Роза Отунбаева: «КЫРГЫЗСТАНДЫН БАЖЫ СОЮЗУНА КИРИШИН ТУУРА КӨРӨМ»

№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж

«Европадагы өлкөлөр Европалык союзга кирип жатканда өздөрүнүн суверенитетин берип эле коюшпадыбы. Эч ким нааразы болбой эле баары Европалык кеӊештин алкагында ишин улантууда. Кеп элибиздин экономикалык турмуш деӊгээлин көтөрүүдө болуп жатат. Калкты демократияга көндүргөн менен, бир да кенди иштете албай отурабыз. «Таластагы Жер-Үй кенине тийбегиле, ушинтип эле мал багып жан сактап жүрө беребиз»  деп жатышат. Андай болсо Кыргызстанда эч качан өндүрүш өнүкпөйт.
Казакстанда экологиялык маселе жокпу? Бар, толуп жатат. Бирок казак эли мамлекет өндүрүш менен өнүгө аларын түшүнүп турат. Айтор, Евразиялык экономикалык союзуна кошулганды мен туура деп табам»,- дейт Роза Отунбаева. Экс-президент бул тууралуу Улуу Британиянын БиБиСи кеӊири чагылдыруу корпорациясына интервью берип жатып айтты.
Ал эми Апрель окуясы боюнча Роза Отунбаева мындай дейт:
– Өткөн өттү, кеткен кетти. Бирок карап көргүлө, салыштыргыла. Туниспи, Ливиябы, Сириябы, ал жактагы окуялардын эмне болуп аяктаганын көрүп жатабыз. Украинада 5 миӊден ашык адам өлдү, 100 миӊден ашык адам жабыркады. Ошон үчүн сабырдуулук кылып, цивилизацияга жарашкан эл катары рационалдуу болуп жашашыбыз керек.
Парламенттик башкаруу эмнени берип жатат? Жогорку Кеӊеш – бул чек коюу, баланс. Парламент аткаруу бийлигин текшерип көзөмөлдөөдө. Аткаруу бийлиги колунан келген ишти жасап жатат. Анын колунан келбеген ишти президент өзү жасоого аргасыз болууда. Баягы эле президенттик башкарууга баратабыз деп жатышат. Президент эмне экономика такыр жок болуп кеткичекти карап отуруш керекпи? Бийликтин үч бутагынын ортосундагы чекти, балансты катуу кармаш керек экен. Биз азыр мунун баарын үйрөнүп жатабыз.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
13.04.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз туура деп ойлойбузбу же тескерисинчеби...бирок эми ойлонго кеч болду...биз кирдик бажы биримдигине
13.04.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба Роза эжеке мен да туура кором дыйкандардын эмгеги акталат деп суйунуп турам.
13.04.2015. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсода кудай талаам женилинен бере кор!
18.04.2015. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
откон отту кеткен кетти , жаштык кылыпбыз кечирип койгула дегендейле кылыптыр го
20.04.2015. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adilettuu, bardyk olkolor ten ukukka ee bolgon, adam ukuktary yiyk korulgon, demokratiyaluu duynodo jawaibyz dep tilibiz teshilgeni menen ku4tuulordun ku4suzdorgo zulum korsotup kordogonun, ustomduk kylganyn taryh baraktarynan ele emes kunubuzdo da korup jatabyz...Ooba,kyrgyzstan da Rossiya syiaktuu olkolor u4un jon gana oyun4uk bolup oynolup kelet. Bajy birimdigine kirgende kyrgyzstandyn onugup ketiwine e4 kim kepildik bere albayt,birok rossiyanyn orto aziyadagy ustomdugunun jogorulawy sheksiz
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо