Алмазбек Атамбаев: «КЫРГЫЗСТАНДА ЖАРЫК ӨЧҮРҮЛБӨШҮ КЕРЕК!»

№652 1-май-7-май, 2015-ж

28-апрель күнү президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеӊештин фракция лидерлери, өкмөт жетекчилиги катышкан Коргоо кеӊешинин кезектеги отуруму болду. Жыйында көйгөйү көп энергетика тармагынын абалы, аны мындан ары өнүктүрүү маселеси каралды.
Өлкө башчы «Өткөн кыш оӊой болгон жок, энергетикадагы талуу жерлерибиз дагы бир жолу оркоюп көрүндү» деп билдирди. Мындай жагдай Кыргызстанды коӊшуларга көз каранды кылып, сырттан кымбат электр энергиясын сатып алууга мажбур кылганын кошумчалаган Атамбаев энергетикалык тармактын азыркы башкаруу системи энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга жараксыз экендигин айтты.
Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев тармактын абалын жакшыртуу үчүн башкаруунун бир нече жолун сунуштады. Алардын ичинде бирдиктүү энергетикалык холдинг түзүү маселеси да бар. Жыйында мамлекеттин энергетикалык потенциалын күчөтүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көӊүл бөлүп, аларды ишке ашырууну тездетүү милдети коюлду. Өлкө башчы «мындан ары Кыргыз Республикасында эч кандай жарык өчүрүлбөшү керек» деди.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
04.05.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келерки кышта коро жатарбыз кудай буйруса, анда да бир шылтоо таап очурушот.
05.05.2015. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bakievdi uwu svettin baasy kymbattatyp jiberdi dep ketiriwtile kana ozgoru andan eki eselep tolop oturabyz. konwularga suunu satpasa keniri ele jetmek.
06.05.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозу менен орок орот деген ушуда.
07.05.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишенесин кыш буткондо светти сатып деле албаптыр деп чыгышты, суу деле анча азайбаптыр деп. Кыш бутту сатып алуу токтоду анан эмнеге да деле кымбат 1,82 тыйын бойдон?
07.05.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы менен сууну сатышса озбекстанга анан кышында светибиз очуп коншу олколордон з эсе кымбат сатып алабызда кыскасы кыйратып иштеп атасынар
09.05.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйраттынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо