«КЕЛИН» ИНДИЯДА РЕКОРД КОЙГОН СЕРИАЛ

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж

Индия кинолорунун сүйүүчүсү болсоӊуз, кубана берсеӊиз болот. Ыр-бий, романтика менен коштолгон «Келин» сериалы тууралуу баяндамакчыбыз. Индияда узактыгы боюнча рекорд койгон тасма эмнеден улам мындай популярдуулукка жетишти? Сизге кызык болсо, анда тасма талаасына кеттик.

«ТУМАК МЕНЕН УРСАӉ ЖЫГЫЛЫП КАЛБАСА, АЯЛДЫККА АЛА БЕР»
Чоӊ апаларыбыздын «тумак менен бир уруп көрүп жыгылбай калсак, турмушка узатышкан» деп айткандарын угуп калар элек. Ал заман эмес, кечээ жакында эле памирлик кыргыздар кыздарын 8-9 жашында турмушка берип, 12-13 жаштарында төрөп жатышканын байма-бай жарыялап жатышты. Дал ушундай көрүнүш «Келин» тасмасында орун алат.
Эрте жашынан никелешүү индустарга мусулманчылык менен чогуу барган делинет. 21-кылым болгонуна карабай Индиянын Раджастхан, Мадия-Прадеш, Бихар деген жерлеринде кыздарды эрте турмушка узатуу дагы деле уланууда.
Индияда кыздар 18 жашында турмушка чыгып, балдар 21 жашында үйлөнүүсү керек деген мыйзам бар. Мамлекетке 150 евро айып пул төлөп, 2 жылдык эркиндиктен айрылуу коркунучунда турганына карабай эрте никеге тургандар бар. Анткени айып пулдан да, мыйзамдан да качып кутула турган жагдай бар, алар жашы жеткенде гана каттоого турушат.
Индияда кыздарды «бөтөн байлык» деп коюшат. Ата-эне кыз баланы багып отурбай, эрте турмушка берип салып кутулгулары келсе, күйөө тарап кызды акысыз күӊ катары жумшоого кызыгышат. Сериал мына ушул көйгөйдү алып чыкканы үчүн да учурдун популярдуу тасмасы болду десек жаӊылышпайбыз.

АНАНДИНИН ТАГДЫРЫН КЫЗЫ ДА КАЙТАЛАЙБЫ?
Кичине Ананди 8 жашында турмушка чыгып, келин аталат. Күйөөсү Жагдиш теӊ чамалаш куракта. Андан да жаманы – Анандинин чоӊ кайненеси Каляни бечараны кууратып катаал болот. Ата-энесин сагынып, башына чоӊ түйшүк түшкөн Ананди канчалык кыйноого туш болсо да, тагдырына көнөт. Жылдар өтүп Жагдиш экөө чоӊоюп, ортолорунда ысык махабат пайда болот. Ананди сабырдуу, күйөөсүнө күйүмдүү, акылдуу келин эле. Жагдиш чоӊойгондо окуп жүрүп Гаури аттуу кызды жактырып калып, Ананди менен ажырашат. Күйөөсүнүн көп кылыгына чыдап күткөнү менен, Жагдиш Гаури менен никеге турат. Ал аны менен эле чектелип калбай, бир топ сулууга азгырылат.
Ал учурда бой жетип, сулуу келинге айланган Анандини Шив аттуу жигит жактырып калат. Шив мүнөзү, сүйүүсү менен Анандинин жүрөгүнөн Жагдишти сүрүп чыгарат. Жагдиш катачылык кетиргенин билип кайрылганы менен, Ананди ал учурда Шивти жактырып калган эле. Эчен тоскоолдуктар менен коштолгон тагдыр акыры биригип, Ананди менен Шив турмуш курушат. Бактылуу жашап, Ананди кош бойлуу болгон учурда Шив каза болот. Бактыга жараша, эгиз балалуу болуп, аларга Шивам жана Нанди деген ысымдар ыйгарылат. Анандинин тагдыры кайталанып, Нандини бирөөлөр уурдап кетип эрте турмушка берип коюшат.
Окурман, интернет маалыматтарына караганда, окуя муну менен эле бүтпөйт. Учурда сериалдын уланышы күтүлүп, сценарийи жазылып жатканы айтылууда. Андыктан «Келиндин» аягы эмне менен бүтөрү али эч кимге белгисиз десек болот.

РЕКОРД КОЙГОН СЕРИАЛ
1992-жылы повесть болуп жазылган чыгармадан сериалдын сценарийи алынган. Чыгарманы жазган жазуучу Парнендру Раджастханда туулуп, өз көзү менен мындай тагдырларды көргөндөн улам сериал реалдуулукка жакын десек болот. Кийин продюсер Санжай Вадха менен чогуу экрандаштырат. Сериал 2008-жылдын 21-июлунда «Колорс» телеканалынан старт алган. Башында мынчалык узак болушун эч ким божомолдогон эмес. Кийин элдин кызыгуусунан улам сценарий жазылып, узарып жүрүп отурган. Учурда Индияда 20дан ашык сыйлыкка ээ болгон, эчен жылдап созулган биринчи тасма. 2008-2009-жылдары «Мыкты драмалык сериал», «Мыкты сценарий» сыйлыктарын алса, 2008-жылы Анандинин кичине кезин ойногон актриса Авика Гор «Эӊ мыкты драмалык актриса» сыйлыгын утуп алган.

АКТЁРЛОРДУ ТААНЫП АЛЫӉЫЗ!
Авика Гор
(кичине Ананди)
1997-жылы Мумбайда туулган. Авиканын «визиттик карточкасы» – Анандинин ролу. Долбоордон кеткенинен бери канча убакыт өтсө да, эл аны Ананди катары тааныйт. Ролу тууралуу Авика мындай дейт: «Мен башында 80 гана серияга катышмакмын, бирок эл аябай менин аткаруума кызыккан үчүн 515 серияда роль ойнодум. Бул менин карьерамдагы жетишкендик деп билем». Учурда Авика окуудан сырткары сууда сүзүү менен машыгып, фильмдерде роль жаратып келет. Жакында ал Казакстандын Астана шаарына келип, биринчи жолу карды көрүп таӊ калганын жашырган эмес.

Пратюша Банержи – (бой жеткен Ананди)
Пратюша 1991-жылы Бихар шаарында туулган. Актриса, модель жана бийчи. Авика сыяктуу эле аны Анандинин ролу таанымал кылган. Анын тасмадан капысынан кетүүсүнө апасынын катуу ооруга кабылышы себеп болгон. Бардыгын таштап, апасынын жанында болгон актрисаны тартуучу топ да, көрүүчүлөр да туура түшүнүшкөн.

Тораль Распутра(орто жаштардагы Ананди)
Актриса 1987-жылы туулган. Анандинин ролуна чейин модель жана актриса катары таанылган. Актриса Анандинин эне болгонун, токтоолугун, акылдуулугун жана сабырдуулугун мыкты ачып берген.

Авинаш Мукержи(кичине Жагдиш)
Актёр 1997-жылы төрөлгөн. Атасы Дев Мукержи телеканалдарда иштеп, бир топ сериалдарга да тартылган. Жагдиштин ролун аткарууда 12 жеткинчектин ичинен тандалып алынган Авинаш кийин «Жаӊы талант» сыйлыгына ээ болгон.

Шашанк Вьяс(бой жеткен Жагдиш)
Кичине Авинаштын ордун баскан Шашанк элдин жүрөгүнөн орун ала алды. Бул анын чоӊ ролу. Актёр жеӊил мүнөз жигиттин ролун ойногону менен, жашоодо өтө оор басырыктуу адам экенин айтат.

Сиддхартх Шукла(Шив)
Шив – азыркы кыздардын кыялы десек болот. Мындай мачонун ролун ойногон актёр 1980-жылы туулган. Ал актёр жана модель катары белгилүү. Сериалда оӊ каармандын ролун жараткан Сиддхартхты жашоодо чыргоо жигит дешет. Ал көп кылыктары менен тартуучу топко ыӊгайсыздык түзгөнү айтылып келет.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(58)
27.04.2015. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кандай эле баары бактылуу болуп келатканда куйоолору олуп калат?!
27.04.2015. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менда бул кинонун ктрк ден коруп калдым,,мааниси жакшыго бирок режиссер аябай эле созуп тартканы корунуп турат 1 сааттык сериясында 1-2 эле окуя корсотулот анан ойлонууп ыйлактаап отурушуп бутуп калат 500 серия кылып санын кобойтпой сапаттуу 100 серия кылсада болмок кишини жудотпой,коруп атып жудоп кетесин анан дагы музыкаларын айтпа аааа лай берип мээни жейт!
27.04.2015. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аягына чейин корсотсо экен ktrk каналы турк сериалдарын аягына чейин корсото элек дайыиа жарымынан бутуруп салат
28.04.2015. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келин киносу азыр ушул моментте казакстанда болуп жатат. казакча котормосу менен 3 жыл болду али буто элек. интернетте инди тилинде
28.04.2015. 07:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

бул сериалды мен казакстандын каналынан коргонмун казакчасын. аябай узак сериал. акырына жеткен эмесмин. индиянын бардык сериалдарында ушундай зеригичтуу тартылган жерлери коп болот го
28.04.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аябай мыкты денгээлде которушкан,бирок аягына чейин чыгышса экен.
28.04.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кинонун кызыгын кетирбей айтпай эле коюшса болмок менин коргум келбей калды
28.04.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
''Келин'' тоолук баары канча сериал айтып койсонуздар??
29.04.2015. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dastan_nookat,тоолук эмес толук го
28.04.2015. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
супер инфо дикий ангел сериалы жонундо жазгылачы суранам. Аргентина сериалы.
28.04.2015. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизда аябай кызыгуу менен коробуз,башында кызыкчуу эмесмин азыр калтырбай кором))) super.kg сураныч бир убакта "Жашоо суртумтору" деген сериалды бердиниздер эле ошонун уландысы эмне болду кененирээк маалымат берип отосуздорбу)) сураныыыч))))
28.04.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orunbu, Жашоо суртумдору Менда ошону кутуп атам.
28.04.2015. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул сериялды коргон эмесмин бирок бул маалыматтан сон абдан кызыктым
28.04.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул бир эле сериялда эки кайненени чагылдырылган, бири аябай кардуу, бири мээримдуу мындай айтканда бардык кайненелер эле жаман эмес, жакшылары да баар.
29.04.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Жашоо суртумдоору" сериясын кайра кайталап коюп берсе сонун болмок... ушул сериал абдан жаккан болчу
29.04.2015. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Унулдап ыйлаганын кыскартып койсо жакшы болмок. Тажатты созулуп бул кино.
29.04.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1400 серианын тегертесине жетиптир. Азыр да тартылып жатат. Бул кинону коруп бутуш учун Анандидей болгон кызын бойго жетиши керек. :-)
03.05.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maksat81, :) :)
29.04.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул киного кызым Ананди деп ат коюп алган. Аябай кызыгып котуп атса мен да коруп кызыгып калдым.
29.04.2015. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кинонун азыркы жаш уйбуло кургандарга тарбиялык мааниси бардай елекен, лично мага анча жага бербеди, музыкасы балдардын ыйлагандары ашыкча болуп калыптыр
30.04.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинону сындап аткандар, деги бир 5 минуттук видео тарттынар беле ыя? жапжашынакай эле болуп турат.
30.04.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйлай берип жинге тийди коргум келбей койду
30.04.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнег токтотуп койду кинону кызыгып коруп жатканда.же которалбай калыштыбыкен?
30.04.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким билет уландысы качан болот ктркдан.айтып койгулачы сураныч.мага аябай жакты бул кино.
01.05.2015. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аааайааай деген ыры кыжырды кайнатат экен. Бирок,кино жакшы
01.05.2015. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы тартылган
01.05.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А эмнеге кино болбой жатат ким билеет???
03.05.2015. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ананди качып кеткен сериясында токой дегенди урман деп которуп коюптур, кыргызча которгондон кийин так кыргызча которгула да озбекче аралаштырып жибербей сураныч.
22.05.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
veneraaalieva,мен да өткөндө жазгам,каза болгон адамды кыргыздар ыраматылык деп эскерет, бул кинодо жарыктык дей бериптир.Бул эмне - котормочунун кыргызчаны жакшы билбегениби? Андай дейин десем, көбүнчөсү жакшы которулган
03.05.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызчага которуп берип жаткандары аябай жакшы болду уккулуктуу кылып жакшы которушкан бирок бул сериалды да ортосуна жеткенде бутуруп салышат буга чейин жашоо суртумдору даназалуу доор деген сериалдарда жарымына жеткенде бутуруп салышкан баш аламан да баштагандан кийин аягына чыгыш керек да бардык эл коруп жатпайбы
03.05.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кинонун сериясы аячбай эле коп Бул казакстанда былтыртан бериби же анданда коп болду бекен билбеейм ушул кунго чейин коюлуп келет. Соонун сериалда.
04.05.2015. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин эжем калтырбай көрчү...
Менимче Z TV деген Каналдан берсе керек эле...
08.05.2015. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwy seriyal ele birok ktrden berbei kaldygo
29.05.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gitaris93,ктр ден эле болуп жатат
21.02.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шив менен ооруп калдым аябай романтик ммм.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо