен сайрап гана бермекпиз, бирок андай эмес да, ущул кунго чейин бир дагы пара албаган прокурор болгон эмес. Индира айым кыйын болсо элди коюп коррупция менен курошту прокуратуранын шаардык, облустук, райондук болумдорунон баштасын. Орган деген жалан коррупционерлер. Же карга карганын козун чукубайт болобу биягы.
11.04.2015. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коррупция менен курошкуло бирок ошол карупцияны да корупция менен бутуруп койосунар себеби пара берип жаткан адамдын сот менен прокурорлорго жете турганда акчасы барда. ошол учун бизде корупция эч качан жойулбайт иншааллах.элестет кембагал адам пара албайт кембагал адамдын жумуш кызматы да кичине болот. ал параны гилтейген столду креслону ээлеп алган чондор алат.например бир депутатга пара берип жаткан жеринен бир соттун окулу кармап алса ал дароо индирага айтып айдатам жумушунан дейт вот так..
alai1987 түзөттү 2015-04-11 17:37:05
12.04.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул айымды да куто туралычы емне болоор екен, бир алгылыктуу жумуш жасай ала бекен, негизи еле ишенич кетип калды баарыбызда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо