КҮРҮЧТҮН СУУСУ СУЛУУЛУГУӉУЗДУ АРТТЫРАТ

№653 8-май-14-май, 2015-ж

Кымбат баалуу косметика колдонуп, бирок натыйжасын көрө албай жүрөсүзбү? Анда сиз табигый азыктарды пайдаланып көрүӊүз. Азия өлкөлөрүндө кеӊири колдонулуп келген күрүчтүн суусу менен бетти агартып, чачтын сапатын жакшыртып, ал тургай арыктай да аласыз.

ЧАЧ ҮЧҮН
Күрүчтүн суусунда С, Д, Е витаминдери чачтын түбүн азыктандырып, көркүнө көрк кошот. Өӊү жылтырап, сапаты жакшырып, чач тез өсө баштаганын байкайсыз.

Колдонуу
Бир чыны күрүчтү сууга жууӊуз. Күрүчтүн суусу тунук болуп калганда жууганды токтотуп, 2 чыны сууга 15 мүнөт чылап коюу керек. Андан кийин күрүчтүн суусун башка идишке куюп алып, үстүн жаап, караӊгы бөлмөгө 2 күн коюп койсоӊуз болот. Эки күндөн кийин карасаӊыз суу бир аз коюу тартып калат. Сууну чачтын түптөрүнө сүйкөп, 15-20 мүнөттөй жуубай туруу керек. Андан кийин чачты шампунь колдонбой, жөн гана жылуу сууга чайкап коюӊуз.

БЕТ ҮЧҮН
Бет кургап, серпилгичтиги жоголуп бара жатканда бул ыкма сизге жардамга келет. Күрүчтүн суусунун курамындагы минералдар жүзүӊүздү серпилгич кылып, тазартып, жумшак кылып коё турган сапатка ээ.

Колдонуу
Сыр идишке бир чыны күрүчтү салып жууп, үстүн көмө суу куюп, 15 мүнөт чылап коюӊуз. Бул учурда витаминдер жана минералдар сууга чыгат. Сууну күрүчтөн бөлүп куюп алып, жүзүӊүздү ал суу менен жууп, 1 мүнөт жеӊил массаж кылып сиӊирип, андан кийин жылуу суу менен чайкап салыӊыз. Ашып калган сууну муздаткычка салып, 5 күн аралыгында колдонсоӊуз болот.

БЕЗЕТКИГЕ КАРШЫ
Безеткиге каршы япондор колдонгон күрүчтүн ачыган суусун колдонуп көрүӊүз.

Колдонуу
Күрүчтүн суусун ачытуу жолу менен да пайдаланса болот. Күрүчтү таза жууп, көмдүрө суудан куюп отко коёбуз. Кайнап баштаганда суусун бөлүп алып бир күнгө тыныктырып коюу керек. Ачып келе жатканда 5 мүнөт катуу кайнатып, суутуп, аны менен бетти дайыма жууп туруу зарыл.

ИЧ ӨТКӨК ҮЧҮН
Күрүчтүн суусу ич өткөк оорусунун ал дын алат. Дарыканадагы тизилген дарылардан көрө күрүчтүн суусу кичине балабы, чоӊбу, ичи өтүп жатканда жардамга келет.

Колдонуу
Бир жарым литр сууга жуулган эки-үч аш кашык күрүчтү салып, жай отто кайнатуу керек. 40 мүнөттөн кийин муздатып, дакиден өткөрүп алыӊыз. Даяр болгон сууну жарым стакандан 2-3 саатта бир ичип туруӊуз. Суу ичегилердин иштешине жардам берип, тез эле ич өткөктү басат. Кичине балдарга 2-3 аш кашыктан берүү зарыл.

АРЫКТОО ҮЧҮН
Ашыкча салмак сизди кыжалат кылып жаткан болсо, күрүчтүн суусу жардамга келет. Бул ыкма ашыкча салмактан гана арылтпай, кошумча энергия да кошот.

Колдонуу
1 чыны күрүчтү жууп, үстүнө 3-4 чыны суу куюп 2-3 саатка жай отко коюу керек. Даяр болгондо сууну оттон чыгарып, суугандан кийин дакиден өткөрүп алыӊыз. Сууну күнүгө эртеӊ мененки тамактын ордуна 1 стакандан ичишиӊиз керек (бир апта ичип көрүӊүз, саламаттыгыӊыз жакшы болсо узартсаӊыз болот). Эгер суунун даамы жок болуп жатса бир аз туз кошуп коюу оӊ.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(32)
11.05.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарайт жарайт.
11.05.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенештер экен.
11.05.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super rahmat
11.05.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык сорттогу куручтор боло берет бекен
11.05.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4ok4oloi, саламатсызбы! Кадимки эле ак күрүчтү колдоносуз
11.05.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боюнда бар аял куручтун суусун ичсе эч нерсе болбойбу? Балага зыян эмеспи? Маалымат берип коюнуздарчы Супер инфо,сураныч!... алдын ала рахмат
11.05.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AykaMer, саламатсызбы! Ушул сыяктуу суроо же суранычтар болсо kenesh@super.kg дарегине жазып жөнөтсөңүз болот.
Модератор admin_media түзөттү 2015-05-11 15:19:37
11.05.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толук жазбаптыр, куручту муздак сууга жууйбу же жылуу суугабы
11.05.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sezimay, саламатсызбы! Муздак суу менен жууш керек.
11.05.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муздак сууга жууйт анан ак куруч менен озгон куручунон башкасы
12.05.2015. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meinu, тушунбодум ак куруч мн озгон куручунон башкасы депсин ошондо кандай куручту?
11.05.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенештер
11.05.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керемет дары екен ар дайым тапкалы да, жумшагалы да боло турган.
11.05.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнатып туз, айран кошуп сууктук катары ичебиз го ошонун да дарылык касиети болуп,энергия берет болду бекен
12.05.2015. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы күнүнө канча жолу жуйт экенбиз бетке айтып койо аласыздаарбы?
12.05.2015. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен буларды дайым эле колдонот болчумун, бирок мындай пайдалуу витаминдер бар экенин билбептирмин. Рахмат. Super info...
12.05.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арыктоо учун колдонгондо ар дайым эрте менен 1 стакандан ичеби?
12.05.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Farida80, ооба, бирок мен ошентип бир жума ичтим эле ашказаным ооруп кайра начарлады ден соолугум. Ээн жакшысы эрте мн 8:00 обедте 13:00,кечки саат 18:00 тамактануу керек бирок аз аздан тамактанып койслнор ошол диета бизге.))))
12.05.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Farida80, ичет
12.05.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир аптага канча литр куручтун суусу керектелет жана жарактуу мооноту канча кун? Бир аптада канча килограм арыктаса болот?
13.05.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок кээ бир беттерге жакпайт ошону билип анан пайдаланыш керек
13.05.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куручтун суусу адамды озортуп жиберет ашказанды оорутат!жазып койсо эле пайдалана бериштин кереги жок
13.05.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдонуп коробуз, натыйжасы жакшы болот деп ишенебиз.
14.05.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чач учун болгондо кунуго ушунтип жууй берсе болобу?
15.05.2015. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу суперчилер. Кантип семирсе болот ошол жонундо да кеп кенеш айтыныздарчы суранам
15.05.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Artyr1994, коп коптон тез-тез тамактанып турунуз куурулган майлуу колориялуу тамактарга кобуроок басым жасасаныз семиресиз
15.05.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да мурунтан гуручтун суусуна бетимди жууп турчу элем , безеткилерди да болтурбоого он таасир берет. Жарайсыздар рахмаат Супер инфо
15.05.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куручтун суусун кантип ачытат
16.05.2015. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат сонун кенеш
16.05.2015. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahmat jakshy kenew eken
21.05.2015. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоон рахмат кенешиниздерге
21.08.2015. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арыктоо учун кундо свежый жасоо керекпи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо