Нурсултан Назарбаев: «ЖЕӉИП ЧЫККАНЫМ ҮЧҮН КЕЧИРИМ СУРАЙМ»

№652 1-май-7-май, 2015-ж

Коӊшу Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болуп өттү. 26-апрелге белгиленген президенттикке ат салышта Нурсултан Назарбаев шайлоочулардын 97,75 пайызынын добушун алып, жеӊип чыкты. Аны менен теӊ тайлашмакчы болгон 2 талапкер биригип 3 пайызга жетпеген добушка ээ болушту.
«Биз ачык коомдо жашайбыз, ошол үчүн сынга алуу болот. Добуш берүүчүлөрдүн 95 пайызы шайлоого катышты, алардын 97 пайыздан көбүрөөгү мага добушун беришти. Супер демократиялык өлкөлөр үчүн мындай цифралар кабыл алынгыс. Бирок мен эч нерсе кыла албайм. Эгерде кийлигишсем, мен демократияга каршы барган болот элем. Жеӊип чыкканым үчүн кечирим сурайм»,- деди Нурсултан Назарбаев чет жердик өкүлдөр жана байкоочулар менен болгон жолугушуусунда.
Эске салсак, Нурсултан Назарбаев 1989-жылдан тарта Казакстандын алмашкыс өлкө башчысы болуп келе жатат. Бешинчи ирет өлкө башчылыгына келген Нурсултан Абишевичтин инаугурациясы 29-апрелде Астана шаарында болуп өттү.
Айта кетүүчү жагдай, 30-мартта коӊшу Өзбекстанда да президенттик шайлоо болуп өткөн. Аталган өлкөдө 1989-жылдан тарта президенттик тактыны бербей келе жаткан Ислам Каримов шайлоочулардын 91 пайыздан ашык добушун алып, жеӊишке жеткен эле.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(16)
04.05.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тактыны мурастап алган менен олкону орго карай судуроп жатышпайбы. А биздин Акайч деле тактыны бербей мыкчып отуруп, кыргызстанды Орто Азиянын кузгусуно айлантса эч ким кууп чыкмак эмес. Ажолорубуз баш болуп мигрант болуп талаалап журобуз. ))
04.05.2015. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady,туура кошулам
04.05.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Идгери элди хан башкарган, ал олсо анын баласы, небере чоборолоруно чейин кете берген. Бийликти элдин колуна берем дегени Лениндин арманы болуп калат окшойт. Анкени: элди бир адам башкарышы керек экен, бул мыйзам ченемдуу корунуш. Бир эле суроо, кантип башкарат жана кандай адам.
05.05.2015. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назарбаев шашылыш презденттик шайлоо өткөрүүсү казактарды ойлондура койду. Прездентибизге бирнерсе болсо кантебиз деп кыжаалат болушат.
Кана бизде дагы Назарбаевдей татыктуу прездент болсо.
05.05.2015. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karimovdon kalywpain degengoo
05.05.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
биз президентти колдосок болот. назарбаевди баары колдойт ошол учун жакшы баары. бизчи атамбаев суйлосо жаман бир нерсе кылма жаман ,, один в поле не воин,, дегендей колдош керек
09.05.2015. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bako.baike,Эң туура сөз. Мен 10 жыл мурун Астанада иштеп келгем.Аякта эл өзүнүн ишин так аткарганга аракет кылышчу.Ал эми Назарбаевди сындаганды кой,саясатты такыр кеп кылышчу эмес. Ошон үчүн алардын жашоосу жакшыбы ,ким билет. Биздин урматтуу Президентибиз колунан келген аракетин жасап жатат го, ал эми бизе базарда, же көчөдө отуруп алып сынап эле атабыз. Көчөдө да жөн баспайбыз,таштандыларды туш келди ыргытабыз. Тартипке таптакыр көнгүбүз келбейт,анан башкаларды эле сынай беребиз
06.05.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Назакедей (тентуштары ушинтип атайбыз) президент болуш кыйын биздин ажоолор ал ойлогондун бир болугун да ойлой албаса керек. ушундай иштеп тактыны бербей отурса деле боло берет эле биздин жаны жылдар...
07.05.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
GORDIY.KG,ошондо силер Назарбаевдин тентуштарысынарбы? Кызык...
06.05.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назарбаев ото акылдуу корогоч коч башчы.Аллах бизге да ошондой коч башчыны насип этсе экен. Казактар президенттик шайлоого тан калбай эле. кийинки жылы парламенттик шайлоо болот экен. ОШол себептуу эки шайлоо бир жылда болбойт экенин айтып, кезектен сырткары шайлоо деп атаган. Назарбаевди башка мам-тердин башчылары куттуктады биздин президенттин куттуктаганын айтышпадыго же куттуктаган эмеспи Атамбаев
07.05.2015. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
назарбаевтин бул айтканы путинге тиешелуу емеспи путин казак мамлекет болгон емес деп тантыган еле бирок катыра суйлоптур кечирип койгула деп бирок молодец
07.05.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз татыктуусун кууп жибердик
09.05.2015. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnaz.GS,кимиси татыктуу эле:Акаевби же Бакиевби?
13.05.2015. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i, Бакиев болчу эн жакшысы
07.05.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ощ агасын агалай албаган.жат агасын сагалайт дейтго
09.05.2015. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каримовдун да Назарбаевдин да эли биздей митингке чыга албай ал кыкенди өзбекстанга казакстанга апарып койсоң таш менен кууп чыкса керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо