ПАРТИЯЛАР ШАЙЛООДОН КИЙИН ТИЗМЕНИ ӨЗГӨРТПӨЙ ТУРГАН БОЛУШТУ

№648 3-апрель-9-апрель, 2015-ж

1-апрель күнү Жогорку Кеӊеш президенттик жана парламенттик шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү экинчи окууда жактырды. Аталган мыйзам долбооруна ылайык, шайлоого биометрикалык маалыматтарын тапшыргандар ID паспорту менен гана катыша алышат. Шайлоочулардын тизмеси электрондук жана кагаз түрүндө да түзүлөт.»Биз шайлоолордо жаӊы технологияларды кылдаттык менен колдоно башташыбыз керек. Заман талабы ушундай. Ал үчүн жарандар маалыматтарын өз маалында тапшырууга тийиш»,- дейт демилгечилердин бири депутат Абдыжапар Бекматов.
Мурда участкалык шайлоо комиссияларынын иш убактысы кечки саат 7ге чейин болуп келсе, эми саат 8ге чейин узартылды. Бюллетендер автоматтык түрдө саналган соӊ кайрадан кол менен саналып чыкмакчы. Буга катар мыйзам долбооруна ылайык, шайлоодон кийин партиянын тизмесин өзгөртүүгө мүмкүн эместиги белгиленди.
Мындай өзгөртүүлөргө добуш берүүгө катышкан 109 депутаттын 102си макул, жетөө каршы деп добуш беришти.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
06.04.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек, оздук маалыматты беруудон баш тарткандарды шайлоо укугунан ажыратабыз дегиле. Конституциялык укугубузду бузууга ким силерге жол берди? Эмне учун баш мыйзамды одоно бузуп жататсынар?
Жарандардын оздук маалыматын эптеп сактай албай ар кимге уурдатып (же сатып) жатсанар, ким силерге ишенип биометрикалык маалыматтарын тапшырат ???
Сабатсыздардын ушундай кызматта отургандарына аябай тан калам да.
Wave. түзөттү 2015-04-06 11:02:04
06.04.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасынын горуууу баягы эле мадыра баштар кайтып келишет экен да. Шайлоо откоруп кереги жок, ошол шайлоого деген чыгашанарды бир добуштан чогултуп Кыргызстандын карызынан азыраагын болсо да кутулуп койгула.
06.04.2015. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанга шайлоонун деле кереги жок болуп калды. Мен козум менен коруп кубо болгом президенттик шайлоодо Атамбаевди шайлайсынар жогору жактан ошондой приказ келди деп начальниктен техничкага чейин Атамбаевге добуш берген мен башка Мадумаровду колдойм деп кызыматтан айрылгам эми болсо журом Оруссияда.
08.04.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз азыркы учурда алдыга карай өнүгүп жатканда бул технологиялар керек учурдун талабы туура Бирок карапайын эл шайлоого бир гана ID карт паспорту менен кана болбойт башка документтер мененда кирууго уруксат берилиши керек аста аста элди уйротуу керек деп ойлоймун шайлоо тынч отот
13.04.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну жакшы кылышыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо