БИР-БҮРКҮМ

№654 15-май-21-май, 2015-ж

  •  Бишкек жана Ош шаарларында ЭКСТРЕМИСТТЕР акция даярдап жатат деп таратылган маалыматтан улам кармалган 3 адам 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу ИИМ билдирди. 
  •  Ар-намыс фракциясынын лидери ФЕЛИКС КУЛОВ: «Мен сөзсүз күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого талапкер катары катышам. Биздин партия шайлоонун алдында башка партиялар менен да бирикпейт»,- деди.
  •  Өлкөдө 100гө жакын минералдык суу чыккан БУЛАК бар. Учурда аны ЕАЭСтин өлкөлөрүнө экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат. 
  •  Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында, 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып окуучулар БИРДИКТҮҮ МЕКТЕП ФОРМАСЫН кийүүгө милдеттүү болот. 
  •  Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө ЫМЫРКАЙ эӊ аз Бишкек шаарында, эӊ көп Нарын, Талас жана Баткен облустарында төрөлөт. Бул көрсөткүч бир аялга туура келген наристелердин санына жараша эсептелген. 
  •  «КЫРГЫЗ ИЗИ» деген долбоор старт алганы турат, анда жаш активисттер жакынкы 5-6 жылдын ичинде 5 материкти жөө кыдырып чыгышмакчы. 
  •  Кыргызстанда КАЛКТЫН САНЫ 2015-жылдын 1-мартына карата 5 миллион 912 миӊ адамды түздү. Бул тууралуу 13-майда Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.
  •  ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиевдин айтымында, СИРИЯДА болуп жаткан жарандык согушка Кыргызстандан 352 жаран кетип, ичинен 31и каза болуп, бешөө мекенине кайтып келген.
  •  20-майдан тарта АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮКТӨР 10 жылдык убакытка бериле баштайт. Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, айдоочу жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн күбөлүгүн алмаштыргысы келсе, тиешелүү арыз менен кайрылып, эч кандай сынаксыз ала алат. 
  •  Бишкекте 1-апрелден баштап жылытуу жана ысык сууга болгон ТАРИФ жогорулады. Калк үчүн жылытуу энергиясынын 1 гигакалориясы 917 сомдон 1134 сомго, 1 метр куб суу 48 сомдон 64 сомго көтөрүлдү. 
  •  Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ «Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндө» жарлыкка кол койду. 1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги «Кутадгу билиг» («Куттуу билим») эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
  •  Борбор шаардагы КОРОО ШЫПЫРУУЧУЛАРДЫН маянасы совет доорунан бери өзгөрө элек. Алар 100 чарчы метр үчүн 2 сом 85 тыйын алышып, айына орточо 7 миӊ сом колдоруна берилет.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо