«РЭКЕТИР-2»: ӨТКӨН ӨЗҮНҮН ӨЧҮН АЛАТ

№655 22-май-28-май, 2015-ж

Кино сынчылары жана фильмдин жаратуучулары бул тасма көптөн күттүргөн казакстандык долбоор экенин бир ооздон белгилешүүдө. Саян аттуу каарманы жана өзгөчө саундтреги менен эсте калган «Рэкетир» тасмасынын уландысы жарык көрүп, элдин бүйүрүн кызытып турган чагы.

«РЭКЕТИР» САЯНДЫН ЖАРЫМ ЖАН ЖАТКАНЫ МЕНЕН АЯКТАГАН ЭЛЕ
Казакстандык режиссёр Акан Сатаевдин «Рэкетир» аттуу тасмасында башкы каарман Саян Беккаримов (Саят Исембаев) жашоо сүртүмдөрүн өзү баяндап берип отурат. Ал Алматыда советтик интеллигенттердин үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн жөнөкөй жигит. Келечектен көптү үмүттөндүргөн мушкер окуусун таштап, ийгиликке өзүнүн муштуму менен жетүүнү ойлоп, жергиликтүү кылмыш чөйрөсүнө аралашат. Жеке соодагерлерден акча өндүрүү, тоноо анын ишмердүүлүгүнө айланат. Бир күнү бул жашоодо ар бир кылганы үчүн жооп бериши керектигин түшүнөт. Бирок кандай жол менен, өмүрү мененби?..
Үйүнүн алдынан бейтааныш үчөө Саянга бычак малып, кансыратып таштап кетет. Ошондо мушкер: «Баары бүттү, менин жашоом мына ушундай. Эч кандай өзгөчөлүк жок. Билбейм, эгер мага дагы бир жолу өмүр сүргөнгө мүмкүнчүлүк берилсе башкача жашамак белем, айта албайм. Бирок баары кеч. Апамды аяйм, ал ыйлайт да. Суук боло баштады. Азыр көзүм жумулат», -деген сөзү менен биринчи бөлүм соӊуна чыгат. Мында башкы каармандын каза тапканы ачык көрсөтүлбөгөнү менен тагдыр экинчи өмүр тартуулап, адилеттүү жаза алганга мүмкүнчүлүк берет. Анын жашоосу кандай уланат? Мунун баарын «Рэкетир-2: Өткөн өзүнүн өчүн алат» («Рэкетир-2: Прошлое не отступит») тасмасынан көрүүгө болот.

САЯН ТИРҮҮ КАЛДЫ
Жаӊы тасманын сюжети боюнча кримтөбөл Русландын трагедиялуу өлүмүнөн кийинки 10 жыл өткөнү баяндалат. Анын жакын жардамчысы, өлүмдөн аман калган Саян эски «ишмердүүлүгүнөн» оолактап, жаӊы жашоо баштайт. Күтүлбөгөн жерден ага Русландын иниси Була келип, агасынын өчүн алуу сунушун айтат. Саян баш тартат. Ошентип Була агасынын өлүмүнө тиешеси барлардан өч алууга жалгыз киришет. Тайманбаган жигит жалгыз көздөгөн максатына жакындап калганда, жолунда таш боор өлтүргүч пайда болот. Ал эми Саянда эки чечимдин бирөөсүн кабыл алышы керек болгон оор кырдаал түзүлөт. Булага жардам берүү же жашоосун көлөкөнүн астында улантуу...

КРИМИНАЛДЫК ДРАМАНЫН ЧЕБЕРИ АКАН САТАЕВ
Кинонун режиссёру Акан Сатаев 1971-жылы Карагандада туулган. Темирбек Жургенов атындагы Казак улуттук искусство академиясынын кино жана телевидение факультетин аяктаган. Казакстандын режиссёру, актёр, сценарист жана продюсер Сатаев 2003-жылы өзүнүн жеке киностудиясын негиздеген. 2014-жылы элдик добуштун жыйынтыгы менен Казакстандын киноиндустриясынын мыкты ишмери деп табылып, «Элдин сүймөнчүлүгү» улуттук сыйлыктын лауреаты болгон. Криминал драмалардын чебери атыккан А.Сатаев «Рэкетир», «Рэкетир-2», «Адашкандар», «Эр жүрөк. Миӊ бала», «Ликвидатор» тасмаларын тарткан. Анын ичинен «Рэкетир» фильми 2007-жылы популярдуулукка ээ болуп, Казакстанда 4 миллионго чукул көрүүчү чогулткан. Мындан тышкары Кыргызстан, Орусиянын кинотеатрларына прокатка коюлган. Эл аралык «Евразия» кинофестивалында көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү сыйлыгына татып, Казакстандагы Кинематографисттер союзунун «Жылдын мыкты тасмасы» наамын алган. 2014-жылы режиссёр Акан Сатаев чуу көтөргөн бул фильмдин экинчи бөлүмүн тартууга бел байлайт. Тартуу иштери Астана, Алматы, Чымкент жана Карагандада орун алган.
Криминалдык драманын уландысына белгилүү актриса Асел Сагатованын уулу Алдияр да тартылган. Биринчи бөлүгүндө актриса башкы каарман Саяндын сүйүктүүсүнүн образын жараткан эле. «Менин уулум алты айлык кезинде биринчи жолу тасмага тартылды. Ал менин каарманымдын баласынын ролун ойноду. Тартуу аянтчасында кичинекей актёр бардыгы менен достошуп, баарына жылмайып, бир жолу да чырдаган жок. Эми аны чоӊ кинотеатрларда көрүп суктана алабыз. Баламдын кинодогу дебюту анын келечектеги кесиби экенинен кабар бербейт. Уулум өзүнө жаккан кесипти тандайт», – деп билдирген.
Ал эми Саят Исембаев тасма тууралуу: «Мен биринчи бөлүгүндө оор жаракат алып, кансырап жатып калганыма байланыштуу тасманын уландысында арабага отургузуп коюуну каалашкан. Режиссёр менен талкуулагандан кийин Саянды ден соолугу чыӊ бойдон калтыруу чечими чыкты. Ошентип уландысында каарманым салмак кошуп алып аткарат, бирок режиссёр менден арыктоону суранган эле»,- дегени бар.

Тасмага Асел Сагатованын уулу Алдияр да тартылган.

Фильмдин режиссёру Акан Сатаев.

Тасмадан кадр.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(19)
25.05.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино.
25.05.2015. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернетке чыкканбы?
25.05.2015. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Topcubai,жок кинотеатрда 28 майдан баштап корсотулот
30.05.2015. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пираттар алга !!
25.05.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качан чыгат болду екен биринчи серясын коруп тажабайсынго кайра кайра коруп
25.05.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
батырак интернетке жуктолсо экен кинотеатрга барганга шарт жок биз жакка келбейт дагы кинолор анча мынча эми супердин кинозалынан элдин акырында кором экенда, кинотеатрдан коргон эн сонун эле! Бул кино анан Саян аябай жагат!
25.05.2015. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кино.
25.05.2015. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4-5 ай театрда болот.. сентябрьларда интернетке чыкса керек
25.05.2015. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончо кутобузбу эми агатай.
26.05.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо качан Ошко дегеле Кыргызстандын кино театрларына качан коюлат айтып коюнуздарчы?
26.05.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жаккан киноо
26.05.2015. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эртеле чыксын коробузда эми
26.05.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернетке чыканын кутпой кинотеатрга барып коргуло канча деген мээнет кеткен,канча деген каражат кеткен ошол кинону кинотеатрга барып корсок салым кошкон болобуз, жакында Ош шаарына да келет буйруса коросуздор.
27.05.2015. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кыргыздар качан ушундай кино тартабыз даже дунгурогон Курманжан датка кинобуз супсак кыска.
29.05.2015. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ты че рамсы попутал"
30.05.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчиси биринчисине жетер бекен эми?
31.05.2015. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kinoteatrda baasi kancha boldu eken
01.06.2015. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернетке эбак эле чыккан
21.06.2015. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо соонун кино 4 жолу кордум кайра кайра
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо