ПРЕМЬЕР-МИНИСТРЛИК ҮЧҮН САРИЕВ ШАЙЛООГО КАТЫШУУДАН БАШ ТАРТТЫБЫ?

№652 1-май-7-май, 2015-ж

Кыргыз өкмөтүн 2014-жылдын апрель айынан тарта жетектеп келген Жоомарт Оторбаев өткөн аптада премьер-министрлик кызматтан баш тартып, отставкага кеткен. Адаттагыдай премьер кызматтан кетерин жар салары менен ордуна ким келет деген суроо кызуу талкуулана баштаган.
Бул аралыкта өкмөт башчылыкка келет деп Экономика министрлигин жетектеп келе жаткан Темир Сариев, Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркулов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп келе жаткан Кубатбек Боронов, вице-премьердин милдетин аткаруучу Валерий Диль жана башка бир катар саясатчылардын ысымдары аталды. «Ата Мекен» фракциясы өкмөт башчылыкка талапкер сунуштоодон баш тартты. Ал эми «Ар-намыс» вице-премьерлик кызматтарды аркалап келе жатышкан Валерий Диль менен Абдырахман Маматалиевди сунуштады. КСДП Темир Сариев менен биринчи вице-премьердин милдетин аткаруучу Тайырбек Сарпашевдин талапкерлиги каралып жатканын билдирди.
Талапкерлердин арасынан Темир Сариевдин парламентте колдоосу көбүрөөк болуп чыгып, 29-апрелде коалициялык көпчүлүк Сариевдин талапкерлигин колдой турганын маалымдады. Коалиция жетекчиси Феликс Кулов өкмөттү жетектөөгө ким, кандай критерийлер менен тандалып алынышы керектиги тууралуу өлкө башчысы менен сүйлөшүү болгондугун, ириде премьерликке келчү адам парламенттик шайлоого катышпашы керектиги сөз болгонун билдирди. Демек, премьерлик кресло үчүн Темир Сариев жана анын партиясы парламенттик шайлоого катышпоо убадасын берген. Шайлоодон кийин борттон сыртта калбайбы деген суроо туулат. Темир Сариев үчүн шайлоодон кийинки мезгил боюнча да жооп табылган өӊдүү.
Баса, Сариев өкмөттүн курамында орду бош министрликтерге жаӊы талапкерлерди да көрсөттү. Каржы министрлигине Адылбек Касымалиев, Экономика министрлигине Олег Панкратов, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Аргымбек Малабаев келмей болууда.
Гезит басууга кетерде Жогорку Кеӊеш өкмөт башчылыкка Темир Сариевдин талапкерлигин жактырды.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
04.05.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еех атандын кору дунуйоо келечегибиз кандай болот екен мындай кетиште
04.05.2015. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dagy bir jep jutar kelet ekenda. ech onolbodukko
04.05.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бири бирин шайлай беришеби? Анан конечно булардын жегендери ачыкга чыкпайт. Мен Жапаров келип премьер же президент болгондо гана, КР онуго алат деп айтмакчымын.
05.05.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Точно жанакы куудулдардай эле болуп калды, Которулсо озгорулуп калышат, тушуруп койсо Оппозицияга кошулуп алат.
05.05.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Темир Сариевди колдойм жана татыктуу жакшы иш алып барат деп ойлойм.
06.05.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ ХХХ адам кантип Өкмөт башчы болуп калды? ХХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-05-06 16:00:37
06.05.2015. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kara-kulzha,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
07.05.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимиси келсе деле олко учун иштешсин, жыйынтык чыгарышсын, бирок качып эмес))))((((
20.05.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоомарт Оторбаев эркек экен колуман келбеди деп кетип калды. ал айтканго кумтор маселесин чече турган окмот келсе ордуму бошотуп берем деп мына бошотуп берди эми чече турган, иштей турганын шайлашпайбы. Сариев экономика министири болуп журду кана экономикабыз остубу ошонун убактысында жок жок жок эми ошол окмот болуп кыйратабы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо