БИР БҮРКҮМ

№652 1-май-7-май, 2015-ж

  • Быйыл АЖЫЛЫК САПАР 2550 доллар турат. Зыяратчыларды каттоо 1-июнга чейин созулат.
  • ЖОЖдорго тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миӊ 550 БҮТҮРҮҮЧҮ катталды. Бул көрсөткүч былтыркы жылга караганда 1 миӊ адамга аз. 
  • «ЗОРДУКТАЛГАН жана токмок жеген наристелер өз атасынан көбүрөөк жапа чегишет. Акыркы 8 жылда ооруканага кайрылган 318 баланын 87си атасынан кордук көргөн. Андан кийин зомбулук кылгандар туугандар, чоочун кишилер, апасы, өгөй атасы, коӊшусу, өгөй энеси болуп саналат»,- дейт Бишкектеги жаш балдардын 3-шаардык ооруканасынын башкы врачы Талантбек Өмүрбеков.
  • Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, ОӉ РУЛДУУ машиналардын ээлери 3-июнга чейин техпаспорт жана мамлекеттик номер алышы керек. Андан кийин оӊ рулдуу унаалар каттоого алынбайт.
  • Жалал-Абад облустук соту «Республика-Ата Журт» партиясынын лидерлеринин бири, экс-депутат КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН соттолгондугун жокко чыгарды.  Ал аталган сотко соттолгонун жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган. Анын арызын сот 30-апрелде карап, канааттандырды.
  • ЫСЫК-КӨЛ саякаттоо үчүн эӊ мыкты жайлардын катарына кирди. Мындай тизмени «National geographic traveler» журналы сунуш катары жарыялады.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
04.05.2015. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобо бизде бийлик десе атасын олтургонго да барышат. Канча ай камакта жатып канча жолу соту болуп эми кайра сотолгон эмес деп шайлоого барат. Ташиев жердешим болсо да бул кылганы мага жакбады.
05.05.2015. 06:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун соттолгон кишини, соттолгон жок дешет? Аны омур боюу соттолду деш керек. Керек болсо мындайларды такыр башка жумуштарга да албаш керек болучу. Эээ Кыргызстаным качан онолобуз? Соттолгон кишини соттолгон жок десек туура эмест да.
06.05.2015. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл учун деп кумтор маселесин кыргызстандын пайдасына чечтиребиз деп соттолгон билбесенер билип алгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо