БИР-БҮРКҮМ

№650 17-апрель-23-апрель, 2015-ж

  • 2015-жылдын 1-кварталында өлкө аймагында 1284 жол кырсыгы катталып, 194 адам каза тапкан. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
  • Канжар Кадыралиев 10-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечиминин негизинде үй камагына чыгарылганын Башкы прокуратура ырастады. Ошол эле күнү мамлекеттик айыптоочу шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко сунуш киргизген.
  • 2014-2015-жылдары 14 651 кыргыз студенти чет жакка окууга кеткен. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калыс Шадыханов маалымдады. «Эми алардын мекенине келип иштеши күмөн. Буга эң башкы себеп – өлкөдөгү айлык акынын аздыгы» дейт ал.
  • Жыл башынан бери өлкө боюнча 57 өзгөчө кырдаал катталып, 9 адам каза болгон. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
  • Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимованын айтымында, аудит иштеринин жыйынтыгына ылайык, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамдирекцияда 2 миллион
    84 миң сомдук каражатты уурдоо аныкталды.
  • 1, 5, 9-май күндөрү кыргызстандыктар эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги маалымдады. Бул жылы 9-май дем алыш күнүнө туура келип калгандыктан, 11-май да эс алуу күнү болот.
  • 2015-жылдын 1-январына карата Кыргызстан калкынын 72 пайызы интернет менен камтылган, ал эми интернет колдонуучулардын саны 4 миллион 87 миң абоненттен ашкан. Бул тууралуу Байланыш агенттиги маалым кылды.
  • Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын төрагасынын орун басары Зина Исабаеванын айтымында, өлкөдөгү оюнчуктардын 90 пайызы жаш балдардын ден соолугуна коркунуч жаратат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо