ЖООМАРТ ОТОРБАЕВ ОТСТАВКАГА КЕТТИ

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж

23-апрель күнү премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн 2014-жыл ичиндеги иш жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеште отчёт берди. Бир күн мурун премьер отчётун тапшырган соң кызматтан кетери тууралуу сөздөр айтылып баштаган эле. Жыйындын соңунда фракция лидерлери сөз алышып, алар өкмөт башчынын отставкага кетүү чечимин кабыл алгандай сүйлөп жатышты.
Жыйын соңунда «Демократиялык өлкөдө бийликте эч кандай монополия болбошу кажет. Бийликтин аткаруу бутагын силкиш керек болуп турат. Мен өкмөт башчылыктан кетүүнү чечтим. Мен дайыма өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн иштөөгө аракет жасадым. Колумдан келишинче иштеп бердим»,- деди премьер.
Жоомарт Оторбаев 2014-жылы апрель айында Жантөрө Сатыбалдиевден бошогон кызматтык орунга, өкмөт башчылыкка дайындалган болчу. Өзүнөн мурунку эки премьерге салыштырып караганда анын аты эч бир коррупциялык иштерге чалынган жок. Жантөрө Сатыбалдиев кандуу Июнь окуясынан улам келтирилген зыянды калыпка келтирүү үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын ичинен бир нече миллиард сомдун дайыны чыкпай кеткени үчүн кызматынан кеткен. Анткени ал Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү боюнча мамдирекцияны жетектеген болчу. Андан мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов да ири өлчөмдө пара алып жатат деген чуулгандуу ишке чалынып, кызматынан кол жууган.
Бир жылдан ашык убакыт министрлер кабинетин жетектеген Оторбаев жогорудагы эки премьерден айырмаланып эч бир коррупциялык чатактарда аты булганган жок. Акаев менен Бакиев «Кумтөр» боюнча жасап кеткен «боткону» жөнгө салуу аракети менен жүрүп кызматтан кетти. Жыйындын соңунда Жогорку Кеңеш Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүнүн ишин канааттандырарлык деп баалады.
Баш мыйзамдын 87-беренесине ылайык, премьер-министрдин кызматтан кетиши автоматтык түрдө министрлер кабинетинин кызматтан кетүүсүнө алып келет. Жаңы министрлер кабинети куралгыча азыркы курам милдеттерин убактылуу аткарууну улантат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
27.04.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кумторго алы жетпей дагы бир премьер кетти министрлер майлуу-суттуу орундарды талашып пара алмай пара бермей оюндары башталат кимдин акчасы коп болсо ошол отурат креслого. Кечээ жакында бекиген министрлерге жалко болду.
28.04.2015. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабанов эле тузугурок эле
28.04.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогорку Кенеште олтурган( кечирип койгула,) эшектер адамды нормально иштете койбойт, ким келбесин, ким болбосун. Менимче Бабанов деле жакшы эле иштеп жаткан. Дальше коросунор дагы Премъер Министр Дайындалары менен баштайт ХХХ ХХХ иштете койбойт. Хотя Оторбаев эмне кылды билбейм.
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-28 17:16:13
28.04.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baratali0706,
Коомдук этиканы сактаңыз! Эскертүү!
29.04.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик алмаштыруу оюну качан бутот, Кыргызстан качан алдыга кадам таштайт же ушинтип жыл сайын эле окмот оодарыла береби? Эртенки кунубуз кандай болот?
29.04.2015. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куттуктайм!
30.04.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Минстир алмаштырып оторура бергилн. Баш иш жокта
04.05.2015. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jylyw jok
30.05.2015. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоомарт Оторбаев жакшы еле иштеди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо