СЕПКИЛ ЭМНЕ ҮЧҮН ТҮШӨТ ЖАНА КАНТИП КЕТИРҮҮ КЕРЕК?

№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж

Жазгы шамал, чаӊ, түз тийген күндүн нуру... Булардын баары териге бир мезгилде таасир этип, аны жабыркатат. Андыктан бул мезгилде айрымдардын бетинде сепкилдин пайда болушу да бекеринен эмес. Сепкилди кетирүүгө болобу? Жоопту дерматолог- косметолог Айнура Уезбаевадан угалы.

СЕПКИЛ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ТҮШӨТ?
– Сепкил – тегерек же сүйрү формадагы, ачык сарыдан кочкул күрөӊ түскө чейинки беттеги жана денедеги пигменттүү тактар. Мунун пайда болушунун себептери:
1. Күн нурунун таасири жана тукум куучулук. Теринин алдында меланин пигменти жайгашкан, ал организмди күндүн ультра сыя-көк нурларынан коргойт. Теринин өӊү канчалык ачык болсо, ысык кезде меланин ошончолук көп бөлүнүп чыгат. Бул организмдин терини күндөн күйүп калуудан сактоого жасаган аракети. Андыктан сепкил көбүнчө өӊү сары адамдарда көп кездешет. Сепкил жазында пайда болуп, жайында көбөйүп кетет да, кыш түшкөнү өӊү өчүп билинбей калат. Күн нурунун алдында адам канчалык көп жүрсө, сепкил ошончолук көбөйөт. Сепкил негизи тукум кууйт.
2. Ички бездердин иштөөсүнүн бузулуусу, боордун жана өттүн оорулары жана башка. Андыктан мурун жок болуп, кийин бетке сепкил түшсө, врачтарга барып текшерилүү керек. Оорудан болсо дарылансаӊыз кетип калат.

ПАЙДАСЫ ЗОР БОТКОЛОР
Тукум кууган сепкилди биротоло кетирүүгө мүмкүн эмес, бирок аны көп чыгарбай кармоого, атайын ботколор менен өӊүн бозортуп билиндирбей коюуга болот.

Петрушка
Майлуу тери үчүн. Петрушканын 1 аш кашык ширесине 1 аш кашык йогурт кошуп, аралаштырып, бетке жаап, 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз.
Эскертүү: Йогурттун ордуна каймак кошсо, кургак беттер үчүн боткого айланат.
Бардык типтеги тери үчүн. Петрушканы аябай майдалап, андан 2 аш кашык алып, үстүнө 2 аш кашык лимондун ширесин жана 2 аш кашык бал кошуп аралаштырасыз. Бетке 15 мүнөт койсоӊуз, керектүү азыктар бетке сиӊет, анан жууп коёсуз.

Кулпунай
Майлуу тери үчүн. Жаӊы үзүлгөн 2-3 кулпунайды эзип, бетке жаап, 20 мүнөттөн соӊ жылуу суу менен жууп салуу кажет.
Аралаш жана кургак тери үчүн. 2-3 кулпунайды эзип, үстүнө 2 чай кашык бал, 1 чай кашык быштак кошуп аралаштырып, даяр болгон боткону бетке жаап, 20 мүнөт күтүӊүз. Анан жылуу суу менен жууп салыӊыз.

Бадыраӊ
Кургак тери үчүн.
2-3 кулпунайды жана 1 кичине кесим бадыраӊды эзип, үстүнө 1 чай кашык каймак кошуп, бетке жабыӊыз. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкаӊыз.
Майлуу жана аралаш тери үчүн.
1 аш кашык чыккыдай бадыраӊды эзип, ага жумуртканын агынын жарымын кошуп чаласыз. Аралашманы бетиӊизге жаап, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкап коюӊуз.

Лимон
Лимон менен сүттөн ботко (бардык типтеги терилер үчүн). 2 аш кашык сүткө лимондун 7-8 тамчы ширесин тамызып аралаштырып, бетке сүйкөп, анан жылуу суу менен жууп коюӊуз.

СЕПКИЛ КӨБӨЙБӨШҮ ҮЧҮН
Крем. Көчөгө чыгар алдында бетке күндүн нурунан коргоочу кремдерди, упаларды коюу кажет. Күндөн коргоочу фактору (SPF) 25-30дан болгондорду колдонсо жакшы. Күндөн коргоочу көз айнек тагыныӊыз.
Тамактануу. Сепкил көп чыкпоосу үчүн курамында аскорбин жана никотин кычкылы бар тамак-ашка басым жасоо туура. Алар тоок жана уй эти, малдын боору, гречка жана жашылча-жемиштерде көп.
Кийим. Башка шляпа же кепка кийип, көлөкө жерде басууга аракет кылыӊыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(27)
13.04.2015. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат супер инфо силер суперсинер
13.04.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Жаз алдында баш айланып коз карангылашуунун себеби эмнеде жана аны уй шартында кантип даарыласак болот маалымат берип коюнуздарчы алдын ала рахмаат
13.04.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayka1994, саламатсызбы!
Сизге төмөнкү макала жардам берсе керек:
http://www.super.kg/article/?article=31445
13.04.2015. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курбу кызымдын бетинде да сепкил бар тональный крем койсо болобу постоянно? Терс таасири жокбу, айтып койгулачы сураныч,
13.04.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiperi1991, саламатсызбы!
Тоналдык крем тууралуу адистин кеңеши:
http://www.super.kg/article/?article=28803
13.04.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага керектуу маалымат болду рахмат чоон. беттеги майда точкаларды кантип кетирууну жана бетти тазалоонуу кайдан тапсам болот админ жардам бергилечи рахмат алдын ала
13.04.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aksy-13, саламатсызбы!
Бет тазалоо тууралуу:
http://www.super.kg/article/?article=26793
http://www.super.kg/article/?article=22371
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-13 15:34:32
13.04.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сиздерден сураныч витилиго оорусун Бишкекте кайсыл клиникадан дарыласа болот ушул тууралу малымат берип койсонуздар биз Москвада2жыл бардык бир клиникага озгоруу жок 12жаштагы балага алдын ала рахмат.
13.04.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargiz37, саламатсызбы!
Купуя менен жооп берилди.
13.04.2015. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahmat super info izdegenindi yshyl saittan tabasin chooon rahmat....
13.04.2015. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо беттеги такты кетируунун жолдорун айтып койосуздарбы
14.04.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Serenada, саламатсызбы!
Тактарды кетирүү тууралуу төмөнкү макалада:
http://www.super.kg/article/?article=14513
14.04.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керектуу жана пайдалуу кенешиниздер учун рахмат супер инфо.
14.04.2015. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо, сепкилди пилинг менен кетиргенге болобу? Пилингдин зыяны жокбу. Канча жаштан баштап пилинг жасатса бодот? Маалымат берип коюнуздар сураныч
14.04.2015. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anhel, саламатсызбы!
Сунушуңуз тууралуу тиешелүү бөлүм кабарланды. Рахмат!
14.04.2015. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен
15.04.2015. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ!менин бетимин кожасы аябай кургак.душманы самын жуугандан 5 минут откон сон тырышып баштайт.мурда только жазында ошентчу а азыр башка мезгилде да ошенте берет,кремсиз журбойм ал зыян эмеспи канткенде кожа онолот? ушулар тууралуу да маалымат алып бериниздерчи сураныч.
15.04.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
begai93, саламатсызбы!
Негизи бетти самын менен жууганга болбойт. Атайын кургак бетти жуучу каражаттарды колдонуңуз. Ал эми кеңештерди төмөнкү шилтемеден табасыз:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=кургак+бет&x=0&y=0&media_search=1
15.04.2015. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы! Кун ысыкта бетке сузмо койсо зыян болбойбу? маалымат берсениз сураныч.
15.04.2015. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун кенеш коптон бери издеп жургом чоон рахмат супер инфо
16.04.2015. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам супер-инфо сиздерден сураныч беттеги. Бойдок бүдүрдү кантип кетирүүгө болот сураныч маалымат берип коюңуздарчы
16.04.2015. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беттеги безетки же угрилерди кантип жок кылсам болот, аябай коп аракеттерди жасадым бетимен кетпей койду, андан сырткары бетим тунук эмес, кенеш бериниздерчи сураныч.
17.04.2015. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урмаатуу Админ коп тердеген эмнеден озгочоо тункусун ошол жонундо маалымат болсо киргизип койунусчу сураныч!
17.04.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ascasheri, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Азырынча түш убагында тердөө тууралуу төмөнкү макалада:
http://www.super.kg/article/?article=6389
17.04.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altynbek_canto, ularik_kg, саламатсыздарбы!
Безеткилер тууралуу макалалар:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=безетки&x=0&y=0&media_search=1
23.04.2015. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу маалыматты менда аявай кутуп журдум эле аявайле чон Рахмат Инфо вы всегда круче молодцы ийгилик ишинерге
30.04.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы! 1 жума болуп калды бетимде кара тактар пайда боло баштады .ал бойрок ооругандан чыгат деп жатышат емне кылсам кетет .кенеш берип койгулачы чоон рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо