«РУХАНИЯТ» ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫГЫ БЫЙЫЛ КИМГЕ ЫЙГАРЫЛАТ?

№650 17-апрель-23-апрель, 2015-ж

24-апрелде Улуттук филармонияда Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгилүү болгон «Руханият» эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземи болот. Аталган абройлуу сыйлык буга чейин казак президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин өңдүү саясий, коомдук ишмерлерге, Чыңгыз Айтматов сыяктуу жазуучуларга, өнөр адамдарына берилип келген. Жалпысынан «Руханияттын» сыйлыгы жыйырмага жакын өлкө башчыларына, премьер-министрлерге, эл аралык уюм жетекчилерине, элүүдөн ашык чыгармачыл инсандарга ыйгарылган.
Рухий дөөлөттөрдү жаратууга көмөктөш эл аралык «Руханият» ассоциациясын мамлекеттик жана коомдук ишмер Акун Токтосартов уюштуруп, жетектеген. Ал маданият министрлигин жетектеп турган чакта Ош облустук филармониясы, Токтогул Сатылганов, Алыкул Осмонов өңдүү залкарлардын мемориалдык музейлери, "Камбаркан" фольклордук ансамбли, буга катар райондук бир катар маданият үйлөрү ачылган.
Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын учурдагы президенти Камалдин Токтосартов: «Кыргыз мамлекетин даңазалоо, адамзаттын өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошкон инсандардын эмгегин баалоо, аларды колдоого алуу боюнча иш-аракеттер жаңы күч, жаңы дем менен жүзөгө ашырылмакчы»,- дейт. Эми мына ушул абройлуу сыйлыкка ким татый турганы бүйүр кызытып турат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
20.04.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул сыйлыкка конкуренттер кулак туруп турушат экен да
20.04.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде бул сыйлыкты Садык Шер Нияз агабыз ала элек болсо мен ушул инсанга ыйгарылуусун туура кормокмун.
22.04.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карганбек Самаков татыктуу бул сыйлыка..."Манас" эпосун ЮНЕСКАга кыргыз элинин атынан каттатты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо