КОШ БОЙЛУУ АЯЛ КАБЫЛЧУ 8 МАСЕЛЕ

№652 1-май-7-май, 2015-ж

Куттуктайбыз, тесттен көп күттүргөн эки таякча көрүнүп, сиздин кош бойлуу экениӊиз билинди. Бирок кош бойлуу мезгилде айымдарды чочулаткан бир топ маселелер кезигет. Бул жаатта «Темир жол» бейтапканасынын акушер-гинекологу Эльмира Акматова кеӊеш бермекчи.

БАШ АЙЛАНУУ
Баш айлануунун себеби бир нече. Гемоглобиндин азайышы, кан басымдын түшүп кетиши, витаминдүү тамактанбагандын кесепети баш айланууга алып келет.
Кош бойлуу айым такыр ачка болбошу керек. Башы айланса, отуруп же жатып дем алып алганы оӊ. Кан басымды жана гемоглобинди врачтын жардамы менен көзөмөлдөп туруу керек. Көп кайталанса, бир катар текшерүүдөн өткөн оӊ.

ТАЛГАК
Көпчүлүк айымдар кош бойлуу болору менен тамакка көӊүлү чаппай, куса башташат. Дарыгерлер муну түйүлдүктүн эненин гормоналдык фонун бузуусунан улам деп айтышат. Андан сырткары эненин боору ооруганы жана ген жактан берилиши менен да түшүндүрүлөт. Көпчүлүк айымдарда талгак 14-20 жумалыгында токтойт, 9 ай бою талгак болгондор да кездешет.
Жеӊил, көӊүлүӊүз каалаган тамактарды, жашылча-жемиштерди жеӊиз. Тамакты аздан, бирок тез-тезден жегенге аракет кылыӊыз. Таза абада көп сейилдеп, бир нерсе менен алек болгонго аракеттениӊиз. Эгерде кусуу күнүнө 10 жолу кайталанып, салмак жоготуп, такыр алсырай баштасаӊыз, ооруканага жатууга туура келет. Стресс талгакты күчөтө турган нерсе болгондуктан, сизге капа болгонго болбойт.

ГИПЕРТОНУС
Кош бойлуу учурда ичиӊиз катуу тартып, тырышып калган учур да кезигет. Муну жатындын тонуста болушу же жатындын өз алдынча жыйрылышы деп аташат. Бул аялдын көп иштегенинен, стресстен, ар кандай жугуштуу оорулар менен оорушунан, уйкусу канбагандан келип чыгат.
Эч нерсе болбойт деп жатып алуу туура эмес, сөзсүз врачка көрүнүү керек. Ал жазып берген дарыларды ичип, үйдө тынч жатып эс алганга аракет кылыӊыз. Тынчсыздануу, бир нерседен коркуу, оор жумуш кылуу жатындын жыйрылышына алып келет. Түйүлдүк бойдон түшүп калышы же маалына жетпей төрөлүүсү күтүлөт.

ТЕРИНИН КЫЧЫШУУСУ
Cүт толуп, чоӊоё баштагандан улам эмчек жана түйүлдүктүн чоӊойгонунан улам курсак териси чоюлуп, кычыша баштайт. Бул энеге ыӊгайсыздык жаратышы мүмкүн.
Кычышкан жерлерди катуу тырмап салсаӊыз, теринин жарылуусуна алып келиши ыктымал. Тырмагандын ордуна жеӊил массаж жасап, атайын крем сүйкөп коюу керек. Андан тышкары өтө ысык эмес сууга түшкөндөн кийин сүлгү менен эмчекти жакшылап 10 жолудан сүртүп койсоӊуз болот. Бул кийин баланы эмизгенде эмчектин үрпүнүн жарылбашына жардам берет.

ШИШИК
Төрөт жакындап калган убакта көп айымдарда буттун шишип жатканы байкалат. Жатын чоӊойгон сайын жамбаштагы кан тамырларды кыса баштап, кан айлануу
начарлап, бут шишийт. Мындан тышкары тарамыштын бат-баттан түйүлүшү катталат. Кош бойлууларды варикоз да жүдөтүшү мүмкүн.
Отуруп иштеп жатсаӊыз, убак-убагы менен ордуӊуздан туруп, басканга аракеттениӊиз. Күн сайын 15 мүнөт бутту өйдө көтөрүп жатканды адат кылып алыӊыз. Туздуу тамактарды көп жебеӊиз. Буттун тырышып калышы организмге кальций жетпей жатканынан кабар берет, быштак жесеӊиз болот. Варикоз болбоо үчүн жалпак така кийип, эки-үч саатта бир бутту көтөрүп жата туруу жардам берет.

ТЕЗ-ТЕЗ ЗААРА КЫЛУУ
Бөйрөк ооруларынан улам же жатын чоӊоюп, табарсыкты басып калгандан улам ажатканага чуркап каласыз.
Ажатканага барбайм деп чыдап, кыйналуу туура эмес. Анда бөйрөктөрдүн иштөөсү ого бетер начарлайт. Түн ичинде тез-тез ажатканага чыкпоо үчүн кечке маал суюктук ичкенди азайтыӊыз.

ИЧ КАТУУ
Кош бойлуу учурда ич катуу көп кездешет. Ажатканада көпкө отурганда жана ыйынганда ич кысылып түйүлдүккө аба жетпей кыйналышы мүмкүн.
Ич катпашы үчүн көбүрөөк суюк тамак ичип, жер-жемиш жеп, атайын кош бойлуулар үчүн көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат. Күнүнө 5 мүнөттөй мышык сымал төрт аяктап турууну адат кылып алсаӊыз, бул ич катуунун алдын алмакчы.

ЗАРНА
Зарна эненин гормоналдык фонунун бузулушан улам келип чыгат. Ашказандын иштеши начарлап, кыйнайт. Бирок энеге жана балага терс таасирин тийгизбейт.
Зарнага каршы дарыны гинеколог гана жазып берет. Андан тышкары өзүӊүз да абалды жеӊилдете аласыз. Ачуу, куурулган тамактардан качып, жер-жемиш көбүрөөк жеӊиз. Сабизди таза жууп жесеӊиз да жардам берет.

Эсиӊизде болсун, кош бойлуулар эч качан өз алдынча дарыланып, антибиотик ичпеши керек!

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg


Кош бойлуу айымдар кабылчу маселелер

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
02.05.2015. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чоон рахмат пайдалуу кенештер учун,Супер инфо гезитине.
Медиа-портал
02.05.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң керектуу пайдалуу кеңештер учун чооң рахмат сиздерге супер.
SUPER.KG видео
02.05.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоон рахмат супер инфо силерге, жакшы кенештерди бериптир еже.
Медиа-портал
02.05.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пишпектеги ЖД дагы врачго жакшы врач тура кенештерин бериптир
Медиа-портал
02.05.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пайдалуу кенеш учун рахмат сиздерге супер.
04.05.2015. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гинекологдордун кенештери жагат да. Рахмат.
04.05.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжем кош бойлуу,эжеме жардамы тиетго,супер инфонун жааматына чон рахмат.
04.05.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кош бойлуу кезде наркоз алып опереция болсо балага кандай зыяны тиеби? Эмне учун яичник жарылып кетет ? Ушул суроолорго жооп алып бериниздерчи Админ алдын ала рахмат.
05.05.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай сонун кенеш бироок мен аябай сыгылып ыйлап журуп торойм кыйзарымда ыйлаак.мен торогучо эле куса беремго анан
05.05.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун кенештеер
09.03.2024. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Басканда Чат тарамыштар тартылса эмне кылыш керек???
05.05.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат супер инфо жамааты мага ото пайдалуу кенеш болду ишиниздерге ийгилик
06.05.2015. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурдп мындай нерселерди окубайт болчумун эми болсо издеп таап окуй турган болдум
07.05.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы мен кош бойлумун ашказаным коп ооруп коп кусам эмне кылсам болот
07.05.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялзатынын баарына энелик бакыт каалайм. Ар бир аялдын тороту женил отсун ылайым.
07.05.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahym uwul kundu bizge da nasip kylsa eken,meninda torogum kelip ketti

08.05.2015. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alahhym bizge da enelik bakytty nasip etken bolsun
09.05.2015. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kandai soonun keneshteeer chooon rahmaaat.
09.05.2015. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы кенештер экен рахмат супер.
30.08.2016. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салам супер инфо талгак жонундо кененирээк жазгылачы сураныч кантип арылса болот
31.08.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mekush87, саламатсызбы? Сунуш-сурооӊор тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо