ЖЕЛИМ БӨТӨЛКӨЛӨРГӨ ЭКИНЧИ ӨМҮР БЕРИӉИЗ

№653 8-май-14-май, 2015-ж

Ичиндеги суусундугу бошогон желим бөтөлкөлөрдү ыргытып жибербей, аларга экинчи өмүр тартуулоого болот. Ал үчүн фантазия жана бир аз эмгек керектелет.

ГҮЛ ЧЕЛЕК
Керектүүлөр:
Желим бөтөлкөлөр (ар кайсы өӊдөгү), кык аралаш топурак, гүлдүн көчөтү же уругу, курч кайчы же бычак жана жип. Жип жок болсо зым деле боло берет. Кааласаӊыз кээ бир бөтөлкөлөргө ашкөк, петрушка, жалбыз өстүрсөӊүз болот. Гүл челек алат элем деп акча да коротпойсуз.

Даярдоо, кесүү
Бөтөлкөлөрдүн боорун сүрөттөгүдөй кылып кесип алуу керек. Анан кесилген жерлерге жакын өйдөдөн жана ылдыйдан тешик жасап, ал жерлерден жипти (же зымды) өткөрөсүз. Бөтөлкөлөр төмөнгө жылып кетпеши үчүн ылдыйкы тешиктин түбүнөн жиптердин учун түйүп коёсуз.
Эгер зым колдонсоӊуз, анда ылдыйкы тешиктин түбүнө шайбаны коюп, зымдын учун 2-3 ирет толгоп бурап коёсуз.
Кезек бөтөлкөнүн ичине топурак аралаш кыкты салып, көчөттү отургузууга (же урукту себүүгө) келет. Даяр болгон гүл челектерди керектүү жерлерге илип коё бересиз.

ЖАСАЛМА ПАРНИК
Бул үчүн 1,5 же 2 литрлик желим бөтөлкө жана бир жолу колдонулуучу тегерек желим контейнер (адатта соус үчүн колдонушат) керектелет. Бөтөлкөнү 2ге бөлүп кыркып, капкагынын 4-5 жеринен тешиӊиз. Эми үстүнкү бөлүгүн ылдыйкы бөлүгүнүн ичине салыӊыз. Ичин топурак менен толтуруп, керектүү урукту (гүл же жашылча-жемиштин) сепкенден соӊ суу себелейсиз. Эми контейнерди капкак ордуна көмкөрүп коёсуз. Карап-багуу иштерин андан ары улантып кете бересиз.

КӨК ШИБЕР СУГАРУУ ҮЧҮН
2 литрлик желим бөтөлкөнүн ар жеринен тешип, шлангдын башына изолента менен бекитип койсо, суу чачыраткыч даяр. Шибериӊизди сугара бериӊиз.

ГҮЛ ЧЕЛЕКТИН БАШКА ТҮРҮ
Бөтөлкөнү сүрөттөгүдөй кылып кесип аласыз. Сугарганда ашыкча суулар агып кетиши үчүн бөтөлкөнүн түбүн 4-5 жеринен ысытылган мык менен тешип коюӊуз. Ичине топуракты салардан мурун майда таштардан бир катар тизиӊиз. Анан гүлдүн же көк чөптөрдүн уругун сээп, же көчөтүн отургузуп өстүрө бересиз.



ВАЗА
Жаӊы үзүлгөн гүлдөрдү салууга желим ваза жасоо үчүн бөтөлкөнүн баш жагын кыркып аласыз. Анан аны жип менен арчындап байлап, керектүү жерлерге илип коёсуз. Албетте, ичине суу куюп, гүл салууну унутпайсыз.

КАШЫК САЛГЫЧ
Формасын сүрөттөгүдөй кылып кыркып туруп, мыкка илип койсо кашык, айры, чөмүч салгыч даяр. Бул айрыкча дачада колдонууга ылайыктуу.

ДУШ ҮЧҮН ЛЕЙКА
Желим бөтөлкөнүн түбүн мык менен тешип, оозун изолента менен шлангга бекитебиз. Муну душта убактылуу пайдаланууга болот.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(12)
11.05.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Желим ботолкодон жип жасаса да болот. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-05-11 11:56:50
11.05.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hairullo,
Башка сайттарды жарнама кылууга жол берилбейт! 3 күн банга!
11.05.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ukmuw go;)
11.05.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун го )
11.05.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык экен адамдардын ойлобогону жок э.Мага гул челек дегени жакты кооп кылып ар нерсени эгип тизип илип койуптурго ))).
11.05.2015. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ атыр (роза)гулун остуруу жолун да билип берсенер жакшы болмок тамырсыз сайып эгишетко ошого кантип кам коруу керек биз эккенде (тамырсыз) бучурлоп коктогондой болот дагы бир кыштан кийин жазда кургап калган болот быйыл дагы эктик коктоп кетсин деп отурат апам алдын ала Рахмат билип берсениздер
18.05.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kirgizstan, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
11.05.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен)))
11.05.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Азыркы заманда эч ким мындай жасап колдонбойт.
12.05.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ бул суротторду кантип кененирек корсок болот бул жактан толук эмес корунуп жатат
12.05.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baymat, саламатсызбы! Интернетиңиздин ылдамдыгынан көз каранды. Башка браузер менен аракет кылып көрүңүз.
15.05.2015. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда жазыптыр го эч ким колдонбойт деп,тескерисинче абдан көп нерсе жасап алыщат экен. Будда монахтары көптөгөн бөтөлкөнүн жардамы менен көпүрө жасашыптыр. Дагы бирөө винонун бөтөлкөнсүнүн пробкасы менен кресло жасаган экен.Иши кылып колуңдан келсе, анан каалооң болсо, бөтөлкөдөн да, башка нерседен да көп нерселерди жасап алууга бюолт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо