БОЛГАР КАЛЕМПИРИН КАНДЫРА СУГАРУУГА БОЛБОЙТ!

№654 15-май-21-май, 2015-ж

Мекени Америка болгон болгар калемпири даамдуу жана пайдалуу жашылча. Аны эгип, түшүмүн сатуу менен бизнес жасоого болот. Бул жааттагы кеӊешти Чүйдүн Аламүдүн районунун Степное айылынын тургуну Шайбек Ормонов бермекчи.

ПАРНИК (50 сотых жерге көчөт үчүн)
Азыр парник өстүрүүгө кеч болуп калгандыктан болжол менен 65 000 даанадай көчөттү сатып алуу керек. Бирок дааналап албай, калемпир эгилген парниктерди дүӊүнөн
баалап сатып алып тиксе арзан түшөт.
Парникти кийинки жылы эгем дегендерге кеӊеш. Узундугу 10 метр, туурасы 1 метр болгон 5 парникке таттуу кызыл болгар калемпиринин ташкент сортун эгем. 4-5 күндө бир суу сээп турам. Урук 15-20 күн дегенде өнүп чыгат. Арадан 25-30 күн өткөндө көчөттүн бою 20 сантиметрдей болуп, талаага отургузганга жарап калат. Бул аралыкта 2-3 ирет отолот.

КӨЧӨТТҮ ОТУРГУЗУУ, ӨСТҮРҮҮ
Эни 70 сантиметрден салынган жөөктөр алгач сугарылып, эртеси көчөттөр 8-10 сантиметр аралыкта отургузулат. Тигилип бүтөр менен суу коюлат. 2-3 күндөн кийин кайра сугарылат. 3-4 күндөн соӊ 2 кап селитра жөөктөрдүн ичине чуурутуп себилип, кетмен менен калемпирлердин түбүнө топурак үйүлөт. 1 аптадан кийин түптөрүн жумшартып, чөбүн чабасыӊ. Кезек жалбырагы менен азыктандыруучу каражатты (нутривант) чачууга келет. Арадан 12 күн өткөрүп, культивация жасалып, сугарылат. Ошентип талаа иштери улана берет.
Негизи болгар калемпири 90 күндө бышат, бул аралыкта селитра 2 ирет берилет. Башкача айтканда, калемпир гүлдөйүн деп калганда жана жаӊыдан түйүп баштаганда. Жалбырагы менен азыктандыруучу каражат 6 жолу берилет (ар бир 15 күндө). 12 ирет сугарылып, 2 ирет чабылат (көчөттүн тигилгенине 12, анан 28 күн болгондо). Культивация 3 ирет жасалат (көчөт отургузулгандан 26 күн дегенде, андан кийин аралыктарын 7 күндөн кылып 2 жолу). Эгер калемпирлер карайып ооруй баштаганы билинсе, анда ооруга каршы дарыны сууга кошуп, чачууга туура келет.
Эскерте кетчү нерсе, калемпирди абдан кандыра сугарууга болбойт. Антип сугара берсе кийин быша баштаганда соолуп калат. Андыктан сууну жөөктүн этегине чыккандан бир аздан кийин эле токтотуу кажет.



КИРЕШЕ
50 сотых жерден жакшылап карап-бакса орточо эсеп менен 15-20 тонна түшүм алууга болот. Дүӊүнөн килограммын 20-25 сомдон өткөрөсүӊ. Ошондо орточо эсеп менен 17 тонна (же 17 000 килограмм) алынды жана 20 сомдон өткөрүлдү дейли. 17 000x20=340 000. 340 000-74 700 (чыгаша)=265 300 сом. Бул таза киреше (көчөттү сатып алганда).

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
19.05.2015. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат,абдан жакшы кенеш экен..ар бир санда дыйканчылыка байланыштуу кенеш берип турунуздарчы пайдасы чон болсо керек..
19.05.2015. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин кол ороонундо остурсо болот болду бекен?бышып жетилеби?Ким остуруп корду биз жакта?
20.05.2015. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кол шартында остурсонуз болот бирок коломду аянтка остуруу чыгашага учурап каласыз. Бирок кечкиси суук кундор да болуп калат. Ал учун иймектерди жасап эгер колунузда зым жок болсо жыгачтар мн жасап андан сон эрте бышкан сорт же гибриддерин остуруп алсаныз болот.
21.05.2015. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх туйшугу копко мунун мен керектуу чыгашасын котороюн пайдасын тен экиге боло турган дыйкан болсо кана.
22.05.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bors, оой женил жагына качырасын да. Жанагы жомоктогу аюдай болуп, дыйканды иштетип коююп озу кузундо болушкону келет го
24.05.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочотко кеткен чыгымды кошкон эмес го 11000 сомду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо