БАЙЛЫК ТАЛАШТЫ САЯСАТКА АЙЛАНТКЫСЫ КЕЛГЕН КИМ

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж

Илгери Совет доорунда мамлекетке таандык «Вечерний Фрунзе» гезити жарык көрүп келген. СССР кыйрагандан кийин эле ал гезит да башка көптөгөн «ээсиз» калган баалуулуктар сыяктуу жеке менчикке өткөнү маалым. Азыркы күндө «Вечерний Бишкек» деген ат менен чыгып жаткан бул басылманы 2000-жылдарга чейин чогуу ээлик кылып келген Александр Ким жана Александр Рябушкин аттуу адамдар талашып жатышкан убагы.
Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мамлекетти 15 жыл башкарган Акаевдин доорунда «Кыргызстанда сөз эркиндиги бар», «экинчи Швейцарияны курабыз» деген көз боёгон ураандар кара жашик аталган КТР жана башка мамлекеттик массалык маалымат каражаттары тарабынан элдин мээсине куюлуп келген. Ал эми көшөгөнүн артында Акаевдин жан жөкөрлөрү СССРден калган байлыкты тоноо, дүйнөлүк алкакта алтынга бай «Кумтөрдү» сатуу менен алек болушкан.
Анысы аз келгенсип бийликке тиш кайраган журналисттерди коркутуп-үркүтүү, камоо, менчикти тартып алуу, эркин ММКларды жабуу кеңири практикага айланган. Ошол учурда эң көп окумдуу болгон «Вечерний Бишкек» гезити да акаевчилердин карамагына өткөн.
Акаевдер жүргүзүп жаткан кордукка чыдабаган эл акыры аны кууп чыкты. Бийликке Бакиев келди. Мурунку коллегасынын эле жолун кайталап, бакиевдик бийлик саясий каршылаштарын дагы, элге чындыкты айтууга аракет кылган журналисттерди дагы өлтүрүү менен алек болуп, кыргыз мамлекети Бакиевдин менчигине айланды. Бакиевчилердин жардамында 50 пайыздык үлүшүн «сыйкырдуу» жол менен 100 пайызга өстүрүп алган Александр Ким үчүн ал окуялар кызыксыз эле. Ага бизнесинин гүлдөп жатканы маанилүү болчу.
Акаевдин элдин, мамлекеттин эсебинен байлык топтоо режимине 15 жыл чыдаган эл Бакиевге 5 жыл араң чыдап, аны да кууп чыкты.
Бийлик бир үй-бүлөгө эмес, цивилизациялуу жол менен бөлүштүрүлүүчү жаңы системге, саясий атаандаштыктан жеңип чыккан, санаалаш саясатчыларды бириктирген партияларга өттү.
Өз үлүшүн Аскар Акаевдин күйөө баласы Адиль Тойгонбаев учурунда тартып алгандыгын айтып, Александр Рябушкин кайрадан сотко кайрылып, эми, 14 жылдан соң сот аркылуу өз энчисин кайтарып алып отурат. Учурдагы “Вечерний Бишкектин” жетекчилигинин пикири боюнча, сот мыйзамсыз чечим чыгарып, Рябушкинге өз энчисин мыйзамсыз бөлүп берип койду.
Александр Ким журналисттерди, саясатчыларды өлтүрүп, байлык, бийликти бир үй-бүлө басып алып жаткан кезде унчукпай, эми мүлкүнүн жарымынын ээси келгенде чуу көтөрүп жатканы ач көздүкпү же пендечиликпи?

Айбек Нурадилов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
27.04.2015. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
негизи кыргызга куйбогон буларга окшогондорду ХХХ ХХХ Булар Путин менен Назарбаевге да кайрылуу кат жазышып, арызданышкан жагы бар.
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-27 14:58:05
27.04.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
april,
Провокацияга жол берилбейт!
27.04.2015. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошумчасына бул чырга президенттин айланасындагыларды аралаштырып жатканына танмын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо