УБАКЫТ БААЛУУБУ ЖЕ ДЕН СООЛУКПУ?

№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж

Желим идиш-аяктар, микротолкундуу мештер, сууну бат кайнатуучу чайнектер, полиэтилен баштыктар жана кайра иштетилген материалдардан жасалган буюмдар жашообузда көп эле колдонулуп келет. Булар аркылуу убакыт үнөмдөп, ашыкча күч сарптоодон кутулганыбыз менен, адамдын ден соолугуна зыяны жок деп айта албайбыз. Эмесе, желим чайнек, муздаткыч жана микротолкундуу мештин терс жактары тууралуу кеп кылалы.

ЖЕЛИМ ЧАЙНЕК. ҮЧ МҮНӨТТӨ ЧАЙ ДАЯР, БИРОК...
Зыяны:
Пластмассадан жасалган чайнек ден соолук үчүн зыян. Өндүрүшчүлөр пластмассаны иштетүүдө ар түрдүү синтетикалык каражаттардын аралашмасын эритип, физикалык таасирлердин жана химиялык кошулмалардын жардамы менен жасашары белгилүү. Эгер сиз 20 жылдык өмүрүӊүздө жалаӊ пластмасса чайнекте кайнаган сууну колдонуп келген болсоӊуз, анда ден соолугумдун 50 пайызын жоготуп алдым дей бериӊиз. Анткени кайноо кубулушунда чайнекке ысык температура таасир этип, ал жасалган материалдын молекуласынын полимерлери кеӊейет дагы, суу зыяндуу кошулмаларды өзүнө алат.
Пластмасса идиште кайнаган суунун даамы желим даамданып, ал тургай жыттанып да турат.
Пластмассадан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар ашказан-ичеги ооруларын жаратып, ал тургай залалдуу шишиктерди пайда кылышы мүмкүн. Сатып алган чайнегиӊиз
пластмасса болсо, аны 1-2 жылдан ашык колдонууга болбойт. Канчалык көп колдонгон сайын зыяндуу заттар ошончолук көп бөлүнүп чыга баштайт.
Дегеле пластмасса идиштин баары фарфор, айнек, карапа же дат баспоочу болоттон жасалган металл идиштерге караганда зыяндуулугу жактан биринчи орунда турат. Колдон келсе бир гана суу эмес, эӊ жөнөкөй туз, кумшекер, кургак азык-түлүктүн дээрлик баарын полиэтилен баштык жана пластмасса идиштерге сактоодон качыӊыз.

МИКРОТОЛКУНДУУ МЕШ
Учурда микротолкундуу мештер ашканада газдын, электр мешинин, электр плитасынын, ал тургай көмөч казандын ордуна да колдонулуп келет. Ага эртеӊ мененки жеӊил тамактан тартып, мейманга коюлчу тамактардын бардык түрлөрүн жасоого жана жылытууга, муздаткычтагы тоӊгон азык-түлүктү бат эритүүгө болот. Бирок бул ыӊгайлуу буюмдун да терс жактары бар.

Зыяны:
Эӊ негизги кемчилиги – анын электромагниттик нурдануусу. Компьютердин алдында отурганда же чөнтөк телефондон бөлүнүп чыккан нурдануу канчалык зыяндуу болсо, микротолкундуу мештен бөлүнүп чыккан нур да ошончолук зыяндуу. Ошондуктан микротолкундуу меш иштеп жатканда жанынан 1,5-2 метр алыстыкта туруу керек.
Жумуру азыктарды бышырууга болбойт. Буунун басымы жогорулап кеткенде жумуртка жарылып, ал эми ичине сосиска салынган камыр же ортосуна бир нерсе салынган пирогдор камыр бышканча эзилип кетиши мүмкүн. Өтө көп көлөмдөгү майга да тамак бышырууга болбойт. Май катуу кайнап, мештин ичин булгап, айрым учурда жарылууга да алып келиши ыктымал.
Иштеп жаткан микротолкундуу мештин оозун ачык калтырууга болбойт. Эшигинин ички бетин чачыраган нерселерден тазалап, жылчыксыз жабуу керек. Эгер кичине эле жылчык калса, андан бөлүнүп чыккан нурдануу жанында жүргөн адамдын ден соолугуна зыян келтирет.

МУЗДАТКЫЧ
Азыркы күндө ар бир үйдөн муздаткычты көрүүгө болот. Анын ичине чийки-бышкан, суюк-коюу, жумуру, катуу экенине карабай азыктын баарын салып сактайбыз. Айтор, муздаткыч ашканадагы үй-бүлөнүн «сейфи» десек болот. Анын эӊ башкы артыкчылыгы ушунда. Бирок бул артыкчылыктын артында кемчилик да кездешет.

Зыяны:
Ар бир өндүрүүчү компания муздаткычтардын улам жаӊысын ойлоп таап, бирине бири атаандаштык түзүп, жан үрөп иштеп келишет. Бирок алардын ден соолукка зыяны жок дегенге эч ким кепилдик бере албайт. Сөз болуп жаткан электромагниттик нурдануу муздаткычтан да чыгат. Андан коргонуу үчүн муздаткычты уктоочу бөлмөгө жана анын дубалына чектеш бөлмөгө койбош керек. Чоӊ, кубаттуу муздаткычтан чыккан нурданууга дубал дагы тоскоолдук кыла албайт.
Ошондой эле муздаткычтын ичинде көптөн бери турган банка же бөтөлкөлөрдөгү суюктуктар, мөөнөтүнөн өтүп кеткен азыктар, кесилген мөмө-жемиштерди дароо алып салуу керек. Анткени алардан зыяндуу бактериялар бөлүнүп чыгып, жанындагы таза азыктарга жугуп, сапатын бузат. Мындай бузулган азыктарды жегенден уулануудан башка дагы түрдүү ооруларга кабылууӊуз мүмкүн.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(11)
13.04.2015. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айии аябай коркутуп салдынар го кантип туура жашаарыбызды билбей калдык. Бул буюмдар болбосо кантебиз?
13.04.2015. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Холодильникти эч ойлобоптурмун эн пайдалуу ушул деп журсо) клубниканы малинаны пласмассага салып морозильнике сактап кышы менен жейт элек да эми эмне кылсам
13.04.2015. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
холодильниксиз ысыктын кунундо эмне кылабыз айла жокда, азыр озу бар жок зыян пльесос, кур жуугуч машинка, компьютер, телефон айтсан толтура аларды биз кундо керкек болсо тынбай иштетип келебиз эми Кудай сактасын! Илгерки адамдар таза жашашкан натуралдуу нерселерди колдонуп таза кучтуу тамак жеп ошондуктн ден соолугу да таза, а биздики жалан гана химикат!!!
14.04.2015. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларсыз кантип жашашты да билбейсин
14.04.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ден соолугунду сактап, узак жашайм десен уй булонду ал да тээ тоонун башына кочуп барып боз уй тигип ал да анчылык кылып,дыйканчылык м.н жашай бер. Таза,салкын аба. Холодильникке муктаждык жок,химикаты жок натуральный тамак аш. Эч кандай проблема жок,озунчо эле жомок жашоо. Кандай сонун ээ?
15.04.2015. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aruuke07,переживайтеткендерди очуросун го обычно кайненелер ушинтип суйлошот "жайлоого чык экология таза,тыйын кетирип крем алба ал химикат,балдарга сладкий бербе тиши тушот" деп уктасан да кулагына угула берет.
23.04.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aruuke07, туура айтат, илгеркилер ошон учун оорушпай жакшы жашашкан тура. Азыр биздин ар бир буюмубуз, тамак ашыбыз баары эле зыяндуу болуп калды.
14.04.2015. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буларсыз жашоо кыйынгоооо коп буйумдар сакталатда
15.04.2015. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии соонун маалыматтар экен рахмат! Тушунбодум пластмассадан жасалгандар зыян болсо стеклянный железный идиштер зыян эмеспи???
17.04.2015. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ракмат жакшы керектуу маалымат айттынар .Эми жалан гана сыр идиш алып иштетем .
19.04.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Очоктун чайын ичпесемби эми,кайненемдин очогунан айланып, ыш жыттанса деле макул болуп :).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо