КАЛЫКБЕК СУЛТАНОВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж

Жакында гана каржы министри Ольга Лаврова жылкы теппей, жылан чакпай өз эрки менен отставкага кеткен болчу. 21-апрелде Транспорт жана коммуникация министрлигин 2011-жылдан бери жетектеп, өкмөт башчыдан экөө алмашса да «креслосунан кыйшайбай» келе жаткан Калыкбек Султанов отставкага кетүүгө арыз жазды. Калыкбек мырза эмнеликтен мындай кадамга барганын түшүндүргөн жок. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, министрдин отставкага кетүүсүнө чет жерде операция жасатууга муктаж экендиги себеп болгон.
Парламентте министрлер кабинетин отставкага кетирүү жөнүндө сөз болуп жатканда Калыкбек мырзанын ээлеген ордунан баш тартканы ар кандай божомолдорду жаратты. Айрымдар бул кадамды күзүндө өтчү парламенттик шайлоого даярдык катары баалашууда. "Текебаев-Самаков тирешинен улам Самаковдун кудасы болгон Султанов кызматын тапшырды" дегендер да болду. Белгилей кетчү жагдай, Султанов Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүндө акыркы 8 ай ичинде отставкага кеткен тогузунчу министр болуп калды. Бул окуядан эки күн өткөн соң өкмөт башчы да отставкага кетти.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо