ИНТЕРНЕТТЕГИ ПОПУЛЯРДУУ САЯСАТЧЫЛАР

№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж

Интернет жашообуздун бир бөлүгү болуп, саясатчыларыбыз да виртуалдуу жашоодо активдешип жаткан убагы. Алар интернет баракчаларын эмне максатта ачышкан? Дегеле, ошол саясатчылардын атына катталган аккаунттарда өздөрү отурушабы?

Темир Сариев, экономика министри: «ФЕЙСБУКТА ЖАРДАМЧЫЛАРЫМ ЭМЕС, ӨЗҮМ ОТУРАМ»
– Темир Аргенбаевич, Фейсбукта бар экенсиз. Өзүӊүзбү же жардамчыларыӊызбы?
– Жок, өзүм. Акыркы кезде эле убактымдын тардыгынан көп колдоно албай жатам.
– Фейсбук аркылуу жарандар көп кайрылышабы?
– Албетте, көп кайрылышат жана аларга жооп жазып жөнөтүп турам. Бирок жана айтып өткөндөй, убакыттын аздыгынан көп комментарийлерге жооп бере албай
калуудамын.
– Качантан бери социалдык тармактардын «тургунусуз»?
– 2010-жылдан тарта. Башында активдүү колдонуучу болчумун.

Бактыбек Калмаматов, Жогорку Кеӊештин депутаты: «ФЕЙСБУКТАГЫ ЭКИ КАЛМАМАТОВДУН БИРӨӨСҮ ЭЛЕ МЕНМИН»
– Интернеттеги социалдык тармактарды канча убакыттан бери колдонуп келе жатасыз?
– Көп эле болду. Буга чейин байланыш каражаты катарында гана колдонуп келсем, депутат болгондон кийин маалымат таркатуунун булагы катарында да пайдаланып
жатам.
– Фейсбукта Бактыбек Калмаматов деген аккаунттарда сиздин сүрөттөрүӊүз илинген эки колдонуучу бар экен, экөө теӊ сизби?
– Жок, ошонун бирөөсү эле менмин.
– Интернетте канча убакыт отурасыз?
– Ал бош убактымдан көз каранды. Эгер убактым кенен болсо, көп отуруп калам. Негизи, маалыматтарды интернеттен окуйм.

Данияр Тербишалиев, Жогорку Кеӊештин депутаты: «ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ СЕЗИМИН БИЛДИРГЕНДЕР ДА БАР»
– Социалдык тармактарда барсыз, активдүү колдонуучусузбу?
– Катталганыма 4 жыл болду. Фейсбуктун активдүү колдонуучусумун. Саясатчылар үчүн бул чоӊ мүмкүнчүлүк, жарандар менен ар дайым байланышта болуп, тыгыз мамиледе болууга шарт түзүлөт. 21-кылымда ар бир коомдук ишмер жана саясатчы интернет баракчасы аркылуу өзү жөнүндө маалымат берип турууга милдеттүү.
– Интернет аркылуу сезимин билдирген кыздар да болгондур?
«Таанышалы» деген адамдар дагы бар, сезимин билдиргендер дагы бар, жамандагандар дагы бар.

Ыргал Кадыралиева, Жогорку Кеӊештин депутаты: «8 МИӉ АДАМ ДОС БОЛУУГА КЕЗЕКТЕ ТУРАТ»
– Ыргал Кармышаковна, социалдык тармактагы жеке баракча деген сиз үчүн эмне?
– Депутаттар үчүн социалдык тармактар шайлоочулар менен байланышканга, алардын кеӊешин, арыз-муӊун укканга жакшы платформа. Фейсбукта өзүм отурам,
суроолорду жоопсуз калтырбаганга аракет кылам. Мail.ru жана Инстаграмда да бармын.
– Канча интернет досуӊуз бар?
– Так санын билбейм. Өткөндө карап көрсөм, 8 миӊ адам дос болууга кезекте туруптур. Дагы бир баракча ачсамбы дегем. Бирок «фейк» деп ойлоп калышабы деп жатам.

Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеӊештин депутаты: «ИНСТАГРАМДЫ ҮЙРӨНӨ АЛБАЙ КОЙДУМ»
– Турсунбай агай, качантан бери социалдык тармактарды колдонуп келесиз? Интернетте жеке баракча ачууга эмне түрткү болду?
– Социалдык тармактарды 2009-жылы өздөштүрдүм. Уул-кыздарым да интернет талаасын өздөштүрүүмө чоӊ салымын кошушкан. 2010-жылы кызым Тахмина gmail.com сайтын, уулум Искендер «ВКонтакте» сайтын үйрөтүп койду. Кенже уулум Кантемир мени Инстаграмга да каттаткан, аны туура колдонгонду эч үйрөнө албадым.
– Интернетте кээ бир адамдар менен кайым айтышканга чейин барасыз. Бул көрүнүш элдин көзүнчө болгондуктан саясий беделиӊизге шек келтирбейби?
– Мага ыймандуу, таалим-тарбия көргөн адам кайрылып жатканда ага орой жооп бергенимдин бир жолу болсо да мисалын келтирип берчи?! Провокаторлор арам ою менен баракчаларыма кирип, уят сөздөрдү жазып жатса, мен аларга «рахмат» дешим керекпи?! Мага таарынгандардан «Макул, Турсунбай Бакир уулунун жообун жарыялаптырсыӊ, а өзүӊ ага эмне деп жаздыӊ эле?» деп сурап көрчү?! Ошол үчүн арам ойлуулардын провокациялары беделимди эч кандай түшүрө албайт, анткени ыймандуулар жана ата-энесинин таалим-тарбиясын көргөндөр мени дайыма колдошот.

Дастан Бекешев, Жогорку Кеӊештин депутаты: «ДЕПУТАТТАР ИНТЕРНЕТТЕ БОЛУШУ КЕРЕК»
– Социалдык тармактарды депутат болгондон кийин колдоно баштадыӊызбы же андан мурда эле өздөштүргөнсүзбү?
– Мен социалдык тармактарды депутаттыкка келгенге чейин эле колдонуп баштагам. Учурда Твиттер жана Фейсбукта бармын. Абдан ыӊгайлуу. Шайлоочулар менен, жарандар менен интернет аркылуу байланышып, жолугушкан учурлар көп эле болот.
– Баракчаӊызда өзүӊүз отурасызбы же кээде жардамчыларыӊыз жооп берип коюшабы?
– Жок, дайыма өзүм отурам. Мына, мисалы, азыр унаада бара жаткам. Сиз интернеттеги баракчам аркылуу мага кат жөнөттүӊүз, аны окуп, анан телефон менен байланышпадыкпы.

P.S. Жогорку Кеӊештин депутаттарынын арасында алгачкылардан болуп Ширин Айтматова жыйындардагы талкууларды интернет баракчасына жарыялап, өз пикирин ачык билдирип баштаган. Бүгүнкү күндө экс-премьер Өмүрбек Бабанов, министр Эльвира Сариева, мэр Кубанычбек Кулматов, министр Алтынбек Максүтов, экс-министр Алманбет Шыкмаматов өӊдүү саясатчылар да интернеттин активдүү колдонуучулары.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(33)
13.04.2015. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыздар кыйналып жатса булар жыргап интернетте олтурушатта кандай убакыт табат екен билбейсин булар емес мен бекерчи болуп киргени убакыт таар болуп калат аа буларга соз жок еми,
Интернетте елдер менен тыгыз байланыштта болсун дейби атасынын башына тыгыз байланышта болобу ушул маалга келип биросунон жооп келгенин корбойсунго
13.04.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
diiazbek,Ыргал Кадыралиева менен байланышып корунуз бизге жооп келген,10 жылдан бери каралбаган азыр каралып жатат
15.04.2015. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
diiazbek, жакшылап сөксөң жооп өтө тез келет. Анан анык жүзү да ошондо билинет экен да.
13.04.2015. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Интернетти ушулар колдонбосо анан ким колдонмок. Булар фейсбук сыяктуу сайттарды гана колдонот экен.
13.04.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Интернет тармагында убакыт бөлуп олтургандай ишти ошондой кылса экен
булар. Саны көп сапаты жок болбой
13.04.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ыргал айым жакшы иштейт.депутат деген наамга татыктуу.ишине ийгилик!азаматсыз!
13.04.2015. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыргал Кадыралиева инстаграммда "эмне койгойунор бар жазгыла, жардам бергени аракет кылам, директке жазгыла" деп жаза берет, бирок жазсак бир да жооп берген эмес. Бул бир эле билдируудон чыгарылган жыйынтык эмес.. Ушундан улам аларга "Антип сурабай эле койгулачы" дээр элем...
19.04.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rusana,туура айтасын!!оз абийири менен билип иш кылбаган,биздин билермандар...кантип ушул соц туйун жазганды кыла коймок беле..??
13.04.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дастан мырзаны корбойт дешчу эле ал кантип интернетти колдонот.
13.04.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza5566, men da oshentip oilodum
13.04.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дастан Бекешовду чыныгы эл камын ойлогон депутат деп билем, соц тармагына жазссан созсуз жооп жазат, кечирээк болсо да бирок жооп берет. Ал эми Ыргал эждем бар эле болсун да, эч качан жооп жазбайт, билбейм эмнеге депутат болуп журот.Же бир кыйратып Мыйзам иштебеди,же бир маселени чечпейт, маанилуу маселе каралганда дайыны жок эле болуп кетет, озуно керек мыйзам же маселе каралып калса ЖКда пайда болуп эле калат. Менимче бул эже тартипсиз туугандарын "крышовать"этиш учун эле депутат болуп журот
13.04.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турсунбай Бакир уулу отттооо орой киши. Интернет желесинде айрыкча Мир де ар ким менен урушканын коросун аялбы эркекпи кызыгы жок ооо жети атасынан бери койбой кордоп суйлойт. Бийлик башында турган адамга мындай маданиятсыздыкка барган жарабайт.Балык башынан сасыйт деген ушул эмеспи мурдагы акыйкатчы депутатыбыз ушундай болсо калганы кайака бармак.
13.04.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
турсунбай бакир уулу дайыма жооп берет
13.04.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шайлоочулар дегени эмнеси? Маршрутка айдоочусуна адамдар, 10сом акча корунгондой эле, биз бул саны бар, сапаты жокторго бюллетень корунот окшойбуз!!!
13.04.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raxatka, эжеке сөздүн атасын өлтүрбөдүнүз, эң туура айттыңыз +5
14.04.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
raxatka, ха ха ха ой боорум,бул жагын катырдыныз
14.04.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
raxatka,азамат туура айтыпсын, карапайым калктын, же кыргыз элинин деп эле айтса болбойбу, шайлоочулар дебейле
18.04.2015. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raxatka,ичим орууп калдыго)))))))почтамды ачып карасам 8000 бюллетен ящике галочкасы менен очеретке туруп калыптыр депетир))))
13.04.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
интернетте отурганынар жакшы экен элдин арыз мунун окуп жатыпсынар а эмне учун жардам колун сунбайсынар канчалаган жардамга муктаж уй булоолордун каттары бар
13.04.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу ким суйлосо дагы Ыргал Кадыралиева суйлобой эле койсунчу! Кылмышкер бир тууганын уйундо катып жатып дагы интернет жонундо суйлоп, мактанып коет.
13.04.2015. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалан уучуна чыкан жалганчыларго булар бирда жолу бир ишти аткаганын корбодум
13.04.2015. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майл.рудан Турсунбай Бакир уулуга москвада биз м.н квда жашаган бир бала "депутаттар силер жегичсинер! Кана кылган ишинер эмне жасап кыйраттынар" деп койсо ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ! !
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-15 10:08:19
13.04.2015. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыргал Кадыралиевага келген бир дагы катты жоопсуз калтырбайт жана ар бирине колунан келишинче жардам берип келет. Өткөндө ата-энеси экөө тең майып болгон үй-бүлө менин кошуналарым балдарынын окуусунун контрагын азайтып берүү үчүн жардам сурап кайрылганда, университеттердин ректорлорун чакырып, тиешелүү документтерди көрсөтүп, кызынын контрагын 100 пайыз, уулунун контрагын 50 пайыз арзандатып берген.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-14 10:18:26
13.04.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда Ыргал Кадыралиевага инстаграмдан жазса жооп берген эмес деген кыз, акча сурап жазса керек. Менин билишимче Ыргал Кадыралиеванын айлыгынан башка байлыгы, бизнеси жок. Ошондуктан акчалай жардам бере албаса дагы, укугуңуз тебеленген учурда кайрылсаңыз жардамын берет. Жуманын шейшемби күнү түштөн кийин дайым жарандарды кабыл алат. (Эгер иш сапарларда болуп калбаса) Инстаграмдан yrgal_kadyralieva деген дареги аркылуу байланышып, кабыл алган күнгө жазылсаңар болот. Мен да ушинтип жолуккам.
14.04.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakyt9, эскертүү! Далили жок кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбеңиз!
14.04.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турсунбай Бакир уулун ото катуу сыйлайм.Ар бир мусулмандар майрамында мага куттуктоо катын жазып турат оздук баракчама.Эч качан смсимди жоопсуз калтырган эмес.Бул киши мен сыйлаган улуу инсан.Чыныгы "Адам"деген атка татыктуу.Уй-булонузго бакыт,ынтымак берсин жараткан.Озунузго бекем ден-соолук,кайраттуулук.Ишинизге ийгилик!
14.04.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обу жоктор жаман куйгузосунор да адамды.
14.04.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Данияр Тербишалиев кыйын саясатчы, бирок акыркы убактарда коп чыкпай калды.
15.04.2015. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
илим жана билим беруу министирлиги алардын аттары ким?алар менен туз байланышса болобу?суроом бар эле
16.04.2015. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дастан Бекешовго эле ишене алам. Ал менимче атайын козу корбогондордун Планшетин же нетбукгун колдонсо керек.
16.04.2015. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле социалдык тармактар көбүнчө мактанчаактар жана урушчаактар үчүн көбүрөөк кызмат кылат экен деп калдым. Анткени жеген тамагынан баштап кайда барганын, кандай көйнөк алганын, иши кылса болор-болбос, майда-чүйдө нерселерди иле беришет.Айрым депутаттар сөз менен кыйратышат, "муну кылдым, тигини кылдым" деп.Негизи кылган ишин жар салбаган же кылдым деп милдет кылбаган оң го. Ал эми оозуна ээ боло албай, ар кайсыны жаза бергендерчи...
16.04.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Күлүк минсең күүлөнүп,
Эки жагың каранба, —
Көйрөң атка коносуң
Көрүп калган адамга" деп аталарыбыз айтышчу да, а соцтармактарды карасаң мактанган же урушкандарды көбүрөөк учуратасың... Ошон үчүн кээде жакпай да кетет...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо