№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
7-апрель күнү президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өткөрүлгөн Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгына арналган расмий иш-чарага катышты. Мамлекет башчы менен катар экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Аксы окуясы жана Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүлчамбар коюшту.
Мамлекет башчы ар дайымкы талкуу жараткан билдирүүлөрү сыяктуу бул сапар да эмоцияга жыш сөз сүйлөдү.
– Урматтуу мекендештер!
Беш жыл мурда, 2010-жылдын 7-апрелинде өлкөбүздүн тарыхындагы эӊ кайгылуу, бирок ошол эле убакта эӊ маанилүү окуялардын бири болгон. Ошол күнү 88 жараныбыз курман болгон. Бирок андан кийин өткөн беш жылдын ичинде да алган жаракаттарынын кесепетинен ондогон жигиттерибиз көз жумду. 7-апрель шейиттерине таазим этебиз!Азыр арабызда ошол 7-апрель күнү «Ала-Тоо» аянтында ок алдында тургандар, өлүмдүн көзүн тик карагандар турат. Катуу жарадар болгондор бар, Кудай октон сактагандар да бар. Эрдигиӊиздер үчүн баарыӊыздарга таазим кылам!
Ошол каргашалуу күнү «Ала-Тоо» аянтына эч ким кызмат үчүн же байлык үчүн чыккан жок! Эч ким сыйлык алам деп чыккан жок! Көр оокат үчүн эч ким чыккан жок! 7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан! Кул болбойбуз деп чыккан! Кайрадан Кокон хандыгын курдурбайбыз деп чыккан! Тизелеп жашаганча, тик туруп өлөбүз деп чыккан!
Беш жыл мурда эл майданга чыкпай эле койсо болмок дегендер аз эмес. Мурдагы бийликти эӊсеп, аларга мурдагыдай эле кызмат кылып жүргөндөр аз эмес. Минск шаарынан тапшырма алып, ал жердеги канкорлорго байма-бай барып, керек болсо тойлорунда ырдап, бийлеп жүргөндөр да бар. Кан жыттанган акча таратып, жаш балдарды баш аламандыкка түртүп, элди алдап, бөлүп-жаргандар да аз эмес. Убагында өлкөбүздү тоноп, эми болсо элибизге күйүмүш болгондор андан көп. Кыргыз элине канчалык жаман болсо, ошончолук бизге жакшы болот деп күнү-түнү жамандык тилеп жүргөндөр да аз эмес!
Сасык макала, калп китеп жазгандар, канкорлорду актап-жактагандар мындан көп. Бул бузукуларга алданбагыла! Булардын ким экенин унутпагыла! Аркасында ким турганын унутпагыла! Өткөндү унуткандар өз келечегине балта чабат!
Элибизде «көч бара-бара түзөлөт» деген сөз бар. Эӊ негизгиси өз жолубузду таап алдык. Ошол жолду элибизге 7-апрель ачып берди.
Бала кезимде мен Максим Горькийдин Данко жөнүндөгү аӊгемесин көп окудум эле. Данко эли караӊгыда адашып, жол таппай калганда көкүрөгүнөн өз жүрөгүн сууруп чыгат. Данконун жүрөгү ошондо нур төгүп күйүп, анын жарыгында эли жолун таап аман калат.
7-апрель шейиттери – ошол сыяктуу кыргыз элинин Данколору. Мындай жигиттери бар эл сөзсүз күчтүү, өнүккөн мамлекет кура алат.
«Элүү жылда эл өзгөрөт» дейт. Биздин эл беш жылда эле катуу өзгөрдү. Ошол күйүп кеткен жүрөктөрдүн жарыгы акты ак кылып, караны кара кылып көрсөттү. Бир эле мисал. Үй-бүлөлүк башкаруу Кыргызстанда кайра боло алат деп ким ишенет? Криминал «Ала-Тоо» аянтына келип өкмөттү кайра коркутат деп ким ишенет? Уурулар, коррупция да ошол жүрөктөрдүн жарыгынан коркуп, ийиндеринде жашынып жатат дымып, мурдагыдай мактанып кычырабай.
Мен элибиздин, жерибиздин келечегине ишенем. Элибиз быйыл мыкты парламент шайлайт деп ишенем. Элибиз эки жарым жылдан кийин мыкты жаӊы президентти шайлайт деп ишенем.
Бир эле нерсени унутпасак.
7-апрелди унутпасак. Ал эмнеге болгонун унутпасак.
7-апрель шейиттерин унутпасак. Аларга дайыма таазим кылып жүрөлү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Өз оюңузду эрежеден чыкпай жазыңыз! Эскертүү сызыкчаңыз толду! Дагы кайталанса, түбөлүк БАН!